Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Топтолгон байлыктын топ чуусу


К.Бакиевге, анын жакындарына 100 ашуун кылмыш иштери ачылып, келтирилген зыяндын өлчөмү 5 миллиард ашуун сомду түзгөнүн Убактылуу өкмөт башчы орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Бекназаров маалымдады. Убактылуу өкмөттүн өлкөнү туташ каптаган коррупция желесинен арылтуу аракети мурунку бийлик жактоочуларынын тажаал каршылыгына, чагымчылыкка, ачык-тымызын тирешке алып келүүдө.

Максим бизнестин жөнөкөй схемасы

Мурунку бийликтин апачык коррупциялык схемасынын анабашында Максим Бакиев баштаган Борбордук агенттик турган. Ушул схеманын негизинде Орусиядан жеңил шартта алынган 300 миллион долларлык карыз акча иштетилген. А.Бекназаровдун айтуусунда, ал акча М.Бакиевдин жеке кызыкчылыгына жумшалган.

- Ошол 300 миллион доллардын 35 миллионун өзүнүн жана тааныштарынын коммерциялык банктарына салып койгон. Калган 226 миллион 300 миң долларды Кыргыз Республикасынын Өнүгүү фондунун башкы директору А.Елисеев аркылуу Максим Бакиев алдын-ала макулдашуу менен Е.Гуревич башкарган “MGN group” компаниясына үстөк пайызы менен берип салган.

Мурдагы 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун ырасташынча, М.Бакиевдин мамлекеттик каражаттарды каалагандай сарптай башташы өкмөттүн экономикалык маселелери Борбордук агенттикке өткөндөн тарта өзгөчө күчөп кеткен.

- Көп нерселердин баарын атасына жеткирбей өзү чече турган болуп калды. 5 премьер-министр менен иштештим, анан бу Данияр Токтогуловичтин (Үсөнов) “Курманбек Салиевич” дебей, “Максим Курманбекович” деп ошо кишиге кызмат кылганы. Бул да элдин кыжырданусуна чоң факторлордун бири болду го деп жатам. Чечим кабыл алууда элдин кызыкчылыгын карабай, бир кишинин же топтун кызыкчылыгы көбүрөөк чечиле баштагандан кийин Максим дагы катализатор болду.

Акча топтоонун универсал банкы

Максим Бакиевдин коррупциялык схемасында өзгөчө орун ээлеген каржы мекемелеринин катарында Азия универсал банкы бар. Анын жетекчиси Михаил Надель республикадагы жыйырмадан ашуун коммерциялык банктардын санын кыскартып, алардын санын төрт-бештен ашырбоо зарылдыгын өткөн жылдан тарта эле айта баштаган болчу.

- Биз албетте, Өнүгүү фондунун программаларына катышууга аракет кылабыз.

Антип Өнүгүү фонду аркылуу коммерциялык банктарга салган акчаларынын 1 миллиард 130 миллион сому республикалык бюджетке которулганын А.Бекназаров Бишкектеги маалымат жыйынында ырастады. Коррупциялык схема аркылуу “Түндүкэлектр”, “Кыргызтелеком”, “Чакан ГЭС” ишканалары арзан баада менчиктештирилип, М.Бакиевге тийиштүү компаниялардын энчисине өткөн. А.Бекназаров Кыргыз кредит банктан үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү 2 миллион АКШ доллары табылганын кабарлады.

- “Бакай” банктан 1 миллион АКШ доллар. “Манас” банктан 8 миллион АКШ доллар. Кыргызкредит инвестбанктан 2 миллион АКШ доллар. Азия универсал банктан 22 миллион АКШ доллар. Бардыгы болуп 35 миллион АКШ доллары кайтарылды. Ячейкаларда мыйзамсыз жаткан акчалар.

Мурунку бийликтин мамлекет ээлигиндеги каражаттарды каалагандай жумшап, кимдир бирөөлөрдүн туйтунуусуна жол ачкан, көмөк көрсөткөн аткаминерлердин көбүнө кылмыш иштери ачылып, мамлекет деңгээлиндеги көз боемочулуктардын айынан өлкөгө канча зыян келтирилгени дагы такталмакчы. А.Бекназаров жакын арада К.Бакиевдин үй-бүлөсү, анын жакындарынын Көл кылаасындагы эс алуу жайларына, жерге ээлик кылууга кантип жетишкендиктери жайында маалымат бере тургандыгын кошумчалады.

Бийлигин таштай качкан президенттердин үй-бүлө, жакындарына тийиштүү өлүү дүйнөнүн эсебин алып, өткөндүн коррупциясын ачыкка чыгаруу ушуну менен экинчи ирет жасалууда. Мындан беш жыл илгери А.Акаевдин жакындарына делген дүйнө-мүлк түгөлү менен К.Бакиевдин сүйгүнчүк уулунун энчисине өтүп кеткен. Бул ирет бийлик күчү менен тартылып алынган байлыкты мурдагы ээлерине кайтаруу, андайлар чыкпаса мамлекет ээлигине өткөрүү маселесин коюуда.

XS
SM
MD
LG