Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Саясий элита кийинки шайлоодо толук алмашабы?


Санариптик технологиялар менен чогуу өскөн, кыйласы чет өлкөдө билим алган жаштар эски саясатчыларсыз жаңы мамлекет куруу идеясын көтөрө башташты.

Ушул жылы 30 жаштын ары жак бери жагындагы демилгелүү жаштардын жаңы партиясы пайда болору айтылууда.

Кыргыз мамлекетинде эски саясий фигураларсыз, алардын каржы ресурстарысыз бир дагы шайлоо өткөн эмес. Кандай гана саясий партия болбосун, курамына эски саясатчыларды, завод-базары барларды кошууга аракет кылышкан.

Былтыркы парламенттик шайлоодо жаңы адамдардан турган анча-мынча партиялар шаша-буша чыга калышканы менен жеңилүү ызасын тартышты. Ошентип совет доорунда эле мээси каткан, Акаев, Бакиев доорунан бери чоң кызматтарда жүргөн карт саясатчылар азыркы бийликтин өзөгүн түздү.

Ал арада төрт жылдан кийин орун алчу парламенттик шайлоодо жаңыча ойлонгон, көбүнэсе бир канча тилде эркин сүйлөгөн жана өнүккөн мамлекеттердин алдыңкы окуу жайларын бүткөн жаштардан турган жаңы партия олуттуу атаандаш боло турганы айтыла баштады.

Ишкер, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев кыйладан бери жаштар менен иштешип, студенттерди, жаш адистерди колдоп келатат. Анын ырасташынча, учурда чет өлкөлөрдө жүргөн жана өлкө ичиндеги бир катар тың кыз-жигиттер жаңы саясий күч катары чыгууга аракет кыла башташканы байкалууда.

Өзү кайсы бир саясий топту баштап чыгууну каалабасын, саясий уюм бир адамдын айланасында эмес, бирдиктүү идеянын айланасында курулушу керектигин, азыр көптөгөн билимдүү жаштар бул жаатта кыймылдай башташканы кубандырарын айткан Э.Үмөталиев, келечектен көптү үмүттөндүргөн айрым жаштарга токтоло кетти. Анын айтымында, өлкөнүн саясий-экономикалык айдыңында Токиодо доктурлугун жактап аткан Сейтек Качкынбаев, Борбор Азиядагы Эркин Рынок институтун жетектеген Мирсулжан Намазалиев, Жаш ишкерлер биримдигин негиздөөчүлөрдүн бири Жакшылык Борочоров сыяктуу жаштар чыгып келатышат. Кийинки шайлоодо ушул сыяктуу жаштар чоң күч болушу толук ыктымал:

- Мына өткөн шайлоолордо ошондой жаңы партиялардын түзүлүшүн байкадык. Бирок ал партиялар тегерегине башкаларды топтой алган жок. Көбүрөөк жарандардын көңүлүн өздөрүнө бура ала турган таланттар, дагы деле толук бойдон атаандашууга чыга элек. Мына ошолор ушул жылдары сөзсүз түрдө жүзүн көрсөтүшөт.

Баалуулуктар жана кызыкчылыктар

Ал эми Жапониянын борбору Токиодогу Васэда университетинде доктурлугун жактап аткан саясат таануучу Сейтек Качкынбаев “Азаттыкка” билдиргендей, ушул тапта жаңыча ойлонгон муун Кыргыз либерал-демократиялык партиясын куруунун үстүндө иштешүүдө. Эми либералдык баалуулуктарды, улуттук кызыкчылыктарды жакшы түшүнгөн башка жаш активисттер менен диалог улана бермекчи:

- Эмдиги шайлоо төрт жылдан кийин өтөт да. Бирок ага чейин биз азыртадан даярдана баштадык десек болот. Азыр Кыргыз либерал-демократиялык партиясын түзгөнү катуу иштеп атабыз. Ошол долбоордун үстүндө иштеп атабыз. Бул долбоордун үстүндө бул жагы Жапониядан, тигил жагы Европа, АКШда жүргөн, анан өлкөбүздө жүрүшкөн кыргыздын азыркы жаңыча ойлонгон адамдары иштеп атат. Бул жерде адамдын жашы маанилүү эмес, негизи жаңыча ойлонгон деген нерсени айтып атабыз. Себеби орточо эсеп менен алганда азыр бул жаңы идеянын айланасында 25 жаштан 45 жашка чейинки адамдар биригип атат.

Мирсулжан Намазалиев
Бишкектик жаш ишкер Азис Иса өлкөдөгү экономикалык жана саясий процесстер эскиче бойдон калып атканын айтат. Ошол себептүү ал пикирлештери менен саясий процесстерге аралашууну чечкен. Анын айтымында, жаңыча ойлонгон муун учурда чачкын болсо четинен консолидация боло баштады. Ал эми азыр бийликте тургандар мурдагыларынан ой-жүгүртүүсү, билими жагынан көп деле айырмаланбай жатат:

- Азыркы саясатчылардын реформаларга эрки да жетпей атат, билими да жетпей атат. Алардын ой-жүгүртүүсү да башка, советтик аң-сезимде жүрүшөт. Алар бийликке отуруп алышты, ошол бийликке эле жармашып отурушат. Биз жаштар, өзүбүздүн билимдүүлүгүбүздү тастыктап, элге так айтып беришибиз керек. “Бизге мына мындай реформалар керек, биз ошол багытта баратабыз” деп. Жалпыланган сөздөр менен сүйлөбөй, конкреттүү сөздөр менен түшүндүрүш керек.

Жаштар дүбүртү

Борбордук Азиядагы Эркин Рынок институтунун аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиев да соңку кездери жаңы муундун өкүлдөрүнөн турган, өлкөнү өнүктүрүүгө жол ача тургандай олуттуу реформаларды жасоого билими, эрки жете турган саясий күчтүн жаралышы тууралуу талкуулар жүрүп келатканын, аракетке өтүүгө мезгил келип жеткенин айтат:

- Бул азыркы мезгилдеги учурдун талабы болуп калды. Себеби дегенде биз ар кайсы жактан эле айтып атабыз, “жаштар келиши керек, келиши керек” деп. Бирок антип айта бергендин кажети жок. Аны биз өзүбүз жасашыбыз керек. Менин оюмча бир адам муну кылбашы керек. Баштап атканда идеяларды, программаларды чогуу ойлонуп, андан соң чогуу кеткен жакшы болот. Анткени канчалык көбүрөөк адам баштапкы учурунда катышса, ошончолук көп адам улантат жана анын туруктуулугу көбүрөөк убактка созулат.

Саясий серепчи Марс Сариев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, жакынкы 5-6 жылда өлкөдөгү саясий элита толук алмашарын, СДПК, “Ар-намыс”, “Ата Журт”, “Республика”, “Ата Мекен” сыяктуу киттердин ордуна жаңы, көбү чет мамлекеттерде билим алган жаш саясатчылар курган партия бийликке келерин болжосо болорун айтат. Ал эми азыркы ири партияларда жүргөн белгилүү саясатчылардын кыйласы “жаштар келе калса эле өлкө оңолот” дегенге ишенишпесин айтып келатышат.

XS
SM
MD
LG