Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Аёосуз сабалган наристе: Зомбулукту ким тыят?


Сокулукта сабалган наристе боюнча кылмыш иш козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:16 0:00

Сокулукта сабалган наристе боюнча кылмыш иш козголду

Сокулукта сабалып ооруканага түшкөн 1 жаш 8 айлык Егордун абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат. Наристени уруп-сабоого шектүү катары жергиликтүү тургун камалды.

Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эки жашка чыга элек наристе колу, буту күйүп, бети-башы, денеси жана жыныс органы көгала так, кесилген абалда түшкөн.

Жума күнү интернетте тараган видеодон колу буту бинт менен таңылган, бети-башында көгала тактар, жыныс мүчөсү жабыркаган эки жашка чыга элек эркек баланы көрүүгө болот.

Кийинчерээк ал Сокулук районунун Егор аттуу тургуну экени, аны ата-энеси 3-февралда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып келишкени маалым болгон. Эртеси күнү наристе травматология бөлүмүнө которулган. Аны атасы карап жатат.

Сабалган наристе ооруканада.
Сабалган наристе ооруканада.

Райондук оорукананын жетекчилиги зомбулук көргөн наристеге бөтөн адамдардын кирүүсүнө тыюу салынганын билдирди. Кандай жагдайдан улам мындай чектөө коюлганын эч ким негиздеп бере албады. Ал жаткан палатаны милиция кызматкери кайтарып отурат.

Наристенин абалын "жакшы" деп баалаган Сокулук райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Азамат Оторбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып анын денесиндеги тактар эмнеден экени аныктала электигин билдирди:

Сокулук райондук оруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Азамат Оторбаев
Сокулук райондук оруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Азамат Оторбаев

- Абалы жакшы. Бетинде, колунда, манжаларында буттарында күйүктөн улам жаралары бар экен. Ал эми жыныс органындагы жараны күйүктөн улам же кесилгенден деп айтуу кыйын. Шишик чоң.

- Эки күн болсо да айта албайсызбы?

- Айта албайм. Соттук-медициналык эксперттер менен биргеликте көрүп, анан жыйынтык чыгарабыз да.

- Канча күндө чыгарасыздар?

- Бир-эки күндүн ичинде билинет. Эртең менен таңуу учурунда көргөм. Түшүнүксүз. Бир жеринде так турат, бир жери шишип кеткен. Шишик көбүнчө күйгөн учурда пайда болот да. Кулагы сынган деп айтуу кыйын. Чоюлушу да мүмкүн. Дароо эле жыйынтык чыгарган болбойт. Консилиум кылабыз.


Зомбулук көргөн Егорду ооруканада карап жаткан атасы Николай Кемалетдинов ал өзү жалданып иштеген мал чарбанын ээси уулун ушундай даражага жеткиргенин айтып жатат. Анын сөзүнө караганда, чарбанын ээси наристеге жана анын апасына көптөн бери эле зомбулук көрсөтүп келген.

Егордун атасы Николай Кемалетдинов
Егордун атасы Николай Кемалетдинов

- Мен ооруканага алып келген күнү жыныс мүчөсүндөгү жара кесилгенден улам экени даана байкалган. Бизди кабыл алган нөөмөттөгү хирург "бул 100% кесилген" деген. Ал "мен тигип коё берем, бирок канчалык терең кесилгенин билүү кыйын" деп айткан. Ушундан кийин мен чындыкты айтайын деп чечтим. Колундагы күйүк тууралуу айтсам, уулум өзү мешти кармап алгандан улам күйгөн. Аны өзүм да көргөм. Буттары болсо, мештин табы көбүрөөк сакталсын деп жанына коюлган таштар бар эле. Ошого ферманын кожоюну "Егор тердесин" деп тургузуп койгондон улам күйүп калды. Менин аялымды да коркутуп алган. Баламды дайыма эле чымчылап же башы менен сүздүргөндө тыялы десек, бизге күч колдонуп же дагы башка басым жасачу.

- Сиз кожоюн менен көп урушчу белеңиз?

- Ооба, көп жолу уруш-талаш болгон. Бүгүн ооруканада менин бутумду рентгенге салсак, манжаларымдын арасына пневматикалык мылтыктын огу калып калганы аныкталды. Кемчилиги тууралуу айтып, же ага каршы сүйлөсөң мылтык менен атчу. Мени эле урбастан, башкаларга да күчүн көрсөтчү.

Николай айыптап жаткан киши жана анын жакындары азырынча комментарий бере элек. “Азаттыктын” кабарчылары зомбулук болгон деген кашарга барып келди. Кашарда жалданып иштеген үч адамдан башка эч ким жок болуп чыкты. Алар чарба ээси бөтөн адамдарды киргизбөөнү буйруганын билдиришти.

Чүй облустук милициясы наристеге зомбулук көрсөттү деп шек саналган адамды 4-февралда убактылуу кармоочу жайга камады.

"Баланы уруп-сабоого шектүү катары анын ата-энесине иш берген 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Наристенин апасынын айтымында, алар ага карыз болуп калышкан. Шектүү Сокулук районунда фермерлик менен алектенет. Тергөө иштери уланып жатат. Керектүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирди Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нургүл Нусупова.

Наристе ооруканадан чыккандан кийин кимдин колунда калары каралып жатат. Егордун апасы коомчулуктун басымынан улам элден качып жүргөнү маалым болду.

Ошол эле учурда баланын чоң энеси аны өз камкордугуна алуу үчүн Орусиядан келатканын Николай Кемалетдинов “Азаттыкка” билдирди.

Мамлекеттик мекемелер болсо бул үй-бүлө боюнча өзүнчө иш-план түзүп, аны менен бирге камкорчу дайындоо жагын караштырууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева буларды билдирди:

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева

“Сокулук райондук акимчилигинин алдында балдар менен иштөө комиссиясы бар. Ошол комиссияда каралып, анан жыйынтык чыгат. Ал эми камкорчу дайындоо боюнча атасы да, энеси да бар болгону үчүн алардын балага мамилеси, жоопкерчилиги үй-бүлөдөгү атмосфера, баары каралып чыгып, анан чечим кабыл алынат”.

Президенттин балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова сабалып ооруканага түшкөн Егордон кабар алды. Ал зомбулук көргөн наристенин үй-бүлөсүн социалдык жактан колдоого алуу боюнча иштерди тез арада уюштурууну жергиликтүү кызматтарга тапшырды.

Ооруканада жаткан наристенин абалы менен Акыйкатчынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков да таанышып чыкты. Анын айтымында, сабалган баланын дагы эки бир тууганы бар экени анык болгон. Үчөөнүн тең документтери жок болуп чыккан. Укук коргоо институту тиешелүү тараптарга балдарга документ берүү маселесин чечүү боюнча кайрылуу жолдогону жатат.

Азарбековдун айтуусунда, баланын атасы, Өзбекстандын жараны Акыйкатчыга арыз жазган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр 417 бала зордук-зомбулукка кабылган, анын ичинен 222 балага күч колдонулган, сексуалдык зомбулуктан 118 бала, психикалык басымдан 77 бала жабыркаган.

ЮНИСЕФ маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгына айланат.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG