Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Оксана Малеваная камакка алынды


Оксана Малеваная
Оксана Малеваная

Президенттин Катчылыгынын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваная кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, УККнын камагына алынды. Бул жөнүндө "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев билдирди.

- Оксана Малеванная кармалбадыбы, ага коюлуп жаткан кинелер тууралуу маалымат берсеңиз?

- Учурда мурдагы президенттин катчылыгынын мурдагы башчысы Оксана Малеваная Бишкек шаарынын 1-Май райондук сотунун санкциясы менен камакка алынды. Ал кишиге Кылмыш-Жаза кодексинин 304-беренеси менен айып тагылды, башкача айтканда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу деген берене боюнча. Учурда О.Малеваная Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын убактылуу кармоочу жайында.

- Сурак берип жатабы, кандай жоопторду берип жатат?

- Ооба сурак берип жатат. Тергөөнүн жүрүшү, кандай изилденип жатат, албетте, булар азырынча айтылбайт.

- Башкы прокуратура буга чейин ондон ашык мурдагы мамлекеттик кызматкерлерди кармоого издөө салбады беле. Андан кандайдыр бир жыйынтыктар барбы, кимдир бирөөлөрдүн изи табылдыбы?

- Азыр ал боюнча бизде маалымат жок. Аны тергөөнүн жүрүшүнө жараша биз маалымдап турабыз.

- Буга чейин кармалган мурдагы ички иштер министри М.Конгантиев, президенттик аппараттын жетекчиси К.Жороев, коргоо министри Б.Калыевди, башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу негиздери пайда болуп жатабы?

- И.Чудиновго кылмыш иши козголду, Кыргызгаз ишканасынын жетекчиси болуп турган учурда кетирген кемчиликтери боюнча. Андан сырткары Турсун Турдумамбетов, Тажыкан Калимбетова, Марат Султанов аларга козголгон кылмыш иштери боюнча, албетте, жоопко тартылат. Азыр буларга издөө жарыяланып, сырттан айып тагылган.

- Башкы прокуратура мындан тышкары дагы кандай багыттарда иш алып барып артыкчылык берип жатат?

- Төрт негизги багыт бар. Ушул жылдын 20-апрелинде Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев атайын буйрук чыгарган, ал буйрукка ылайык прокуратура органдарынын алдында төрт багыт коюлган приоритеттүү делип. Бул кайсы багыттар?

Биринчи, 7-апрелде Ала-Тоо аянтында жана өкмөт үйүнүн алдында болуп өткөн окуяларга байланыштуу маселелердин баарын иликтөө. Экинчиси, эл аралык мааниге ээ болгон экономикалык кылмыштардын бетин ачуу. Аларды иликтөө.

Үчүнчүсү, мамлекеттин жогорку кызмат адамдары тарабынан жасалган коррупция фактыларын табуу жана аларды да иликтөө. Төртүнчүсү, коомдук чоң резонанс жараткан, мурда кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун кайра карап чыгуу. Ушул төрт багыт боюнча азыр атайын оперативдүү тергөө топтору түзүлгөн. Алар иштеп жатышат.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG