Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

“Балдар укугун коргоо лигасы” сабалган баланы Бишкекке которууну талап кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова Сокулукта сабалган баланын ишин иликтөөнү Башкы прокуратурадан өтүнүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Аталган уюм Акыйкатчы институту менен чогуу иликтөө жүргүзгөн.

“Бала эки жашка да чыга элек экен, 1 жаш сегиз айлык болуп чыкты. Доктурлардын айтуусунда, анын жыныс органы катуу жабыркаган эмес. Биз учурда баланын ата-энесине укуктук жардам берип жатабыз”.

Укук коргоочулар саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевден баланы Бишкекке которуп, дарылоону талап кылышууда.

3-февралда Сокулук райондук аймактык ооруканасына наристе денесиндеги көгала тактар менен алып келинген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган.

Кыргызстанда буга чейин дагы ата-энесинен, жакын тууганынан, же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар катталган. Социалдык тармактарда чуулгандуу видеолор жарыяланган.

ЮНИСЕФ маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG