Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Өмүралиев: Президент болууну эңсегендер өтө көп


Кубанычбек Өмүралиев
Кубанычбек Өмүралиев

“Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Кубанычбек Өмүралиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Жыл соңунда президенттик шайлоо болору күтүлүп атат. Ага эмитеден талапкерлер даярдана баштаганы байкалат. Сиз кайсы партия чыгарган талапкерлерди же олуттуу атаандаш боло алчу жеке талапкерди баса белгилеп айта аласыз?

Кубанычбек Өмүралиев: Эми сурооңо түз, кыска жооп бере турган болсом, азыркы парламентте турган беш партия президенттикке өзүнүн өкүлдөрүн чыгарууга ниеттери бар. Алар сөзсүз чыгарат. Андан тышкары өткөн шайлоодо чектен өтө албай парламентке кирбей калган 10 чакты партиянын өкүлдөрү чыгыш керек. Ошолор деле көптүк кылат. Булардын бардыгынын дымактары чоң. Анан булардан тышкары жеке адамдар деле чыгат деп турам.

“Азаттык”: Алардын арасынан олуттуу атаандаш боло алчуларын баса белгилеп айта аласызбы?

Өмүралиев: Олуттуу атаандаш боло алчуларды жанагы парламенттик шайлоодо марага алгачкылардан болуп келгендердин тизмегине жараша көрсөк болот. Ошол эле “Ата Журт”, “Ар-намыс”, “Республика”, КСДП. Анан саясий айдыңда көптөн бери келаткан Өмүрбек Текебаев баштаган “Ата Мекен” талапкер чыгарары турган иш. Бирок эми бизде акыркы жылдары бул көрүнүштөр “вождизмге” айланып баратат. Ошентсе да элибиз өткөн парламенттик шайлоодо сабак алды деп ойлойм, андыктан күтө туруш керек.

“Азаттык”: Соңку күндөрү башкаруучу коалиция көпкө чыдабайт деген божомолдор көп айтыла баштады. Мунун президенттик шайлоого байланышы жокпу? Сиз кандай ойлойсуз, коалициялык өкмөт өз мөөнөтүн өтөй алабы?

Өмүралиев: Мен мурда эле сиздерге маек куруп атып айткан элем, “коалиция көпкө жашабайт го” депчи. Себеби башынан эле булар түзүлгөндө аябай кыйынчылык менен түзүлүп, баарына маалым болгондой чоң соода менен түзүлбөдүбү. Анан алардын кагазга түшүп-түшпөгөн өз ара макулдашуулары аткарылбай, бул коалицияда ич ара биримдик болбой атат. Жаап-жашыралы десе деле болбой көзгө көрүнүп, айтылып кетип атпайбы. Эми булардын узагыраак жашоосу өздөрүнөн көз каранды. Бирок булардын ичи башынан бекем курулбагандан кийин, менин оюмча бул коалиция жашаса да абдан кыйындык менен жашап, оорукчан мал болот го...

“Азаттык”: “Ата Мекен” партиясынын депутаттары башкаруучу коалициядагы “Республика” партиясынын жетекчилерине катуу сындарды айтып чыгышууда. Маселен, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов өзү ири бизнесмен, ал эми азыр өлкөнүн каржы тармагын өз кызыкчылыгында иштетип атат деген айыптоолорду айтып атышат. Андан тышкары Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаев мурда Максим Бакиев менен ыплас иштерди чогуу жасашкан деген сөздөр айтылды. Булар канчалык жөндүү?

Өмүралиев: Эгер байкасаңыздар, мунун эки жагын карасак болот. Биринчиси, саясий оюндар. Экинчиси, “Манастагы” АКШнын транзиттик борборуна күйүүчү майды ташуунун тегерегиндеги чатактан улам чыккан нерселер. Мурдагы эки президенттин тушунда эле АКШ базасынын айланасында катуу талаш-тартыштар болгон. Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекендин” башка мүчөлөрү айткан айыптоолор туура болсо, анда бул абдан жөндүү. Баягы коррупциялык схемалар дагы эле иштеп, ошондой эле жолдор менен күйүүчү майлар ташылып аткан болсо, мындан бюджетке акча түшпөй аткан болсо – анда маселе туура көтөрүлгөн. Мындай кептерди ошончолук чоң трибунада айтып атышкандан кийин, далилдеп деле беришет го деп ойлойм.

Дагы бир жагы, туура, бул да саясий күрөштүн бир куралы болот. Ал үчүн фактыларды алып чыгыш керек. Орустар “кайсы аскер генерал болууну эңсебейт” дегендей, анын сыңарындай бизде партия лидерлери эле эмес, бери жактагылары деле президент же премьер-министр болоюн деген ойлору бар.

“Азаттык”: Сиз президенттик шайлоодо олуттуу атаандаш боло алчу күчтөр деп, өткөн шайлоодо марага биринчи болуп келген ири партиялардын өкүлдөрүн айтып атасыз. Алардан сырткары жаңы талапкер суурулуп чыгышы мүмкүнбү?

Өмүралиев: Мүмкүн. Жанагы парламентке келген бешөө эле эмес, дагы 2 пайыздан өткөн беш партия бар да. Ошол партиялардын лидерлеринде да чоң дымактар бар. Анан шайлооодо он чакты лидерлердин ортосунда күрөш жүрөт болуш керек. Бирок жана өзүң айтып өткөндөй, жакын арада таптакыр жаңы бирөө сурулуп чыгуусу да мүмкүн. Эгер чоң өлкө болсок андай адам суурулуп чыгып калуу ыктымалдуулугу көп болмок. Ошентсе да андай мүмкүнчүлүктү четке какпаш керек.

“Азаттык”: Рахмат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG