Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 8,8 млрд. метр кубга төмөндөдү


Токтогул суу сактагычы. Июнь, 2021-жыл.
Токтогул суу сактагычы. Июнь, 2021-жыл.

7-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд. 840 млн. метр кубду түздү. “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, суу сактагычка секундасына орточо 132 метр куб суу агып кирип, 456 метр куб суу агып чыгууда.

Былтыр март айынын аягында "Токтогулда" суунун көлөмү 8 млрд. метр кубга чейин азайган. Энергетиктер керектөөлөр өскөнүн эске алганда, кыштан кийин - 2022-жылдын 1-апрелине барып, суунун көлөмү 6 млрд. метр кубга чейин азайышы мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

2007-2008-жылдары Токтогул ГЭСинде суу 7-8 млрд. метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. метр куб түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертишет. Өкмөт Токтогул гидроэлектр станциясында (ГЭС) коллапска жол бербей турганын убада кылган.

Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 млрд. метр куб суу батат. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага башка да бир катар дарыялар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башкалар куят. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG