Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Эрдоганга коронавирустун жаңы штаммы жукканы кабарланды


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 3-февралда расмий сапары менен Украинага барган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 3-февралда расмий сапары менен Украинага барган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдогандын ПЧР-тести коронавирустун "омикрон" штаммы жукканын көрсөткөнүн Твиттерден кабарлады.

67 жаштагы Эрдогандын саламаттыгы учурда туруктуу экени кабарланды. Түрк президентинин Киевге расмий сапары 4-февралда аяктаган.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 4-февралда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 111 157 кишиге жетти. 248 бейтап вирустан көз жумду. Бул пандемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи 2020-жылы 11-мартта катталган. Расмий маалыматтарга караганда, 1-февралда Түркияда вирустан өлгөндөр 85 600 кишиге жетти. Аны жугузуп алгандар он миллиондон ашты. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG