Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Чуулуу иштердин жаңы толкуну


Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов
Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов

Кыргызстанда биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тегерегиндеги чуулуу иштердин жаңы толкуну чыкты.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Өмүрбек Абдрахманов Бабанов Казакстандын жараны болгонун, апасы оффшордук аймактан 20 миллион доллар алганын ачыктаса, Интернетте Бабанов мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев менен сүйлөшкөн деген үн жазуу чыкты.

Айыптарга далилдер жетиштүү

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук, коррупция менен күрөшүү боюнча жана Бюджет, каржы боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутаттык комиссиянын төрагасы Өмүрбек Абдрахманов биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановго байланыштуу көптөгөн кыңыр иштер ашкереленгенин жарыялады.

- Бир дагы сан, бир дагы сөз асмандан алынып жазылган жок. Баары документтердин негизинде жазылды.

Абдрахмановдун сөзүнө ылайык, Бабанов 1995-жылдан тарта Казакстандын жарандыгы менен жүрүп, 1999-жылы кайра Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз жол менен
алган. Ал эми 2008-жылы оффшордук аймактан 20 млн. доллар анын наамына которулуп, бул каражатка Өмүрбек Бабановдун апасы Анипа Бабанова “АКБ Кыргызстан” банкын сатып алган. Комиссиянын жыйынтыгында Бабановдун “Мегаком” компаниясынын өкүлү
менен үч ирет жолуккандыгы да айтылат. Мындан сырткары комиссия Бабановдун жээни Сагадылда уулу Жаныбек менен ишкер Валерий Хондун ортосунда мүлк талаш болгонун,
муну Валерий Хон Бабанов тарабынан жасалган рейдерчилик деп комиссияга даттанганын көрсөткөн. Ошол эле кезде айрым иштердеги документтерде Биринчи вице-премьер-министрдин аты аталбагандыктан, ал иштер андан ары иликтөөгө алынган эмес.

Саясий чечимби?

Жыйынга катышып отурган Өмүрбек Бабанов өзү комиссиянын жыйынтыгын саясий максатты көздөйт деп атады:

- Комиссия түзүлгөндө анын өзүнүн тапшырмасы болгон. Бир гана мен жөнүндө эмес, банктардагы уячалар, Улуттук коопсуздук кызматына коюлган маселелер жөнүндө да изилдеш керек эле. Ал маселелер бүгүн көрүп жатабыз, каралган эмес. Бир гана мен жөнүндөгү маселер каралып жатат. Бул саясий күрөш жана саясий көз караш болгондугун көрсөтөт.

Ал эми депутаттык комиссиянын курамындагы “Республика” фракциясынын мүчөсү Элмурат Обдунов менен Социал-демократтар фракциясынын депутаты Заирбек Жоошбаев экөө комиссиянын жыйынтыгына кол койгон эмес. Обдунов комиссия төрагасы Абдрахмановдун айыптары менен макул болбой, өз жыйынтыгын чыгарган. Анда ал Бабановду бардык айыптоолор боюнча актап сүйлөдү. Маселен, Абдрахмановдун Бабановдун тиешеси болгон “Манас Интернейшнл Сервис” ишканасы 2005-жылы 743 млн. сомдук салыкты мамлекеттен жашырып, төлөгөн эмес деген айыптоосуна Обдунов мындай жооп кайтарды.

-“Манас интренешнл” компаниясы боюнча Жогорку Кеңештин комиссиясы да жыйынтыгын чыгарды. Көз карандысыз экеперттердин маалыматында да эч кандай салыктан карызы жок экендигин айтты. Жогорку Соттун да ушундай чечими бар.


Парламенттеги кол салуу


Жыйынга катышкан ишкер Валерий Хон Жогорку Кеңештин биринчи кабатында бирөөлөр артынан уруп кеткендигин, ошондон улам кулап калгандыгын айтып чыкты:

- Эки адам турган эле. Мени артыман урушту чыгып баратканда. Мен муну түшүнөм: Бабановдун адамдары мени коркуткулары келип жатат. Андан майнап чыкпайт. Мени эч нерсе менен коркута алышпайт.

Ал эми биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов бул боюнча мындай оюн билдирди:

- Мен Жогорку Кеңештин ичинде отурганда Асия Сасыкбаева айтты бул окуяны. Эгер адамдар урган болсо алар жоопкерчиликке тартылышы керек. Бирок Хонду да кыйкырып, жөнү жок мени айыптай бергендиги үчүн сотко бергем. Мен аны сот аркылуу жоопкерчиликке тартам.

Ошондой эле 25-майда айрым Интернет сайттарга Өмүрбек Бабанов менен Максим Бакиевдин сүйлөшүүсү деген үн жазуу чыгарылды. Муну Бабанов жасалма жана саясий атаандаштардын кылганы деп сыпаттоодо.

Апрель айынын башында мурдагы Баш покурор Кубатбек Байболов Жогорку Кеңеште биринчи вице-премьер-министр Бабанов бир катар кыңыр иштерге катышы бар деген билдирүүлөрдү жасагандан кийин парламентте эки башка комиссия түзүлгөн. Социал демократтар фракциясынын мүчөсү Токтогул Туманов баштаган парламенттик комиссия жыйынтыгын 14-майда чыгарган эле. Ага чейин Бабанов бир айга убактылуу кызматынан чегинип, өткөн жумада гана жумушка чыккан.

XS
SM
MD
LG