Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

Жакалашуудан жарашууга чейинки кыска жол


Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен “республикачы” депутат Алтынбек Сулаймановдун ортосундагы чатак жөнгө салынды.

Буга чейин 1-апрелде экөөнүн ортосундагы чырлашуу башкаруучу коалициянын биримдигине доо кетириши мүмкүн деген божомолдор айтылган эле.

“Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч”

1-апрель күнү парламент жыйынынан кийин мушташа кетишкен депутаттар Камчыбек Ташиев жана Алтынбек Сулайманов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок “Ата Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов чатакташкан тараптар ошол эле күнү кечинде жарашкандыгын айтып чыкты:

- Мында эми балдар кызуу кандуулукка алдырып койушту. Алар эми мындай кылбаш керек экендигин түшүнүштү. Мына аксакал депутаттар И. Исаков, К. Абдиев жана мен болуп аларды кыргызча кол алыштырып, кучакташтырып жараштырдык. Кечирген тарап үчүн да, кечирим сураган тарап үчүн да мунун өзү эрдикке тете иш.

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалицияга киришкен “Ата Журт” жана “Республика” фракцияларынын депутаттарынын ортосундагы кызыл чеке мушташтан кийин биримдиктин мындан аркы келечеги тууралуу маселе келип чыккан болчу. Бирок “Республика” фракциясынан депутат Абдыжапар Бекматов эки депутаттын ортосунда болгон чыр башкаруучу коалициянын ынтымагына таасир этпейт деген ишенимин билдирди:

- Бул окуя башкаруу коалициянын келечегине жана ынтымагына таасир этпеш керек. Анткени мында эки депутат гана өздөрүнүн мамилесин териштиришти. Ал эми коалиция жалпы жамааттык кызыкчылыктагы фракциялардан турат.

Анткен менен ошол эле “Ата Журт” фракциясындагы атын ачык атабоону өтүнгөн бир депутат коалициянын мындан аркы биримдиги боюнча маселе фракциянын алдыдагы жыйналыштарынын биринде каралышы мүмкүн экендигинин четин чыгарды.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов Камчыбек Ташиевге кол көтөрүү бул бийлик тарабынан атайын уюштурулган чагым болушу мүмкүн деген божомолун айтып чыкты:
Жигиттердин ортосунда ушундай эркекчилик маселелер боло берет да. Мындай нерселер мурда да болгон, келечекте да болушу мүмкүн.
Жылдыз Жолдошева


- Бул атайын уюштурулган болушу мүмкүн дегенибиздин себеби депутат Камчыбек Ташиев жыйында А. Сулаймановго катуу тийе турган сөз айтпаса эле ал тийишип, урушту баштап жатпайбы. Мына ушундай нерселердин чыгышына “Мегаком” чатагында президент Р. Отунбаева калыс болбой бир эле Ө. Бабановду жактап туруп алгандыгынан болуп жатат.

Ошол эле учурда “Ата Журт” фракциясынын айрым мүчөлөрү мындай тыянак менен макул эмес. Депутат Жылдыз Жолдошова эки депутаттын ортосундагы чырды эмоциянын натыйжасында келип чыккан көрүнүш катары сыпаттады:

- Жигиттердин ортосунда ушундай эркекчилик маселелер боло берет да. Мындай нерселер мурда да болгон, келечекте да болушу мүмкүн. Андан саясат жасоонун кереги жок. Бул жерде жөн эле пикир келишпестик эле чыгып кетти. Ал коалициянын бузулушуна алып келет дегидей негиз жок.

Оппозиция Бабановдун кетишин талап кылат

Бул чыр 1-апрель күнү парламентте мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболовдун кызматтан алынышынын себептерин угуу учурунда чыккан болчу. Анын “Мегаком” чатагы боюнча биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду айыптаганын уккан депутат Камчыбек Ташиев мындай маалыматтар тастыктала турган болсо, башкаруучу коалициядан чыга тургандыктарын жарыялаган.

Акылбек Жапаров
“Ар-намыс” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров бул маселеде калыстык үчүн Өмүрбек Бабанов да кызматынан чегиниш керек болчу деген оюн ортого салды:

- Мамлекет башчысы К. Байболовду “Мегаком” боюнча моралдык-этикалык себептерден улам деген негиз менен кызматынан алып жаткандыктан бул маселеге катышы бар биринчи вице-премьер-министр Ө. Бабановду да кызматтан алыш керек болчу. Ө. Бабановдун ал иштерге катышы бар экендиги биз иликтеген комиссиянын ишинде байкала баштаган. Мына ошондой кадамга барганда президент калыс жетекчи экендигин көрсөтмөк. Бирок тилекке каршы андай болгон жок.

1-апрелде үзгүлтүккө учураган парламент жыйналышында эл өкүлдөрү “Мегаком” чатагы боюнча ар кайсы тараптардан топтолгон материалдардын негизинде иштелип чыккан бүтүмдөрдү күтүүнү туура көрүшкөн болчу.

XS
SM
MD
LG