Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Акыйкатчы: Сокулукта сабалган бала мурда да зомбулукка кабылган болушу мүмкүн


Сабалган баланын сүрөтү.
Сабалган баланын сүрөтү.

Акыйкатчынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков Сокулукта сабалган баланын ата-энеси менен жолугуп, кошумча маалыматтарды алды. Бул тууралуу Азарбеков "Азаттыкка" билдирди.

"Баланын кулагынын кемирчеги сынып, 19-январда Сокулукка ооруканага алып келишкен экен. Булар Бишкектеги 3-ооруканага багыттама жазып, жиберишиптир. Бирок ал жакка барган-барбаганы белгисиз. Кулагы эмнеден сынганы аныкталган эмес. Атасы өздөрү колунда иштеген С. А. аттуу адамды айыптоодо, апасы тескерисинче аны актап, күйөөсүнө калтырганын айтып жатат. Бул иште иликтөөнү талап кылган учурлар көп болуп жатат".

Акыйкатчынын аппарат башчысы билдиргендей, сабалган баланын дагы эки бир тууганы бар экени анык болду. Үчөөнүн тең документтери жок болуп чыкты. Укук коргоо институту тиешелүү тараптарга балдарга документ берүү маселесин чечүү боюнча кайрылуу жолдогону жатат.

Азарбековдун айтуусунда, баланын атасы, Өзбекстандын жараны Акыйкатчыга арыз жазып, баласын урган адам мурдатан эле өзүн да сабап жүргөнүн, бир жолу ок атуучу курал менен бутуна атканын билдирген.

Аскат Азарбеков жабыркаган баланын 21 жаштагы апасы менен да сүйлөшкөн. Ал азыр баланын атасы менен жашабай турганын, жумуш берүүчү С .А. менен жашап жатканын айткан.

Сабалып, аймактык ооруканага жаткырылган эки жаштагы бала тууралуу маалымат милицияга 3-февралда кечки саат 9 чамасында түшкөн.

Кыргызстанда буга чейин дагы ата-энесинен, жакын тууганынан же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар катталган. Социалдык тармактарда чуулгандуу видеолор жарыяланган.

ЮНИСЕФ маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG