Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Министр Бейшеналиев: баламдын коттежиндеги өрттүн себеби белгисиз


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Ысык-Көлдөгү Чок-Тал айылындагы "Париж" пансионатында өрт чыгып, 300 чарчы метр коттеж күйүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги имарат толук күйүп кеткенин маалымдады. Мекеме учурда өрттүн себеби жана чыгымдары эсептелип жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Азаттык" радиосуна өрт чыккан пансионат анын баласыныкы экенин тастыктап, өрттүн себебин билбей турганын айтты.

"Ал жерде эч ким жок болчу. Өрттөсө өрттөп кеткендир. Аны трагедия кылып эмне кылабыз. Чыгым бир топ эле болду. Балким 100 миң доллардын котеджи болгондур", - деди Бейшеналиев.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр 2900дөн ашык өрт кырсыгы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 17% көп. Кырсыктан 40тай киши каза болгон. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар. Адистердин айтымында, кырсыкка көп учурда электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык себеп болот. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG