Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

“Мегакомдун” акциялары үчүн күрөш күчөдү


Кыргызстандагы "Мегаком" байланыш операторуна ээлик кылууга аракеттенген Serpeus жана Southfield компаниялары бир оффшордук аймакта, окшош дарек менен катталганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Penwell Business Limited компаниясы билдирип, аталган эки фирма аркылуу Максим Бакиев “Мегакомду” колго алууга аракет кылып жатканын айтып чыкты.

Айрым бийлик өкүлдөрү “Мегакомдун” акциясынын айланасындагы чырды токтотуу үчүн компанияны толук мамлекетке өткөрүүнү сунуштоодо.


“Мегакомдун” акциялары үчүн күрөшүп келе жаткан Penwell Business Limited (бул компанияга орусиялык ишкерге тиешелүү Eventis Telecom ишканасы ээлик кылат) компаниясынын билдирүүсүнө ылайык, Serpeus жана Southfield компаниялары Борбордук Америкадагы оффшордук аймак аталган Белиз өлкөсүндө, бир юридикалык даректе катталган.

Penwell компаниясынын басма сөз катчысы Мария Сафронова бул маалыматты атайын жалданган эл аралык детективдер аныктап чыкканын, жагдайга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин тиешеси бардыгын билдирүүдө:

“Мегаком” компаниясынын кеңсеси
- Изин жашыруу максатында Serpeus компаниясы башка даректи көрсөтүп жүргөн. Алар көрсөткөн дарек дагы бир кызыктуу фактыны алып келди: бул даректе Grexton Capital Ltd деп аталган компания катталганы аныкталды. Бул компания өз кезегинде Максим Бакиевдин компанияларынын ичине кирет жана анын акча махинацияларынын башкы элементи болуп саналат.

Натыйжада Penwell компаниясы Serpeus жана Southfield бир чынжырдын бөлүгү болгонун, бул менен Максим Бакиев “Мегакомду” колго алууга аракет жасап жатканын кулак кагыш кылууда. Мындай дооматтарга аты аталган эки компания азырынча жооп бере элек. Ал эми буга чейинки билдирүүлөрдүндө бул компаниялар “Мегакомдун” акцияларына ээлик кылууга укуктары бардыгын белгилеп келишкен.

“Мегакомдун” азыркы акционерлери кимдер?

Penwell менен Serpeus компанияларынын ортосунда “Мегакомдо” үлүшү болгону айтылган “Бимоком” жоопкерчилиги чектелген коомунун кожоюндугу үчүн күрөш жүрүп жатат. Буга чейин “Бимоком” ишканасы “Мегакомдун” акцияларына ээ болуп келип, 2009-жылы банкрот болгону жана компаниянын мүлкүн ошол учурда Алексей Елисеев түзгөн “Альфа Телеком” сатып алганы кабарланган.

Penwell компаниясы ошол кезде “Бимокомдун” мүлкү мыйзамсыз тартылып кеткенин, натыйжада “Мегакомду” башкарууга учурда катыша аларын билдирип келет. Ошол эле жүйөнү Serpeus компаниясы жар салып, “Бимокомду” 2008-жылы сатып алганын, андыктан ишкананын жүз пайыз акциясына ээлик кылаарын айгинелеп жатат.

Маалыматка ылайык, Penwell менен Serpeus компанияларынын талашы 17-июнда Жогорку Сотто каралары күтүлүүдө.

Ал эми “Мегакомдун” ээси “Альфа Телекомдун” директорунун юридикалык иштер боюнча орун басары Илим Карыпбеков Penwell да, Serpeus компаниясы да “Мегакомдун” акцияларына түздөн-түз тиешеси жоктугун билдирүүдө. Анын айтымында, “Мегакомдун” 49 пайыз акциясы Кыргыз өкмөтүнө тиешелүү болсо, калган 51 пайызына Southfield жана Vesatel компаниялары гана ээлик кылат:

Илим Карыпбеков
- 51 пайыздын бир пайызы Vesatel United Limited деген компанияга тиешелүү. Бул компания Жаңы Зеландиядагы оффшордук аймакта катталган. Ал эми 50%ы Southfield компаниясына тиешелүү. Бул компания Борбордук Америкада Белиз деген өлкөдө. Ошентип акцияларды үч тарап ээлик кылып келет. Ал эми өз учурунда Southfield менен Vesatel компанияларынын өкүлдөрү ким экенин, алардын чын, нак ээлери ким экендиги белгисиз. Азыркы учурда сот жараяндары болуп жатат.

Карыпбеков билдиргендей, ушул тапта «Мегаком» компаниясынын айланасында төрт соттук жараян жүрүп жатат. Чыныгы акционерлер сот тарабынан аныкталганга чейин “Мегакомдун” 51 пайыз акциясын мамлекет көзөмөлгө алууда.

“Мегакомду” мамлекетке өткөрүү демилгеси күчүндө

Деген менен мындай чуулгандуу иштерге чекит коюу үчүн “Мегакомдун” акцияларын мамлекетке толук өткөрүү демилгесин көтөргөндөр бар. Алардын бири - кезегинде компаниянын ишин иликтеген жумушчу комиссиянын жетекчиси, депутат Акылбек Жапаров “Мегакомдун” 51 пайыз акциясынын тегерегинде бири-бирин алдоо фактылары көп экендигине токтотулду:

Акылбек Жапаров
- Penwell болобу, Serpeus болобу, Максим, Ширшов, Елисеев болобу булар бүт баары бири-бирин алдагын фирмалар жана кишилер. “Мегаком” деген компания жүз пайыз кыргыз элинин карамагына өтүшү керек.

Кыргызстанда “Мегаком” байланыш оператору 2005-жылы ачылып, бюджетке “Кумтөр” алтын кенинен кийинки эле эң көп салык төлөгөн, кирешелүү тармакка айланган.

Маалыматка ылайык, бул компаниядан жылына 30 миллион доллар көлөмүндөгү каражат бюджетке түшүп турат. Апрель окуяларынан кийин “Мегакомдун” ээси “Альфа Телекомдун” ишканасынын 49 пайыз акциясы мамлекетке өткөрүлгөн. Бул кирешелүү тармактын калган акциясына ээ болууну каалагандардын чыры эми алдыдагы соттук жараяндарда чечилчүдөй.

XS
SM
MD
LG