Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

"Республика" - Максим Бакиевдин долбоорубу?


Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев.
Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев.

Кыргызстанда президенттик шайлоо алдында саясий күрөш, анын ичинде компроматтар согушу уланууда.

Парламенттеги партиялар атаандаштарына көө жаба турган материалдарды таап, аны коомчулукка шардана кылууга умтулууда. 20-апрелде мына ошондой маанайдагы маалыматтардын жаңы бөлүгү жарыяланды.

"Акаев, Бакиев куйруктары"...

Кыргызстанда Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда “Акаевдин куйруктары” деген терс бейне берүүчү сөз калкка кеңири тараган эле. Бул сөз өзгөчө саясий күрөштө кеңири пайдаланылчу. Бакиевдин кулашынан кийин “Бакиевдин куйруктары” деген термин ага кошулду. Парламенттик шайлоо мезгилинде бул сөз “Ата-Журт” партиясынын дарегине көп айтылып жүрдү. Айрым учурларда “Республика” партиясына каршы да колдонулду. Анткени бул партиянын курамында Курманбек Бакиев мезгилинде өтө таасирлүү, майлуу-сүттүү кызматтарда отурган саясатчылар арбын.

20-апрелде “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Эркинбек Алымбеков
парламентте “Казахстан - Ревью NEWS” аттуу кошуна өлкөнүн басылмасында жарык көргөн макаланы таратты. Анда “Республика” партиясы Максим Бакиевдин долбоору аталып, партиянын финансысын айтылуу Алексей Ширшов, маалымат иштерин Максим Каганер жетектегени айтылган.

“Республика” партиясы мындай айыптоолорду кескин четке кагып, аны Өмүрбек Бабановго каршы багытталган “кара пиар” катары баалап жатат. Партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев:

- Биздин саясатчылардын деңгээли тилекке каршы ушундай нерселерге түшүп баратат. Ушундай болбогон ушак, компроматтарды саясатчылардын өздөрү расмий органдарда, парламентте таратканы ошол саясатчылардын деңгээли болуп калып атат. Бул ушак, компроматтар кээ бир сайттарга, гезиттерге жарыяланган болчу. Аны артында “Республика” партиясына жана анын лидери Бабановго каршы багытталган “кара пиардык” иштер турат.

Досалы Эсеналиев Ширшов, Каганер менен партиянын эч кандай байланышы жок экенин да кошумчалады.

"Кыргызнефтегаздагы" чатак

“Ата Мекен” фракциясынын шаршембидеги жыйынында “Кыргызнефтегазга” байланыштуу чатак дагы козголду. Бул ишканадагы кырдаал боюнча Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов маалымат берип, апрель ыңкылабынан кийин криминалдык күчтөр “Кыргызнефтегазды” басып алууга жана анын жетекчилигине “Республиканын” өкүлү Исхак Пирматовду дайындоого умтулушканын билдирген.

Бектур Асанов “Кыргызнефтегаздагы” чатакка президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев да аралашканын кошумчалап, ишканадагы кырдаалды дыкат иликтөөгө киришерин маалымдады:

- Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөш
губернаторлордон суралат деп маселе коюлду. Ошондуктан мен барып, “Кыргызнефтегазды” текшерүү боюнча комиссия түзөм. Аны толук текшерип, болгон маалыматты Коопсуздук кеңешке алып чыгам.


Башкы прокурор Аида Салянова фракциянын жыйынында “Кыргызнефтегаздагы” абалды иликтөө үчүн тергөө тобу түзүлөрүн билдирди. Бул арада Мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаев маалымат жыйынын өткөрүп, бул ишкананын көрсөткүчтөрү ар түрдүү болуп жатканын билдирген. Маалыматтарга караганда, 26-апрелде “Кыргызнефтегаздын” акционерлеринин жыйыны болуп, анда жетекчиликти алмаштыруу аракети жасалат. Мына ошого каршы болгон эмгек жамааты өткөн күндөрү нааразылык акциясына да чыккан.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Эркин Алымбеков Өмүрбек Бабанов Москвага сапарларынын биринде Минскиде да болуп, Бакиевдер менен жолугушканы жөнүндөгү маалыматты иликтөөнү башкы прокурор Аида Саляновадан өтүндү. Депутаттын айтымында, Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановдон Минскиге барган, барбаганы боюнча тил кат алып, ошону менен бирге Орусия жана Беларустун расмий органдарынан тийиштүү маалыматтарды сураш керек.

Өмүрбек Бабанов өз кезегинде Бакиевдер менен жолугушту деген маалыматтарды толук төгүндөп, анын Москвага сапары учурунда дипломаттар коштоп жүргөнүн билдирүүдө.
Саясий айдыңдагы мына ушундай күрөштөргө байланыштуу жер-жерлерде саясатчылардын тарапкерлери өз лидерин коргоо комитеттерин түзө башташты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG