Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

НАТОнун баш катчылыгына Тереза Мэй менен Федерика Могерини көрсөтүлдү


Тереза Мэй.
Тереза Мэй.

Улуу Британиянын экс-премьер-министри Тереза Мэй менен Евробиримдиктин мурдагы тышкы иштер министри Федерика Могерини НАТОнун баш катчылыгына ыктымал талапкерлердин катарына кирди. Германиялык dpa маалымат агенттиги аталган уюмдагы булактарына таянуу менен кабарлады.

Бул кызматка ошондой эле Нидерланд менен Эстониянын мурдагы премьер-министрлери жана Румыниянын президентинин талапкерлиги да каралып жатат. Шайлоо быйыл июнь айында өтөт. Баш катчыны уюмга мүчө 30 мамлекет тең бирдей жактырышы керек.

НАТОнун учурдагы баш катчысы Йенс Столтенбергдин мөөнөтү быйыл сентябрдын аягында бүтөт. Ал бул кызматты 2014-жылдан бери аркалап келет. Столтенберг андан ары Норвегиянын борбордук банкынын төрагасы болуп иштей турганы 4-февралда расмий кабарланды.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген, учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG