Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Кыргыз медицинасы: Катардын акчасы кармашка себеппи?


Алымкадыр Бейшеналиев жана Сабырбек Жумабеков.
Алымкадыр Бейшеналиев жана Сабырбек Жумабеков.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлдү. Бирок анын айланасындагы талаш-тартыш токтой элек. Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамааты кабыл албай жатканы айтылды.

Бул маселе "кызыкчылыгына каршы келген чечимдерге моюн толгоп, кээ бир тармактагы жетекчилер көптөн бери башкарган медициналык мекемелерди энчилеп алган өнөкөт бар" деген талкууну күн тартибине чыгарды.

Сиңирген эмгегин, топтогон аброюн колко кылгандын айынан жетекчилер ондогон жылдар бою ордунан козголбой, бийлик менен жакшы ымаланын айынан медициналык мекемелерди ээлеп, өз чөйрөсүн түзүп алган система калыптанып калганы сөз болууда. Талдоочулар бул жагдайда системаны жаңылоо, өзгөртүү оор экенин белгилешти.

Академик аягына чейин турмай болду

Саламаттык сактоо министри 4-февралда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун жоюп, анын базасында көп тармактуу шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын түзүү боюнча буйругун чыгарды. Ага ылайык, медициналык борбор тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлүп, анын жетекчилигине Гулия Кожоакматова, башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөнов дайындалды. Аны министрдин орун басары мекемеге тааныштырууга алып барганда, эмгек жамааты жаңы жетекчини имаратка киргизбей койгону кабарланды.

Кызматынан алынган башкы директор Сабырбек Жумабеков муну министрдин өзүм билемдиги деп эсептейт.

Сабырбек Жумабеков, дарыгер-трамватолог.
Сабырбек Жумабеков, дарыгер-трамватолог.

“Министр өзүм билемдик кылып, жеке буйругу менен килейген илим изилдөө борборун кайра түзүп, жаңы жетекчи дайындап салды. Анын орун басары бул жакка жаңы жетекчини отургузайын деп жатат. Биздин жобо эски болсо дагы өзгөрө элек. Ал Юстиция министрлигинде бекитилген. Жобо боюнча Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун үч уюштуруучусу бар. Министрликтен башка Бишкек шаардык кеңеши менен Бишкек мэриясы. Ошондуктан алар менен акылдашып, мына ошол эски жобону жокко чыгарбай туруп, буйрук менен эле реорганзиация кылган мыйзамсыз. Мыйзамдуу чечим чыкмайынча биз силерди киргизбейбиз. Эгерде президент айтсын. Ал киши “кет” десе, мен кетип калам”, - деди Жумабеков.

Анткен менен 2017-жылы Бишкек мэриясы менен шаардык кеңеш ага караштуу саламаттык сактоо мекемелерин министрликтин карамагына өткөрүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Шаардык саламаттык сактоо департаменти жоюлганы менен ал ченем толук аткарылган эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев болсо Бишкектеги Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборун таркатуу мыйзам чегинде ишке ашып жатканын, министрликтин бул буйругун борбордун директору Сабырбек Жумабеков да жакшы билерин "Азаттыкка" маалымдады.

"Борборду түзүү тууралуу буйрук 2004-жылы чыккан. Ошондо эле бир катар мыйзам бузуулар менен түзүлгөн. Эми анын ордуна травматология жаатында илим изилдөө борборун кайра түзүү же аны ооруканага айлантуу маселесин өкмөт чечери жаңы мыйзамда көрсөтүлгөн. Демек, министрлик эч кандай мыйзам бузган жок", - деди юрист.

Министр кландык медицинага каршы

Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев анын Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык Көп тармактуу клиникалык тез жардам ооруканасына айлантып, кайра түзүү демилгесине Жумабеков жана анын тарапташтары катуу каршы болгонун билдирген.

Мурда баш калаадагы №4 шаардык оорукана 2004-жылы Бишкек шаардык кеңешинин жана мэриянын чечими менен Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору болуп, түзүлүп аны академик Сабырбек Жумабеков жетектеп келет.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев 18 жылдан бери Сабырбек Жумабеков мамлекеттик борбордо өз чөйрөсүн түзүп, өзүнө энчилеп алганын токтотууга убакыт келгенин билдирди:

Кыргызстан. Саламаттыкты сактоо министри.
Кыргызстан. Саламаттыкты сактоо министри.

“Бул борбор Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу каржыланат. Бирок иш жүзүндө мекеме бизге карабайт экен. Шаардык кеңеш аны негиздөөчү боло албайт. Уюштуруучу министрлик гана болушу керек. Бул мекеменин директорун ким дайындай турганын дагы эч ким билбейт экен. Мен аларга бир жылдан бери иштеп жатам. Арыз-даттануулар түшүп жатат. Бирок биз барып текшере албасак, бул жагы кандай болот деген суроону койгом. “Ага киргенден баштап эле акча сурайт” деген даттануулар көп болду. Бир учурда Жумабековдун өзүмчүлдүгүнүн айынан көптөгөн мыкты травматологдор чыгып кеткен. Азыр алар Түркиядан, Орусиядан чалып, келип биздин бул тармакты көтөрүп берүүгө убада берип жатышат”, - деди министр.

Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун тез жардам ооруканасы катары кайра түзүү демилгеси өкмөт менен макулдашылганын айтты.

Кызмат талаш, аксаган медицина

Экс-министр Талантбек Батыралиев бул борборго окшогон дарылоо мекемелерин көптөн бери башкарып, өз чөйрөсүн түзүп, көзөмөлүнө алган бузук системаны “сындыруу” аракети да кезинде катуу карама-каршылыкка дуушар болгонун эстеди.

Анын айтымында, жетекчилер аброюн, эмгегин жана даражасын колко кылып, мекемелерди көп жылдар бою башкарган өнөкөт бул системаны сенектикке алып келген.

Талантбек Батыралиев бул маселени эки тараптын тирешине айлантпай, дарылоону жакшыртууга багытталган системдүү өзгөрүүгө ылайык чечим кабыл алууну сунуштады:

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

“Ким гана болбосун, бизде жетекчи болуп көпкө отуруп калса, кол ийрисине тарта берет. Ошондуктан мында тиешелүү талаптарга таянган система иштеши керек. Мен, Жумабеков же министр деген жеке инсандарга байланбаган системаны түзүп, анын ийкемдүү иштөөсүн камсыздоо зарыл. Түркиянын, Европанын, АКШнын, Жапониянын же Түштүк Кореянын мисалында мамлекеттик дарылоо клиникаларында кандай кыйын жетекчи, кыйын адис болсоң да эки мөөнөттөн ашык иштей албайсың. Система жол бербейт. Бизде системада маселе бар. Бизде абройго же даражага жамынышат. Ошондуктан Акматты алып, Ташматты койсоң деле, ушул нерсе кайталана берет. Азыр экөө тең бирин-бири катуу айыптап, жеке тирештин деңгээлине түшпөй, укуктук негизде мамлекеттик чечим болушу шарт. Жумабеков министрдин ишин сындап, эми гана айтып жатат. Буга чейин ал каякта жүрдү эле? Азыр ал “кетип калам, кызматкерлер да мени менен кетет” деген сөзүнөн кайтышы керек. Мамлекеттик кызматта соодалашууга болбойт. Ал кызмат эч кимдин атасынан калган эмес. Министрдин дагы “коррупция, мафия” деп айтып жатканы оор айыптоо. Аны ал жалпылабай, комиссия түзүп, текшертип, анан канча чыгым болгонун же туура эмес иштер болсо, ырасталган маалыматтардын негизинде гана айтса жакшы болмок. Бирок канткен менен саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик саясатты министр аныктайт”.

Ал эми борбордун башчысы Сабырбек Жумабеков бул демилгени өзү түптөгөн илимий медициналык мекемени министрдин көрө албастык менен жок кылуу аракети катары баалады. Анын айтымында, борбор бийик тоолордо сөөктүн өсүшүн изилдеген уникалдуу илимий жаңылык киргизген. Медициналык борбордо 130дан ашуун илимий ачылыш жасалды. Анын баары патент менен бекитилип, андагы 67 адис-врач илимий диссертациясын жактады. Жумабековдун шакирттеринин 900дөн ашуун илимий эмгеги жарыяланганы белгиленди.

Катардан келчү грант. Инвестияны ким тарткан?

Борбордун башчысы илимий борборду кайра түзүү жетишкендиктерди жокко чыгарып, эл аралык байланыштардын үзүлүшүнө алып келет деп тынчсызданды.

Ошондой эле академик Сабырбек Жумабеков бул борборду өнүктүрүүгө Катардан инвестиция тартканын, министр ага каршы чыгып, анын эмгегинин баарын тебелеп-тепсеп жатканын айтты:

"Катар мамлекети бизге 500 орундук жаңы имарат салып беребиз деп жатат. Бул боюнча келишимди биз алгач министрликтен баштасак, иш деги эле ордунан жылбай койду. Министр кайра тескерсинче, элчини чакырып алып, бузуп жатат. Аны биз ал жакка салдырбайбыз, биз башка жакка салабыз деген негизде. Ушул нерсе биздин министрге жакпай жатабы? Билбейм. Иши кылып, биздин мекемени жоюп, бардыгын өзү гана көзөмөлгө алып, мени кызматтан кетиргиси келип жатат. Кечээ өзү мага «ал долбоорду токтотуп салам, кереги жок бизге андай долбоордун» деп ачык эле айтты. Ал кишиде «эмнеге мен Жумабековдой боло албайм?» дегендей ой бар окшойт. Өтө пас мамиле кылып жатат. Мени жерге түшүрүп, таптап, тебелеп жок кылгысы бар", - деди академик Жумабеков.

Анткен менен ошол эле кезде экс-министр Талантбек Батыралиев академик Жумабековдун ал жеке өзү Катардан 10 млн. доллар инвестиция тартып келип жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Ал министр кезинде 2016-жылы эле долбоор иштелип чыгып, Дохадан колдоо тапканын, бирок ал кызматтан кеткен соң, Жумабеков бийликтеги таасирдүү тараптар аркылуу аталган гранттык каражатты башка багытка буруп кеткенин белгиледи.

"Мен министр болуп турганда 2016-жылы Катарга барып, сүйлөшүү жүргүзгөнбүз. Анан 2017-жылы мурда жетишилген макулдашууга ылайык, Кыргызстандагы кан ооруларын айыктырууга жардам берүү үчүн онкогематологиялык оорукана ачуу боюнча аны жабдык, өнүктүрүүнү караган 5 млн. доллар гранттык жардам алуу боюнча долбоор иштелип чыгып, Дохадан колдоо тапкан. Кийин биз БУУ аркылуу дагы кошумча 5 млн. доллар сураганбыз. Ошону менен 10 млн. долларлык долбоор болчу. Мен министрликтен кеткенде аталган долбоор башка тарапка ооп кеткен. Мен муну менен трамватологияны өнүктүрүү керек эмес деп айткым келбейт. Жол кырсыктары көп болуп жатат. Бардык аймактарда анын заманбап бөлүмдөрүн ачуу зарыл. Оор оорулардын бардыгын эле Бишкекке ташый берүүгө болбойт".

Улуттук медицина борборлору кимдердин колунда?

Бишкек Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору бир абройлуу академиктин таасиринде калган жалгыз медициналык мекеме эмес. Бишкектеги М.Миррахимов атындагы Улуттук каридология жана терапия борбору менен М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору сыяктуу мамлекеттик медициналык мекемелер иш жүзүндө аталган абройлуу адамдардын жана алардын жакындарынын карамагында калганы айтылып келди.

Ал тургай мамлекеттик клиникалар менен эмканаларда жеке менчик дарыканалар менен лабораториялар ачылып, алардын аймагынан жер тилкелери өөнөлүп, сатылган учурлар ашкере болгону белгилүү.

Профессор Зиябидин Айдаров бул нерселер кыргыз медицинасы үчүн салттуу көрүнүшкө айланып калганын айтты:

"Мыйзам боюнча негизи жетекчилерди негизи алмаштырып, которуштуруп туруу керек болчу. Бирок бизде бир жерде 20-30 жыл иштеген жетекчилер бар. Дарылоо мекемелерин жаңылап, аларда өзгөрүү жасап, кан алмаштырып туруу үчүн жетекчилер алмашып турганы жакшы. Бирок бизде азыр медицинанын ар кайсы тармактары боюнча мамлекеттик дарылоо жайларын ар бир абройлуу дарыгер аркылуу ар кайсы топтор ээлеп алган. Хирургияны бирөө, терпапия-кардиологияны экинчиси, травматологияны дагы башкасы илгертен бери эле ээлеп алган. Жеке менчиктей болуп эле, мамлекеттин мекемесин, анын жер тилкесин, мүлктөрүн кайсы бир топтор ээлик кылып келди. Азыр эми көп тармактуу заманбап үлгүдөгү мамлекеттик дарылоо мекемеси болгону дурус. Ал эми илимий иштер өзүнчө мекемелерде жүрүп, өнүгүп турганы максатка ылайыктуу".

Ошол эле кезде көз карандысыз журналист Ыдырыс Ысаков буга чейин академик Мамбет Мамакеев өзүнүн атындагы Улуттук хирургуя борборунун аймагына жеке турак жай куруп, ал тургай өзүнүн уулу Канатбек Мамакеевге көп жылдан бери отурган кызмат ордун мурас кылып калтырып, мекемеге жетекчиликке дайындатып алган көрүнүштү жазып чыккан.

Ал эми мыйзам боюнча медициналык мекемелердин жер тилкелерин менчиктештирүүгө тыюу салат.

Бирок ага карабастан анын абройун сыйлаган ошол кездеги бийлик ага жер тикесин кестирип алууга уруксат берген.

Академик Мамбет Мамакеев оорукананын аймагындагы жер тилкесин акчасын төлөп алганын ырастаган.

Мамбет Мамакеев. Улуттук хирургия борборун түптөөчүлөрдүн бири.
Мамбет Мамакеев. Улуттук хирургия борборун түптөөчүлөрдүн бири.

"Биздин оорукананын аймагы ал кезде ээн талаа болчу. Мына ошол жер бош жаткан эле. Анан ошол кездеги Бишкектин мэри Куловго бардым. Операцияларга тез жетип баруу үчүн тынымсыз ооруканада болуп жатканымды, күнү-түнү ошол жакта болушум керектигин, алыс аралыктан үйгө барып-келүү оор экенин айтып, оорукананын аймагынан жер тилкесин алса болобу деп сурадым. Мэр Кулов мага уруксат бере турганын айтып, “качандыр бир кимдир бирөө сизди оорукананын жерин алып, сарай салып алды деп чыгат. Ошондуктан сатып алыңыз" деди. Мен макул болуп, бардык документтерин мыйзамдуу алып, ошол кезде 300 миң сом төлөп, мамлекеттен бул жер тилкесин сатып алып, үй тургузгам".

Саламаттык сактоо министрлиги каршылыкка карабастан Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн жарыялады. Министрлик мамлекеттик саясат боюнча көп тармактуу тез жардам ооруканасын түзүү учур талабы болуп жатканын жүйө келтирди.

Министрликтин маалыматы боюнча Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы капыстан катуу ооруп же жараат алып, бөөдө кырсыкка кабылгандарды ыкчам, күнү-түнү кабыл алчу көп тармактуу адистешкен медициналык жай болот.

Бир адам менен гана байланышпаган травматология жана ортопедия профили сакталарын айткан министр Алымкадыр Бейшеналиев бир тармакты бир топтун ээлеп алуусуна жол бербөөгө убада кылды.

Ал эми борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков илим менен тажрыйбаны айкалыштырган борбордун тажрыйбасын сактоо үчүн аягына чейин күрөшөрүн билдирди. Борбордо 200гө жакын дарыгер, жалпысынан 800дөй медициналык кызматкер эмгектенет.

Профессор Рысбек Абдылдаев: Кыргыз медицинасы коррупцияга багынып берди. ("Азаттыктын" архиви, 2018-жыл)

Профессор Абдылдаев: Кыргыз медицинасы коррупцияга, коммерцияга багынып берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:35 0:00

XS
SM
MD
LG