Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Ипотекалык насыя алгандар президентке кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Керемет банктан" ипотекалык насыя алгандар өлкө жетекчилигине кайрылып, пайыздарды төмөндөтүү маселесин чечип берүүнү өтүнүштү. 4-февралда алардын өкүлдөрү Бишкекте маалымат жыйын куруп, аталган банктан насыя алган 1600 адамдын атынан буга чейин өкмөткө да кайрылып, жооп ала албай койгонун айтышты.

Бийликке кайрылгандардын бири Шайыргүл Рахманованын айтымында, алар кезинде Мамлекеттик ипотекалык компанияда (МИК) кезекте туруп, кийин аргасыздан “Керемет банкка" барышкан. Азыр МИКте пайыздар төмөндөп жатат, ал эми банкта андай жеңилдик жок болууда.

“Насыя алгандар айлыгы аз мугалимдер, дарыгерлер, аскер, почта кызматкерлери. Баары кымбат болуп жатса төлөө кыйын боло баштады. Ооба, убагында биз МИКте мүчө болчубуз, бирок каржылоо жок болгондуктан, айла жок, социалдык ипотекасына макул болуп банкка келгенбиз. Шарттары бирдей эле деп бизге муну МИКтин кызматкерлери өзүлөрү сунуш кылышкан”.

“Биз “Керемет банктын" жетекчилигине кайрылсак, алар “Биз МИКтен тышкарыбыз” деп коюшту. Карапайым эл түшүнбөй да калдык, эмне себептен МИКтин программасы менен алып, кайра банктын системасына түшүп калганыбызды. Пайыздар өтө эле жогору болууда – эң эле азы 7, көбү 10,5 пайыз менен”, - деди кайрылгандардын дагы бири Канат Иманов.

“Азаттык” комментарий алуу үчүн “Керемет банкка" кайрылганда маалымат кызматынан:

“Алар чаташтырып жатышат окшойт. МИК башка, “Керемет банк" такыр башка мекемелер. Акционерлери башка, бизнеси башка. МИК мамлекеттик уюм, ал эми банк коммерциялык банк. МИКте кезекте тургандар социалдык ипотека алабыз деп “Керемет банкка" келишкен экен. Азыр МИКте шарттар өзгөртүлүп жатса керек, анысын так айта албайбыз, эми алар “Керемет банктан” да бюджетте иштегендер үчүн пайыздарды төмөндөтүүнү талап кылып жатышат. Аларды бизге эч ким күчтөп алып келген эмес. Коммерциялык банкка кандайдыр бир төмөндөтүү тууралуу талап кантип коюлсун?”,-деп жооп беришти.

Ошону менен катар маалымат кызматы азыркы учурда банктын негизги акционери Улуттук банк экенин, бирок анын акчага тиешеси жоктугун, ал “Керемет банкты” соңку жылдардагы проблемалык абалдан чыгаруу үчүн гана башкаруу милдетин убактылуу өзүнө алып турганын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга 2022-жылга 5,5 млрд сом бөлүнөрүн, ири шаарлардан гана эмес, облус, район борборлорунан да үй-батир алууга шарт түзүлөрүн, ипотеканын мөөнөтү 10, 15, 25 жылга узартыларын, бул маселе жеке көзөмөлүндө экенин былтыр эл менен жолугушуулардын биринде айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG