Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Баткенде милиция элди чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Исфана шаарынын жайма базарында милициянын көчмө кабылдамасы иштеп жатканын билдирди. Ошондой эле Көк-Таш айылындагы окуяга байланыштуу "Вотсап" группаларда тарап жаткан ар кандай чагымчыл маанидеги маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. Милиция элге кырдаал тууралуу маалымат берилип, Лейлек районунун чек арадагы айылдарын кайгуул-күзөт кызматы көзөмөлдөп жатканын белгиледи.

Буга чейин ар кандай "Вотсап" группаларда жана социалдык тармактарда "дагы жаңжал чыгышы ыктымал деген" мазмундагы кооптонгон билдирүүлөр тарап жаткан эле.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргызстандан 12 адам жараат алган. Тажик тарап жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG