Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Аба ырайы: Аймактарда кар жаайт


Бишкектеги кыш.
Бишкектеги кыш.

Кыргызгидромет кабарлагандай, 6-7-8-февраль күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 6-февралда күндүз көпчүлүк аймакта жаан карга айланат. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт.

Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз шамал батыштан согот.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 3…8;
  • Талас облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2…7;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз 4…9;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6;
  • Бийик тоолордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -8…-13;
  • Бишкекте түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +6…+8 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG