Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Алматыда акимдерди шайлоо жолу менен тандоону талап кылган митинг өтүүдө


Алматыдагы митингге чогулгандар.
Алматыдагы митингге чогулгандар.

Казакстандын Алматы шаарындагы Илимдер академиясынын аянтында тынчтык митинги өтүүдө. Жүздөн ашык адам шаардагы акимдерди дайындоону ачык шайлоо менен ишке ашырууну талап кылып жатат.

Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Митинг - январдагы кандуу кагылшуудан кийинки алгачкы элдин чогулуусу. Митинг өтүп жаткан жерди полиция курчоого алды.

Анын уюштуруучуларынын бири Айгерим Тлеужан ким кааласа бул митингде өз оюн айтууга эркин экенин жарыялады. Чогулгандар акимдерди президент эмес, эл өзү шайласын деген талап коюп жатышат.

Саясий реформа жасоо чакырыгы айтылып, айрымдары январдагы жайкын тургундардын өлүмүнө президент Касым-Жомарт Токаевди күнөөлүү деп таап, анын кызматтан чегинүүсүн талап кылышууда.

Расмий маалыматтар боюнча, январь окуяларында 277 адам каза болду. Бийлик өлгөндөрдүн тизмесин жарыялады. Укук коргоочулар алардын арасында демонстрация, митингге тиешеси жок жөнөкөй жарандар да болгонун айтууда.

31-январда Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагинтаевдин ордуна Улуттук банктын мурдагы төрагасы Ерболат Досаев дайындалган. Токаевдин бул чечимине көптөгөн шаардыктар Досаевди кесипкөй эмес деп нааразы болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG