Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Бакиевдин ысымын өзгөрткөн өнөктөшү


Михаил Надел (солдо) жана Максим Бакиев. (Сүрөт: The Asian Banker)
Михаил Надел (солдо) жана Максим Бакиев. (Сүрөт: The Asian Banker)

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү, Кыргызстанда арам акчаны адалдоого айыпталган орусиялык банкир Михаил Надел атын "Майкл Строгонов" деп өзгөртүп, Британияда ишкерликке аралашканы белгилүү болду.

Кезинде "Азия универсал банктын" директорлор кеңешин жетектеген, 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен орусиялык бизнесмен Михаил Надел ысымын өзгөртүп алганын Bloomberg басылмасы 2-февралда жазды.

Ага ылайык, 53 жаштагы Надел "Майкл Строгонов" деген ат менен Dzing Finance Ltd. фирмасын түзүп, аны Британиянын Финансылык жүрүм-турумду көзөмөлдөө башкармалыгынан каттоодон өткөргөн.

Dzing Finance Ltd. кардарларын каражаттарын сактоого жана төлөмдөрдү ишке ашырууга ыңгайлашкан фирма деп мүнөздөлгөн.

Bloomberg жазгандай, британ реестриндеги документтерде Строгонов өзүн Италияда жашаган орусиялык деп мүнөздөгөн жана буга чейин башка компаниялары болгонун же болбогонун көрсөткөн эмес. Ал мурдагы ысымын британ бийлигине ачык айтканы же айтпаганы да белгисиз.

Анын укугун коргогон Addleshaw Goddard LLP юридикалык фирмасынын адвокаты Стивен Францис Bloomberg басылмасына билдиргендей, Надел өз атын бир нече жыл мурда өзгөрткөн жана эки ысымы тең анын паспортунда көрсөтүлгөн.


"Адвокаттын айтымында, ал апасынын фамилиясы болгон "Строгоновду" бизнес маселелеринде, ал эми "Наделди" жеке иштерде колдонот. Адвокат купуялуулукту жүйө келтирип, Dzing компаниясы Строгонов деген адам Надел экенин Финансылык жүрүм-турумду көзөмөлдөө башкармалыгына билдиргени же билдирбегени боюнча жана аталган башкармалык Наделдин бул компания менен байланышынан кабары бар же жогу тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты", - деп жазат Bloomberg.

Басылма билдиргендей, Строгонов Британиянын ишканаларды каттоо реестрине 2018-жылдын май айында жолдогон документтерде Dzing компаниясынын жалгыз директору катары көрсөтүлгөн. Бирок ошол жылдын октябрь айында кызматын тапшырып берген. 2019-жылдын июль айында ал түптөгөн компания электрондук каржы институту катары Британияда лицензия алган.

Адвокат Францис учурда Надел фирманын кызматкери эмес, компаниянын контролдук пакетинин ээси Татьяна Орлованын кеңешчиси экенин Bloomberg басылмасына билдирген. Надел LinkedIn аркылуу өзүнүн кеңешчилик кызматын ырастап, андан башка комментарий берүүдөн баш тарткан.

Михаил Наделдин талаштуу таржымалы

Михаил Надел мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин жакын өнөктөштөрүнүн бири катары мүнөздөлүп келет. Ал жетектеген "Азия универсал банк" 2010-жылдагы бийлик алмашууга жол ачкан элдик толкундоодон кийин улутташтырылган. Убактылуу өкмөт бул банк Бакиевдин бийлиги тушунда акча адалдоонун булагына айланганын билдирген.

2011-жылы Бишкектин Ленин райондук соту Михаил Наделди "Максим Бакиев менен бирге банкты мыйзамсыз басып алган, кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаган" деген айыптоолордун негизинде 16 жылга сыртынан кескен. Райондук соттун аныктамасына ылайык, Надел 2010-жылдын 2-апрелинен 7-апрелине чейин ар кыл чет өлкөлүк банктарга 22 миллиард 10 миллион сом которгонго үлгүрүп, андан тышкары 12,5 миллион сом салык төлөбөй кеткен.

Аны улай Кыргызстандын Социалдык фондуна тиешелүү 2 миллиард сомго жакын каражат "Азия универсал банк" аркылуу мыйзамсыз чыгарылып кеткени боюнча кылмыш иши козголгон. 2014-жылдын октябрь айында сот бул иш боюнча Наделди 25 жылга, Максим Бакиев өмүр бою жана анын өнөктөштөрүнүн бири Евгений Гуревич да 25 жылга сыртынан соттогон. Аларга “каржылык мыйзамды бузган”, “көз боёмочулук менен алектенген” деген айып тагылган.


2012-жылы Британиядагы Global Witness бейөкмөт уюму "Азия универсал банкка" байланыштуу изилдөөсүн жарыялап, анда бул банкта Апрель окуяларына чейин миллиарддаган доллардык шектүү акчалар ары-бери жүгүртүлүп турганын билдирген. Маселен, "Азия универсал банк" аркылуу эбак көзү өткөн орус жаранынын атына ачылган компания 700 миллион доллар жүгүрткөнү жазылган.

Надел айыптарды четке кагып, өзүнүн аракетинде кылмыштын белгилери жок экенин билдирген. Ал "Азия универсал банкты" улутташтырууда менчик укугу бузулганын, 480 миллион долларга зыянга учураганын айтып, эл аралык арбитражга да кайрылган. Бирок бул иш кыргыз өкмөтүнүн пайдасына чечилген.

Кантсе да Global Witness уюмунун он жыл мурунку баяндамасынын авторлорунун бири, Британиядагы Эксетер университетинин изилдөөчүсү Том Мэйн мындай таржымалы шек жараткан адамдын фирмасы Британиядан кантип уруксат алып калганы тынчсыздануу жаратарын "Азаттыкка" айтты.

"Наделдин "Азия универсал банктагы" таржымалы жакшы документтештирилген. Бул банк кылмыштуу аракеттерге аралашканы тууралуу бир топ мисалдар бар. Муну Эл аралык валюта фонду да ырастаган жана Global Witness уюмунун изилдөөсү да ишарат кылган. Кардарлардын каражатын сактоо менен алектенген компанияга аралашкан адамдар ишеним жаратышы керек жана элдин акчасынын коопсуздугу камсыз кылынышы кажет. Наделдин таржымалын эске алганда, ал каражаттар коопсуз деп айтуу кыйын. Ал арам акчаны адалдоонун ар кыл түрлөрүнө жана көз боёмочулукка айыпталган банктын жетекчиси болчу", - деди Том Мэйн.

Ал Надел өз атын атайылап жашырууну көздөгөн болсо, анда британ бийлиги аны териштириши керек экенин кошумчалады.

Ысымын өзгөрткөн үзөңгүлөштөр

Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов) чогуу түшкөн сүрөттү Беларус президентинин расмий сайты жарыялаган. Сүрөт: president.gov.by 10-август. 2020-жыл.
Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов) чогуу түшкөн сүрөттү Беларус президентинин расмий сайты жарыялаган. Сүрөт: president.gov.by 10-август. 2020-жыл.

Ошентсе да Михаил Надел мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн жакын санаалаштарынын арасынан ысымын өзгөрткөн биринчи адам эмес.

Бир нече жыл мурда Бакиевдин тушунда эң таасирлүү бийлик өкүлү болгон, Беларуста жашап жатканы айтылган мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов аты-жөнүн Даниил Урицкий деп алмаштырып алганы белгилүү болгон.

2019-жылы Беларустагы Naviny.by маалымат порталы Минск шаарындагы ири курулуштун артында турган компаниялардын бирине Бакиевдин тун небереси Русландын тиешеси болушу мүмкүндүгүн билдирип, ал өзүнүн фамилиясын «Петров» деп өзгөртүп алганын иликтеп чыккан.


2010-жылдагы 90 жакын адамдын өмүрүн алган Апрель окуяларынын кийин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнөн тышкары анын уулу Максим Бакиевдин Михаил Надел, Валерий Белоконь, Алексей Елисеев, Алексей Ширшов, Евгений Гуревич сыяктуу өнөктөштөрүнүн баары Кыргызстандан чыгып кеткен. Алардын көбү өлкөдө сыртынан абакка кесилген. Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү да, алардын өнөктөштөрү да сот чечимдерин "куугунтук" катары мүнөздөшкөн.

Мурдагы президенттин үй-бүлөсүнүн өнөктөштөрүнүн ичинен Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич АКШда финансылык айыптарга байланыштуу шарттуу абакка кесилген. Ал 2018-жылы "Азаттыкка" курган маегинде Бакиевдер 200-300 миллион доллардай Кыргызстандан чыгарып кеткенин айткан. Мурдагы президент жана анын үй-бүлөсү бул маалыматты ачык ырастап же четке каккан эмес.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG