Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Бабанов кызматтан кетти. Убактылуу


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кызматтан убактылуу кетүү өтүнүчүн канааттандырды.

Анын алында Бабанов өзүнүн айланасындагы чуулгандуу сөздөр териштирилип бир жаңсыл болгуча ишинен убактылуу четтеп турууну чечкенин жарыялаган.

Саясий чечимби?

Бабанов 13-апрелде кечке жуук маалымат жыйын өткөрүп Жогорку Кеңеште мурунку баш прокурор Кубатбек Байболовдун ага койгон айыптарын атайын түзүлгөн депутаттык комиссия иликтеп жатканын, ал иштер аягына чыккыча кызматтан четтеп туруу боюнча саясий чечим кабыл алганын билдирди:

- Мурунку баш прокурор Байболов Жогорку Кеңеште бир топ адамдарга, саясий лидерлерге, анын ичинде мага бир топ сөздөрдү айтты, бир топ күнөө, ушак күнөө койду. Мен ойлонуп туруп, премьер-министрге кат түрүндө кайрылдым. Анда атайын парламентте калыс депутаттардан топ түзүлсүн, Байболовдун айткан күнөөлөрүн бир айдын ичинде изилдеп чыгып, ошону же нары, же бери чечим кабыл алынсын деп туруп биринчи вице-премьерлик кызматымды убактылуу тапшырып берейин деген кайрылуу жаздым.

Бул билдирүүдөн көп өтпөй эле өкмөттүн маалымат кызматы Атамбаев Бабановдун өтүнүчүн канааттандырганын кабарлады. Ага ылайык, Бабановдун ыйгарым укуктары 14-майга чейин токтотулду.

6-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү комитети менен Бюджет жана каржы комитети бирге жыйынга чогулуп, Байболов ачыктаган маалыматтарды иликтей турган атайын комиссия түзгөн.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев биринчи вице-премьер-министр Бабанов ошол комиссиянын ишине эч кандай тоскоолдук кылбаш үчүн кызматтан четтеп туруу тууралуу өзү чечим кабыл алды деп билдирди:

- 14-апрелде мен өкмөт башчынын чечими тууралуу комитеттерге жана бул иш боюнча депутаттык комиссияга маалымат берем. Комиссия өзүнүн ишин аяктап деле калдык деп атышат. Комиссияга 7 киши кирди. Аны депутат Өмүрбек Абдрахманов жетектеп жатат. Алардын ичинен төрт депутат оппозициялык фракциялардын өкүлдөрү. Үчөө болсо коалицияны түзгөн көпчүлүктүн мүчөлөрү.

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясы өз жыйынында Бабановго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Бул маселени Жогорку Кеңештин отурумунда талкуулоо сунушталып жаткан. “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов эми бул маселени көпчүлүк чечет деген оюн айтты:

- Депутаттар жалпы чогулганда, же фракцияда, же коалицияда бул маселени парламенттин отурумунга алып чыгабы, же чыкпайбы, кандай чечет бул башка маселе. Мүмкүн жанагындай өз каалоосу менен кете турайын десе ал маселе күн тартибинен алынып коюшу да мүмкүн.

"Мегакомдон" тутанган чатак

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Бабановдун кадамын азыркыдай чыңалган кырдаалды жөнгөрүүдө туура болду деп баалады:

- Бабанов туура чечим кабыл алды. Күнөөлөнүп жаткан адам өзү ушундай биринчи кадам жасап аткандан кийин, мындай кадамга барып жаткандан кийин ага туура мамиле болот деген ишенимдемин.

13-апрелде “Ата-Мекен” фракциясы жыйынга чогулуп “Ата-Журттун” Бабановго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимин колдошту. “Ата-Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаев муну Бабановдун мурунку иш-аракеттерине байланыштуу болду деп билдирди:

- Өмүрбек Бабановдун тарыхы күмөндүү тарых. Ал Айдар Акаев, Максим Бакиевдин убагында шектүү схемаларга аралашкан деген сөздөр гана болбостон, кандайдыр бир даражада тастыкталып да жатат. Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөн окуя болуп Орусиянын депутаттары Жогорку Кеңеш имаратында өкмөттү сындап кетишти. Мына ушунун баарын эске алып Бабанов ушул кызматты ээлеп турганга мүмкүн эмес деп чечтик. Бабановдун бир айга отпускага кеткендей түр көрсөткөнү, “балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат”, деп бир айга чейин кырдаал өзгөрүп кетет деп үмүттөнгөн айла-амалы деп ойлойм.

Бабанов менен Байболовдун бири-бирин айыптоосу “Мегакомдогу” чатактан улам башталган. 31-мартта президент Роза Отунбаева “Мегаком” боюнча иштер бейтарап иликтениши үчүн деген жүйөө менен Байболовду баш прокурорлуктан бошоткон болчу. Экс-баш прокурор 1-апрелде парламентте маалымат берип бул иштерге Бабановдун тиешеси бар экенин айткан. Мындай айыптарды өз кезегинде Бабанов Байболовго койгон.

XS
SM
MD
LG