Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Пакистанда согушкерлердин чабуулунан үч аскер мерт болду


Пакистандын коопсуздук күчтөрү ооган чек арасына жакын аймакта, 17-июль, 2021-жыл.
Пакистандын коопсуздук күчтөрү ооган чек арасына жакын аймакта, 17-июль, 2021-жыл.

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясына караштуу Куррам районунда согушкерлердин чабуулунан кеминде үч аскер мерт болду. Бул тууралуу Пакистандын өкмөтүндөгү булак 6-февралда "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-февралдын кечинде Ооганстан менен чектеш бул аймактагы коопсуздук бекетинде атышуу болгон. Андан соң согушкерлер ооган тарапка өтүп кетишкен. Бул окуядан жалпысынан төрт пакистандык жоокер жаракат алды.

Пакистандык талибдердин "Техрик-е Талибан" кыймылы бул чабуул үчүн жоопкерчиликти моюнуна ала турганын билдирди.

Ооганстандагы "Талибан" өкмөтү коңшу Пакистандагы кол салуу тууралуу комментарий бере элек. Буга чейин талибдер Ооганстандын кайрадан согушкерлердин чордонуна айланышына жол бербөөнү убада кылган.

Жакынкы Мали Хел шаарчасынын тургуну Хашмат Али түн жарымына чейин атышуунун добушу угулуп турганын "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна айтты.

Куррам районундагы бул чабуулдан бир нече саат мурда Пакистандын коопсуздук күчтөрү Белужистан провинциясындагы эки аймакты согушкерлерден тазалаганын жарыялаган. Расмий маалыматка ылайык, ал күнү жоочулар армиянын эки лагерине чабуул коюп, андан 9 аскердин өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG