Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Максим Бакиевдин өнөктөштөрү актала баштадыбы?


7-апрелде жакындарын жоготкондордун митинги, 13-октябрь, 2010-жыл
7-апрелде жакындарын жоготкондордун митинги, 13-октябрь, 2010-жыл

Ири экономикалык кылмыштар боюнча иш козголгон мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрү Алексей Ширшов, Михаил Надель, Евгений Гуревич жана Алексей Елисеев соттон акталып жатканын депутат Исамил Исаков айтып чыкты.

Исаковдун айтымында, бул окуялар 7-апрель ынкылабынын талаптарына каршы келет. Коомчулукта болсо бул көрүнүш ар кандай сөздөрдү жаратууда.

Чуулгандуу кылмыш иштери “чуусу” жок бүттүбү?

Былтыркы 7-апрель окуясынан кийин Максим Бакиев башында турган шылуундардын уюшкан тобу деп шектелген 32 адамга кылмыш иши козголгон болчу. Алардын негизги башчылары катары Алексей Елисеев, Михаил Надель, Алексей Ширшов, Евгений Гуревичтер аталып, алар жалпысынан 19 кылмыш иши боюнча айыпталышкан.

Евгений Гуревич, 14-октябрь, 2009-жыл
Евгений Гуревич, 14-октябрь, 2009-жыл
Буга негизинен мүлктү мыйзамсыз тартып алуу, кылмыштуу жол менен келген акча каражаттарын адалдоо жана каржылык көз боёмочулук сыяктуу оор экономикалык кылмыштар кирет.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков айыпкерлердин айрымдары соттон акталганын айтып чыкты:

- Ширшов, Елисеев деген шылуундар учурда соттон акталып жатышыптыр. “Түндүк электр”, “Чыгыш электр” сыяктуу мамлекеттик ишканаларды сатып, ири мамлекеттик активдерди каалагандай калчап, талап-тоногон жана өлкөнү жок кылып жибере жаздаган Максимдин достору акталып жатканына унчукпай отурушубуз туурабы? Биздин балдар Ак үйдүн алдында эмне үчүн канын төктү эле? Аягы барып ушундай болмок беле? Соттор жанагыдай чечим чыгарып жатса, жадагалса Башкы прокуратура протест жазып койбоптур. Бул унчукпай макул болуубу? Мунун баарынын үстүндө ким турат?

“Ийне жоголду” оюну

Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев бул туурасында комментарий берүүдөн баш тартты. Серепчилер бул иш боюнча жогорку соттук инстанцияга апелляция берүүгө көңүлдөнбөгөн мамлекеттик айыптоочунун мамилеси шектенүүлөргө түртөөрүн айтышат.

7-апрель, 2010-жыл, Бишкек
7-апрель, 2010-жыл, Бишкек
Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев жергиликтүү соттордун аталган чечимдери боюнча ачык маалымат бере албастыгын айтты:

- Бул иштер чындыгында эле каралып, ал боюнча өкүм чыккан. Бирок кандай өкүм чыккандыгын айта албайм. Аны эми карап көрүш керек. Ал иштер жергиликтүү соттор тарабынан чыккандыктан ага комментарий бере албайбыз. Жогорку Сотко ошол иштер келсе, ал боюнча соттук териштирүүлөр болуп, бир чечим чыкса гана жооп бере алабыз. Азыр ал иштер биздин соттук кароого келе элек.

Кылмышка шектүүлөрдүн ичинен 24 адам былтыр 7-апрелден кийин эле өлкөдөн качып кетишкен. Шылуунчулукка ыңгайланышкан кылмыштуу топ катары шектелгендердин көпчүлүгүн чет элдик жарандар түзөт. Мына ошондуктан аларга сыртынан айыбы угузулуп, изделип жатат деп жарыяланган болчу.

Ошол эле учурда буга чейин аталган экономикалык кылмыш иштери боюнча соттук териштирүүлөр башталгандыгы ачык айтылган эмес. Ошондуктан сот иштеринин жүрүшү кандай көмүскө башталса, ошондой көмүскө аяктап, коомчулуктун көз жаздымында калган.

Келишип кетүүнүн кезегиби?

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов муну бийликтин эл аралык шылуундар менен болгон кезектеги келишүүчүлүгү катары баалады:

- Бул бийликтегилерге дагы тигилер кандайдыр бир жол тапкан да. Көңүлүн алганы көрүнүп турат. Ошондуктан ушундай жыйынтыктар чыгып жатат. Биз да угуп жатабыз, бул бийлик дагы мурдагысынан ашып түшүп, коррупцияга баткандыктан иштин бардыгы жылбай турбайбы. Качып кеткендер акчанын күчүнө салып ушундай жыйынтыкты камсыздап жатышат. Бул азыркы бийлик үчүн уят иш. 7-апрелден кийин кандын үстүндө кандай убада болду эле? Булар ошонун баарын унутту. Ошондуктан мурдагы иштин бардыгы тымызын бүтүп жатат. Булар качып кеткендер менен келишип алышканы байкалат.

Максим Бакиев, 25-ноябрь, 2009-жыл
Максим Бакиев, 25-ноябрь, 2009-жыл
Парламенттин тиешелүү комитети да аталган чуулгандуу кылмыш иштери боюнча соттун актоо чечимдери чыкканынан кабардар эмес болуп чыкты. Жогорку Кеңештин сот иштери боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаров аталган сот чечимдеринде мыйзам бузуучулук аныкталса, аны палатадагы талкууга алып чыгаарын убада кылды:

- Мына ошол эл аралык шылуундар мамлекетти соруп, элдин кыжырына тийгенден улам 7-апрель окуясы болгон. Ошондуктан аларды эч нерсе менен актоого болбойт. Коррупциялык схемалар аркылуу айрым соттор ошондой чечим чыгарышкан болсо биз ага баа беришибиз керек. Албетте биз соттун чечимине кийлигише албайбыз. Бирок соттор кеңеши менен биргеликте эмне үчүн ошондой чечим болгондугун териштиришибиз керек.

Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө байланышкан сот иштерин Бишкек шаарындагы Ленин райондук жана Жалал-Абад шаардык соттору жакында карагандыгы маалым болду. Бирок аталган сот чечимдерине карата мамлекеттик айыптоо тарабынан соттун кийинки баскычтарына апелляциялык арыз качан берилээри белгисиз бойдон калды.

XS
SM
MD
LG