Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Харьковдо 5 миңдей адам Орусиянын чабуулуна каршы жүрүшкө чыгышты


Жүрүш учуру. Харьков, Украина. 5-февраль, 2022-жыл.
Жүрүш учуру. Харьков, Украина. 5-февраль, 2022-жыл.

Украинанын чыгышындагы Харьков шаарында беш миңдей адам Орусиянын кол салуусуна каршылыгын жана өлкөсүнүн бүтүндүгүн коргоого даярдыгын билдирип, демонстрацияга чыгышты.

Акциянын катышуучулары 100 метрлик украин желегин көтөрүп, "Украинага даңк, баатырларга даңк!" деп кыйкырышты. Жүрүштү жергиликтүү саясий жана бейөкмөт уюмдар уюштурду. Шаардык кеңештин пандемиялык чектөөлөрдөн улам жүрүшкө тыюу салуу аракетин жергиликтүү сот четке какты.

Акция тынч аяктаганы кабарланды.

Харьковдо танк, авиация жана трактор заводдору жайгашкан, орус-украин чек арасынан 42 чакырым аралыкта турат. Мурдараак украин президенти Владимир Зеленский Харьков Орусиянын бутасы болушу ыктымалдыгын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG