Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:03

Чек ара: кыргыз-тажик аксакалдары жолукту


Аксакалдардын жолугушуусу. 4-февраль, 2022-жыл.
Аксакалдардын жолугушуусу. 4-февраль, 2022-жыл.

4-февралда Кыргызстандын Баткен облусунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Тажикстандын Согд облусунун Чорку жамаатынын Самониён, Майский кыштагынын аксакалдары жолугушту. Аксакалдардын кездешүүсү эки элдин ортосундагы карым-катнашты бекемдөө, мамилени жакшыртуу максатында өткөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууга коопсуздукту камсыздоо, туруктуулукту сактоо максатында Баткен РИИБнин башчысы Алмазбек Шагамурзаев, Согди облусунун Исфара-2 РИИБнин башчысы, Анвар Рахманзода, Ворух ички иштер бөлүмүнүн башчысы Миролизода Субхан да катышкан.

Милициянын тараткан маалыматында "кыргыз-тажик аксакалдары эки эл зелтеден бери кошуна экендигин, бир арыктан суу ичерин, биримдикте жашоо керектигин билдиришип, жаштарды да ынтымакка чакырып, карым-катнашты бекемдейбиз деп сөз беришкени" айтылат.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында жаңжал чыкты. Тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргызстандан 12 адам жараат алган. Тажик тарап жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG