Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Партиялар оюну: жаштар керек, бирок азыр эмес


Жаштар саясатка умтулат, бирок саясат аларды кабыл алабы?
Жаштар саясатка умтулат, бирок саясат аларды кабыл алабы?

Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышы жашарабы? Партиялык тизмедеги жаштардын жалпы бейнесин түзсө болобу? Парламентке келгенде өз туруму үчүн күрөшө алган жаштар барбы? “Азаттыктын” талкуусу мына ушул суроолордун айланасында өттү.

Талкуунун катышуучулары:

Жолдош Осмонов – Эл аралык республикалык институтунун адиси

Павел Дятленко – саясий серепчи

Жеңиш Айдаров - “Азаттыктын” Баткендеги кабарчысы

"Азаттык": Жолдош, партияда 35 жашка чейинкилер 15 пайыздан кем болбош керек деген жобо бар. Ушул жобо сакталды. Партия бул жобону сактоо менен ага келген жаштар кимдер, алардын деңгээли кандай деген суроо туулат.

Жолдош Осмонов: Өзүңүздөр билесиздер, 29 партия катталды. Ар бир партиянын жаштарга карата өзүнчө саясаты болду. Кээ бир партияларда туура сакталды деп айтсак болот. Анткени тизменин биринчи орундарын карасак жаштар турат. Кээ бир партияларда жаштарды 15 пайыздык барьер дегендей, аларды тизменин эң артына түшүрүп койгон.

"Азаттык": Мисалы, 65тен кийинби?

Жолдош Осмонов: 65тен кийин, 80чи, же 100чү болобу, ошолордо жаштардын көбүнчөсүн ошол орундарга коюп койгон партиялар да кездешет.

"Азаттык": Алар баары бир парламентке келбейт дегенди түшүндүрөбү?

Жолдош Осмонов: Ири партиялар бар, алардан 30-40тан депутат болушу мүмкүн. Кээ бир партиялардан бешөө өтсө ошого сүйүнгөндөр да бар.

"Азаттык": Демек калп эле толтуруп коюу деген тенденция байкалдыбы, жаштарга квота берилген, бирок аларды тизменин артына келсе ал таасирин деле тийгизбейт?

Жолдош Осмонов: Аны бардык партияга айтсак болбойт. Бирок андай учурлар бар.

Аброй салмагы

"Азаттык": Жеңиш, региондордо ошол квота кандай сакталды? Ким келди? Мисалы, Баткенде жаштардын кайсы катмары партиянын тизмесине кирди?

Жеңиш Айдаров: Баткенде, мен айта алам, жаштардын, же тизмедеги атуулдардын келечектеги депутаттардын ички көрөнгөсүнө карап тизмелерди такташкан жок. Региондордо аброюна карашты. Ошол региондордо авторитети кандай, өзүнүн аймагында канчалык аброю бар деген өңдүү. Баткенде көпчүлүгү мурдагы чакырылышта депутат болгондор кирди, андан кийин ошол жерде жаңыдан чыгып аткан ишкерлер кирди, кээ бир партия жетекчилеринин лидерлеринин аброю менен алардын жээни, тагасы, жардамчылары болуп тизмеге кирип калгандар болду. Аймакта, элетте жаштардын таламын талашып жүргөн жаштар тизмеге кире алган жок.

"Азаттык": Павел, партиядагы жаштарга кандай мүнөздөмө берет элеңиз?

Павел Дятленко: Тизмеге кирген жаштарды эки топко бөлсө болот. Биринчи топ – бул партиянын лидерлери менен байланышы бар жаштар. Туугандар, достор, тааныштар. Экинчи топ – бул ишкерлер. Бизнесмендердин да партияга кирүү кызыкчылыгы бар. Партия лидерлеринде да ушул кызыкчылык сакталган. Себеби, 7-апрелден кийин жаштар жанданышты. Партия ушул нерсени колдонгусу келет. Партиянын жарнактарын караңыз – көбүн эсе жаштардын жүздөрүн көрөсүз. Кыргызстандын эли жаш, ошону саясатчылар шайлоо алдында колдонгусу келет. Дагы бир нерсе: жаштар шайлоого катышса, алардан көп добуш алуу мүмкүн. 5 пайыздык бөгөттү аттап өтүү үчүн.

Жолдош Осмонов: Жакшы тенденция деп айтып кетем. Бул 29 саясий партиялардын арасында кээ бир жаштардан турган саясий партиялар чыкты. Биринчиден, жаштарга мүмкүнчүлүк түзүлүп атат. Экинчиден, биздин кары саясатчылар кеткенде алардын ордуна кимдер отурат? Алардын ордуна тажрыйбалуу, парламентте иштеп, мыйзам чыгаруу системасын жакшы билген жаштар керек да. Ошолор азыр иштеп, тажрыйба алсын деген бул жакшы тенденция.

"Азаттык": Павел, партиялык тизмелерди карасак, алардын 25 пайызын жумушсуздар түзөт экен. Жумушсуз жаштар үчүн парламент жакшы мүмкүнчүлүкпү?

Павел Дятленко: Бизде расмий жумушсуз адамдар көп, алар ишкерлер болушу мүмкүн. Себеби бизнес көбүнчө туугандарга жазылат, биздин коомдун өзгөчөлүгү мына ушунда.

Тажрыйбалуулардын колундагы оюнчук

"Азаттык": Бирок парламентке келем деген жаштардын катмары сапаттуубу? Сиз ушуну сезип жатасызбы?

Павел Дятленко: Биринчиден, биздин коом аябай салттуу. Жаш депутат келген күндө деле өзүнүн улуу партиялаштардын оюнан чыга албай коюшу мүмкүн. Мисалы, мурдагы праламентте деле ушул квота сакталган, бирок биз көрбөдүкпү Жогорку Кеңештин мурдагы чакырыгында жаш депутаттар жакшы жыйынтыктарга келе алышкан жок.

"Азаттык": Жолдош, партиянын жаш канаттары кандай жумушту аткарыш керек, алар эмне максат менен түзүлөт?

Жолдош Осмонов: Негизи жаштар канаты бул саясий партиялардын бөлүнбөс мүчөсү болот. Бирок ошого карабастан биздин саясий партияларды карасак, жаштар канаттары башкача себептер менен иштеген учурлар бар. Мисалы, ошол эле агитатор болобу, же саясий партиялардын желектерин көтөрүп алып митингге чыгабы. Бул аябай жаман нерсе. Анткени жаштарга чыныгы тажрыйба бербестен, “сен эшикке чык, мындай кыл” деп кичинекей баладай кылып эки жакка чуркатканы бул бизден кийинки сапаттуу саясатчыларды чыгаралбайт.

Жеңиш Айдаров: 7-апрелден бери жаштардын активдүүлүгү артты дегенге эч кандай негиз жок. Жаштардын кандайдыр бир уюмдары кошумча түзүлгөн жок. Баягы эле саясий партиялардын жаштар канаттары ошол жерге барып иш жүргүзгөн жери жок. Баягы эле жаштар мурдагы бойдон эле калып атат. Ошол жаштарды саясий партиялардын бүгүнкү күндө Баткенде, мен толук айта алам, бир да атайын жаштар канаттары барып кайсы бир жерде иш аракеттерди жүргүзүп, же болбосо жаштар үчүн иш-чараларды жүргүзгөн жок.

Жолдош Осмонов: Жеңиш аябай туура айтты. Эмнеге кылбайт? Мүмкүнчүлүгү, акчасы жок алардын. Саясий партиялар аларды өзүнө керек убактарда колдонушат, кереги жок учурда алар четте калып калат.

"Азаттык": Павел, парламентке жаштардын кайсы катары келиш керек жана кайсы идеялар үчүн күрөш жүрүш керек?

Павел Дятленко: Парламентке көбүнчө партиялык активисттер келишет. Алардын кызыкчылыгы - ар түрдүү саясий кызыкчылыктар. Алдардын максаты кайра парламентке келүү, саясатта болуу. Бирок, бир кемчилик, азыркы тизмелерде жарандык коомдун өкүлдөрү аз. Өз күчү менен ийгиликке жеткен жаштар жок. Бизде андай жаштар бар да. Партияга андай көз карандысыз адамдар анча кереги жок. Алар партия менен кээде макул болбой коюшу мүмкүн.

"Азаттык": Жолдош, жаштардын партияга киргенге кандай кызыкчылыгы бар, алар эмне иш кыла алышат?

Жолдош Осмонов: Бизде кыргыздарда бар: мунун акчасы болсо ал элге жардам берет деген. Ошол аң-сезимден биз алысырак болушубуз керек. Азыркы парламентке келген бизнесмендердин көбү бизнесинин кызыкчылыгын сактап калуу, алар бизнесин өнүктүрүү максаты менен келиши мүмкүн. Ошондуктан биз ага карабастан, саясий партияда көп жыл иштеп, саясий карьерабызды түзөбүз, элибизге жардам беребиз деген саясий партия менен дайыма иштеген жаштарды алдыга түртүшүбүз керек.

Калыптана элек саясат маданияты

"Азаттык": Мен да Жолдоштун айтканынан улам ойлонуп атам. Бизде ошондой саясий система курулдубу? Мисалы, чет өлкөдө “мен ушул партия мененмин, 5-10 жылдан кийин парламентке барам, эгер бул шайлоодо өтпөй калсам, кийинки шайлоого барам. Анан парламентке өткөндөн кийин карьерамды жасайм” деген жаштар бар. Кыргызстанда ушундай түптөлүп келатабы, же жокпу?

Жеңиш Айдаров: Мен айта албайм, ушул түптөлүп келатат деп. Анткени буга чейинки чакырылыштагы парламенттик шайлоону өткөрдүк, ушундай эле партиялык тизме менен барды. Ошондо жанагы эле партияларда канчалаган мүчөлөр бар эле. Ал шайлоо өткөндөн кийинки күнү эле унутулган. Калган партиянын мүчөлөрү депутат болуп барган өкүлдөрү кайра келип, калган өкүлдөрүнөн эмне болуп жатат деп, же идеяларды алып барып парламентте көтөргөнүн мен көрө алганым жок.

Экинчиден, бүгүн бул партияда, эртең кийинки партияда мүчө. Анткени кайсы партиянын шансы көбүрөк болуп турат, ошого карап туруп, кечээ “Ак жолдо”, бүгүн “Республикада”, андан кийин дагы башкасында, ошентип партиядан партияга аттап жүрүп атышат. Демек ушул партияны чыныгы тандап алып, ички аң-сезим менен кабыл алып туруп, ошол партия менен түбөлүккө барам деген жок.

Жолдош Осмонов: Таза шайлоо болсо, таза мүмкүнчүлүктөр болсо ар кайсы партияда. Ал эртең эле болуп калчу нерсе эмес. Буга убакыт керек, ошондуктан биринчи мүмкүнчүлүктөр түзүлдү деп ойлойм. Азыркы саясий партиялар ар кайсы кеңешменин, же саясий лидерлердин ою менен, ошолордун алдында иштейт. Бул жерден алсак, 5-6 саясий партия болсо, ошол эле жаштар 5-6 ойду айтат. Бул жерде көп оюнчу бар, ал оюнчулар ар кандай ойлорду айтат. Ошонусу менен жакшы.

Жеңиш Айдаров: Эртең утуп чыккан партия кечээги “Ак жолдон” 100 пайыз айырма болот деп айтуу эрте.

Жолдош Осмонов: 100 пайыз болбойт, бирок айырмалуу болот.

Жеңиш Айдаров: Кайсы бир деңгээлде болушу мүмкүн.

"Азаттык": Коалиция түзүлүшү мүмкүн да, эгерде мурда “Ак жол” көпчүлүктү ээлесе, бул жолу андай болбойт.

Жолдош Осмонов: 2-3 партия коалицияга биригиш керек. Анткени Конституцияда 65 орундан өйдө алууга эч кандай партиянын мүмкүнчүлүгү жок. Бул жерде башкаруу системасы өзгөрдү. Айтып атпайбызбы, мурун эки революция болду. Анткени бир үй-бүлөдөн бир адамдан бүт органдар көз каранды болчу. Азыркы биздин саясий аренаны карасаңыздар, бир саясий күч экинчи саясий күчкө баш ийбейт. Бул туура тенденция. Ар бир адам жаңы нерсени көргөндө үйрөнүш керек. Ал ошого көнүш үчүн убакыт керек. Азыр көрөсүздөр көптөгөн саясий кризистер болот. Шайлоо бүткөндөн кийин биздин бийлик өкмөт түзүү үчүн көп кризистер болот, парламенттин ичинде көп согуш да, мушташ да болот. Бирок ошол этаптын баарын биз өтүшүбүз керек.

Жеңиш Айдаров:
Мындай шайлоолордон дагы 2-3тү өткөргөндөн кийин мүмкүн бизде парламенттик саясат жүргүзүү боюнча маданияттын калыптанышы мүмкүн.

"Азаттык": Келе жаткан парламент жашарабы?

Павел Дятленко: Жаштардын келиши, жаш өзгөчөлүгү негизги максат эмес. Кеп анда эмес. Парламентке келген адамдар өзүнүн туруму үчүн күрөшүп, элдин камын ойлоп, сапаттуу иштей алышабы, же фракция лидерин угуп эле, добуш бергичтерге айланып калышабы, кеп мына ушунда.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG