Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Жекшенкулов: Өкмөт сөздөн ишке өтө албай жатат


“Акыйкат” партиясынын төрагасы, атаандаш өкмөттүн башчысы Аликбек Жекшенкулов Алмазбек Атамбаев жетектеген коалициялык өкмөттүн жүз күндүк ишине баа берди.

“Азаттык”: Бүгүн, 30-мартта Алмазбек Атамбаев жетектеген коалициялык өкмөттүн түзүлүп иштей баштаганына 100 күн болду. Сиздин баамыңызда өкмөт бул убакыт аралыгында эмнеге жетишти, кайсы жеринен аксап жатат?

Аликбек Жекшенкулов: Алмазбек Атамбаев апрелден бери эле бийликте жүрбөйбү. Ошон үчүн жалпы саясий-экономикалык абалга өзү дагы жоопкер болуш керек.

Экинчи жагынан, шайлоо бүтүп, коалициялык өкмөт курулгандан кийин 100 күн өттү. Бирок тилекке каршы бүгүнкү күндө саясий жагынан алсак да, экономикалык жагынан алсак да, социалдык маселелер, айыл чарбасы, билим берүү тармактары, бардык жагынан караганда жылыштар жокко эсе. Анткени өзүңөр көрүп атасыңар мына өкмөттүн экономикалык программасы бир айлык болобу, бир кварталдык болобу, жүз күндүк болобу айтор алиге белгисиз, эл билбейт.

Жалпы жонунан өзүнчө багыттар айтылган, бирок конкреттүү түрдө кайсы тармакта эмне иш кылып атканы бүгүнкү күндө белгисиз. Айыл чарбасы негизинен бир эле маселеге: күйүүчү май баланча баада келет дегенге такалып калды. Келгенде да мына бүгүн кайра 1 сомго кымбаттады.

Менимче бүгүнкү өкмөт тилекке каршы өзүнүн милдеттемелерин, программаларын, өзүнүн мурун партия катары берген убада сөздөрүн аткара албай жатат. Буга эң чоң себеп кадр маселеси. Анткени ушул үч партия биригип элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой, жалаң эле “портфель”, анан ресурстарды бөлүшмөй менен алек болушту, ал бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Мына билесиңер, "Кумтөр" чатагы, Талды-Булак чатагы башталып жатат. "Мегакомдун" айланасындагы чатакты айтсак болот.

Кадр маселесине келсек, мурун да айттык эле, азыр да айтып койолу, аэропортко ушул Нарында арак чыгарган тармактан чыккан кишилерди коюшту. Ушундай тиешелүү билими, тажрыйбасы жок кишилерди ар кайсы тармакка коюп отуруп бүгүн өтө оор абалда турабыз.

Саясий жактан алсак, үч айдын ичинде апрель окуясына дагы эле баа бериле элек. Эмне үчүн сот чоюлуп атат, буга да өкмөт жооп бериши керек. Июнда болгон кайгылуу окуяларда ким күнөөлүү, ким буга жооп бериши керек деген суроолорго жооп алына элек.

Мына мугалимдердин маянасы майдан тарта көтөрүлөт деп айтылды эле, майга деле аз калды, ага деле күмөнбүз. Иши кылып кайсы тармакты албайлы, тилекке каршы жалаң эле декларативдүү түрдө, популисттик маанайдагы көрсөтмөлөр бар, бирок элдин аң-сезими, элдин бүгүнкү жашоо-турмушу оңологон жок.

“Азаттык”: Парламентке өтпөй калган айрым партиялар Жалпы улуттук конгресске биригип, андан соң атаандаш өкмөт, парламент түзүлдү эле. Сиз атаандаш өкмөттүн башчысы катары айрым өкмөт мүчөлөрү дайындалганын билдиргенсиз. Расмий өкмөт менен конструктивдүү иштеше турганыңарды айткансыз. Конструктивдүү иштешүү дегенде эмнени түшүнсө болот, кантип иштешесиздер?

Жекшенкулов: Эң биринчи ар бир тармак, министрлик боюнча өзүбүздүн программа-долбоорлорду даярдап жатабыз. Анан аларды сунуштайбыз. Экинчиси, 4-5 жума мурун Атамбаев менен жолукканда, ага "ушундай альтернативдүү өкмөт түздүк, момундай маселелерди карайбыз", дегенде, ал киши да четке какпай, "бул туура болот, биздин ишибизге да түрткү болот", дегендей сөз айткан.

Азыр өзүңөр көрүп атасыңар, бүгүнкү күндө парламентте, өкмөттө иш жүрбөй эле чыр-чатак, башаламандык, бири-бирин күнөөлөмөйгө ооп кеткендей болуп жатат. Пикир келишпестик ичте эле калбай сыртка да чыгып, бирөөлөрү Америкага барып бир сөз айтса, экинчиси Москвага барып башка сөз айтып жатат. Бул эмнени көрсөтөт? Бул жалпы саясий-экономикалык аныкталган так программасы жоктугун далилдеп жатат. Экинчиден, тажрыйбалуу кадрлары жетишсиз.

“Азаттык”: Азыр парламентке кирбей калган партия өкүлдөрүн кошуп кеңири коалиция түзүү сунушу андан-мындан айтылып жатат. “Ата Журт” фракциясы да өкмөт боюнча сунуштарынын бири катары кеңири коалиция түзүлүшү керек деп билдирди. Эгерде кеңири коалиция түзүлүп калса, сизди чакырса барасызбы?

Жекшенкулов: Бул маселени биз Жалпы улуттук конгрессте мындай деп сүйлөшкөнбүз: мурункудай жеке кайсы партиянын лидери болбосун өзү чечим кабыл алып, ары-бери секирип соодалашмай жок, бирок конгрессте баарыбыз талкуулап бир чечимге келип, андан кийин гана пикирибизди айтабыз деп чечкенбиз. Биз, улуттук конгресстин мүчөлөрү, “портфель” үчүн эмес, бийлик, байлык үчүн эмес, элдин турмушу, жалпы коомдун өзгөрүшү, мамлекеттин өнүгүшү тууралуу максаттарды койдук. Туруктуу саясат жүргүзүп, экономикалык-социалдык жактан болобу, маданият, билим жактан болобу өзүбүздүн сунуштарыбызды элге, расмий өкмөткө да айтканга даярбыз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG