Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

"Ата Журт" Бабановду "кетсин" деп жатат


Башкаруучу коалициянын мүчөсү - “Ата Журт” фракциясы биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго ишеним көрсөтпөй турганын жарыялады. Бул маселе парламенттин күн тартибине коюла турган болду. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев да буга өз жообун бериш керек.

“Ата Журт” фракциясынын коалициядан чыгышы боюнча ар кандай сөздөр “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабановдун кызматтан кетүүсүн талап кылуу менен жыйынтыктала турган болду.

Фракция 11-апрелде жабык эшик артында өткөн жыйынында Өмүрбек Бабановго ишеним көрсөтпөө бүтүмүнө келишкен. Бул маселе парламенттин жакынкы күндөрү боло турган пленардык отурумунун күн тартибине коюларын фракциянын лидери Камчыбек Ташиев билдирген.

Үч фракция талкуулайт

Ошол эле мезгилде бул маселе боюнча кандай чечим кабыл алынбасын “Ата Журт” коалициядан чыкпоону чечкен.

13-апрелде Жогорку Кеңештеги фракциялардын жыйынында “Ата Журттун” демилгесине байланыштуу маселе карала турган болууда.

Чыныбай Турсунбеков
“Республиканын” негизги өнөктөшү болгон Кыргызстан социал-демократиялык фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бул маселе 13-апрелде караларын айтты:

- 13-апрелде саат 10до биз бул маселени карайбыз. Андан кийин сунушубузду премьер-министрге айтабыз.

Биринчи кезекте Бабанов боюнча “Республика” өздөрү бир чечимге келиш керек деп күтүп атабыз. “Республика” карап көрүш керек, канчалык аргументтери бар экенин айтыш керек. Биз дагы карап көрөбүз. Албетте биздин оюбузча бул иш аягына чейин териштирилип, белгилүү бир жыйынтык чыгарылыш керек.

“Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары да шаршемби күнү жыйынга чогулуп, “Ата Журт” көтөргөн маселени талкуулайт. “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Айнуру Алтыбаева:

Өмүрбек Бабанов
- Шаршемби күнү фракциянын отуруму болот. Ошондо ушул маселе каралат. Азырынча “Ата Журттун” Өмүрбек Бабановго ишеним көрсөтпөө боюнча демилгесин биз фракцияда талкуулай элекпиз.


“Республика” фракциясы бул маселе боюнча өзүнүн пикирин аныктай элек.

Анын үстүнө партиянын лидери Өмүрбек Бабанов акыркы күндөрү чет өлкөлөрдө иш сапар менен жүрүүдө.

“Республиканын” мүчөсү Абдыжапар Бегматов:

- Ишеним көрсөтпөсө, ал ар бир депутаттын, ар бир жарандын өз эрки. Бул иш мыйзам чегинде жүрүш керек. Өзүнүн жол-жобосу бар. Ошого жараша иш жүргүзүлүш керек.

Күтүлбөгөн жыйынтык күтүлүүдө

Өмүрбек Бабановду кызматтан алуу талабын “Ата Мекен” фракциясы да көтөрүп келген. “Ар-намыс” фракциясы тарабынан дагы биринчи вице-премьер-министрге кине коюлган. Ошондуктан “Ата Журттун” демилгеси парламенттин күн тартибине коюлуп, добуш берүүнүн жыйынтыгы Бабанов үчүн тескери болуп калышы мүмкүн. Эгерде Бабановго ишеним көрсөтүлбөсө, анда ал жетектеген фракциянын андан аркы кадамы кандай болоору белгисиз. Анткени “Республика” бул жагдайлар боюнча өзүнүн чечимин кабыл ала элек.

Бирок, талдоочулардын баамында, бул жерде эки-үч түрдүү чечим кабыл алынышы мүмкүн. Биринчиден, Өмүрбек Бабановго парламент ишеним көрсөтпөй койгондон кийин да “Республика” коалицияда кала берет. Бирок Бабановдун ордуна биринчи вице-премьер-министрлик кызматка фракция башка талапкерди сунуштайт.

Экинчи вариантта, “Республика” коалициядан чыгат. Ошону менен коалиция бузулуп, жаңы коалиция түзүү аракети башталат. Үчүнчү вариант боюнча, добуш берүү кечеңдеп, азыркы коалиция өз ишин уланта берет.

Саясат таануучу Марат Казакпаев парламентте добуш берүү болсо да “Республика” коалициядан чыкпайт деген пикирде:

- “Республика” коалициядан чыкпайт. Анткени ал өзү аны түзгөн. Ошондуктан коалицияда калат. Коалицияны алар башкарып жатпайбы. Көбүнчө “Ата Журтта” Бабанов суроолор бар.

Марат Казакпаев чуулуу чатактарды иликтеген депутаттык комиссиялардын маалыматы да негизги ролду ойнорун кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG