Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Орус бийлиги “Свободадан” Навальныйдын иликтөөлөрүн алып салууну талап кылды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиядагы “Роскомнадзор” ишканасы “Азаттык” радиосунун орус кызматы - “Свобода” корпорациясынын редакцияларына кат жиберип, Алексей Навальныйдын иликтөөлөрүн алып салууну талап кылууда.

Бул макалаларда Орусия президенти Владимир Путиндин Геленжиктеги хан сарайы, Кремлдин ишкер Евгений Пригожин жана патриарх Кирилл менен байланыштары жана башка коррупциялык иштер тууралуу баяндалган. “Роскомнадзор” ал материалдар Орусиянын экстремизмге каршы мыйзамдарын бузат деп эсептейт. Медиакорпорацияга макалаларды алып салууга бир күн убакыт берилди.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай орус бийлигинин бул талабы аткарылбасын маалымдады.

«РСЕ/РС Кремлге редакциялык чечимдерге кийлигишүүсүнө жол бербейт. Бул орус өкмөтүнүн чындыкты издеген журналисттерге саясий цензурасы”, -деп жазылган Флайдын билдирүүсүндө.

“Роскомнадзор” ушундай эле талапты башка бир нече маалымат каражатына, анын ичинде “Новая газетага” да койду.

Былтыр августта Москва шаардык соту Навальныйдын коррупцияга каршы фонду менен жарандардын укугун коргоо фондун экстремисттик уюмдардын катарына киргизген.

Human Rights Watch (HRW) уюму декабрда орус бийлиги акыркы жылда сөз эркиндигине басымды эки эсе көбөйткөнүн маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG