Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Жаңы өкмөт кантип куралды?


Кыргызстанда өкмөт башчысы шайланып, өкмөттүн түзүмү жана анын курамы бекитилди. Коомчулукта жаңыдан куралган коалициялык өкмөт курамынын сапаты жана анын туруктуулугу боюнча күмөн саноолор орун алууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары 17-декабрда түнкү саат ондон өтүп, өкмөт башчылыкка парламенттик коалициянын атынан көрсөтүлгөн Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин токсон эки добуш менен колдошту.

Коалицияга кирген үч фракциядагы 77 депутаттын санын эске алганда, Алмаз Атамбаев оппозицияда калган эки фракциядан он беш добуш чогултууга жетишти.

Дүңүнөн бекитилген өкмөт курамы

Андан соң өкмөттүн программасы жана түзүмү бекитилип, жаңы өкмөт курамы дүңүнөн добушка коюлуп,сексен сегиз добуш менен өттү. Мындай иш тартиби оппозцияда калган “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынын сынына кабылды.

Алмаз Атамбаев жана Акматбек Келдибеков, 17-декабрь, 2010-жыл
Өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев өкмөт курамын бекитүүдөгү айрым эрежелердин сакталбай калышын убакыттын тардыгы менен түшүндүрдү:

- Айтылган сын-пикирлер, сунуштар эске алынат. Мен да туура көрүп жатам. Жанагы өкмөттүн түзүмү жана курамы боюнча жүйөлүү бир сөздөр болду. Бирок туура түшүнгүлө, мен да айттым, башка эки фракциянын лидерлери да айтышкан. Азыр айрым техникалык жагдайлардын бардыгын камтып, карап отурганга убакыт жок.

Коалициялык макулдашууга ылайык, өкмөттүн биринчи орун басарлыгына Өмүрбек Бабанов бекитилди.

Өкмөттүн жаңы түзүмү 18 министрден жана үч вице премьер-министрден турат. Экономикалык тескөө, энергетика, жаратылыш ресурстары, мамлекеттик мүлк, айыл чарба министрлери “Республика” фракциясынан көрсөтүлгөн. Ички иштер, каржы, билим берүү, тышкы иштер, жаштар иштери, адилет, транспорт министрлери жана министр рангындагы аппарат жетекчиси, күч түзүмдөрүн караган вице-премьер-министр Социал-демократтар фракциясынан жылдырылган.

“Ата Журттан” саламаттыкты сактоо, эмгек, миграция, социалдык коргоо министрлери жана билим берүү, маданият, социалдык тармакты көзөмөлдөөчү вице-премьер-министр көрсөтүлгөн.

Парламентке кирбей калган “Бүтүн Кыргызстан” партиясына маданият жана маалымат министринин орду ыйгарылган. Өкмөт түзүмүндөгү калган агенттиктердин жана кызматтардын жетекчилери азырынча бекитилген жок.

Шымаланган шымчан өкмөт мүчөлөрү

Дамира Ниязалиева
КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева өкмөттүн курамында бир да аялзаты жок экендигин сынга алды:

- Эң эле өкүнүчтүүсү тизмени башынан аягына чейин карап чыгып, өкмөттүн курамында бир да аял адамдын жок экендиги. Эмне бизде татыктуу аялдар жок беле? Ошол эле миграция министри Айгүл Рыскулованы же Өктөмкан Абдуллаеваны ишин билбейт деп ким айта алат? Ал адамдар ошол системада көп жылдан бери иштешип, ийне жибине чейин жакшы түшүнүшөт. Анан алар партияда болбосо эле кызматка койбой коюш керекпи? Биздин мырза саясатчылар жоопкерчиликти алууда аялзатын качан гана өлкөнүн башына оор күн түшкөндө эстешет турбайбы. Буга оор мезгилде жоопкерчиликти моюнга алган президент Р. Отунбаеваны жана жогоруда аттары аталган айым жетекчилерди мисал келтирсек болот.

Кызматтар кантип бөлүштүрүлдү?

Мындан сырткары парламент отурумунда өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоонун критерийлери жана алардын кесипкөйлүгүнө байланышкан суроолор Алмаз Атамбаевге көп берилди.

Мурдатан келе жаткан эрежеге ылайык, министрликке көрсөтүлгөн адамдар өздөрүнүн тармактары боюнча атайын программалары менен депутаттарды тааныштырган жок. Ошондой эле алардын талапкердиги жалпы парламенттин эмес, коалицияга кирген фракция жетекчилеринин тандоосу болгондугу башкаруучу көпчүлүккө кирген депутаттардын да нааразылыгын жаратты.

Депутат Дамира Ниязалиева отурумда өкмөт мүчөлөрүн сындан өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугун белгиледи:

- Өкмөттүн курамына көбүнчө эле коомчулукка анчейин тааныш эмес адамдар келишиптир. Бул жерде “дирижер” “Республика” партиясы болбодубу. Алар бизге ким өкмөткө келе тургандыгын аягына чейин айткан жок. Кандай жол менен анын курамын түзүлдү биз билген деле жокпуз. Ар бир фракцияга бөлүштүрүлгөн “папкелерди” ошол жердеги ар бир жетекчилер өздөрү каалагандарын коюшту да. Ар бир министрди чакырып, өмүр баянын карап, иш билгилигин сындан өткөрүп, программасын угуп анан бекитсек болот эле. Тилекке каршы андай болгон жок.

Буга карабастан өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев өлкөнү оор абалдан чыгаруу үчүн анын командасына өз ишин мыкты билген кесипкөйлөр топтолгондугун жарыялаган болчу. Ал министрлерди тандоодо анын кайсы аймактан экендигине жана партиялык өзгөчөлүгүнө карабастан кесиптик деңгээлине маани берилгендигин айткан.

Жогорку Кеңештин төрагасы үчүн добуш берүү, 17-декабрь, 2010-жыл
Бирок талдоочулар талапкерлердин жөндөмүнөн мурун башкаруучу коалицияга кирген үч фракциянын ортосунда өкмөттөгү жогорку кызмат орундарды бирдей шартта бөлүштүрүүгө көңүл бурулгандыгын байкашты.

Эрежеге ылайык, ар бир өкмөт мүчөсүнүн талапкердиги парламенттин комитеттеринде талкууланат. Бирок комитеттер түзүлө электигине байланыштуу Жогорку Кеңеш бирдиктүү комитетти убактылуу түзө калуу менен кырдаалдан чыкты.

Мына ошондон улам, саясат таануучу Кубан Абдымен жаңыдан куралган өкмөттүн сапаттык деңгээли ойдогудай эмес экендигине токтолду:

- Тилекке каршы А. Атамбаев айткандай өкмөттүн курамынын үчтөн эки бөлүгүнүн кесиптик деңгээли жогору деп айтканга ооз барбайт турат. Арасында бир топ адамдар мурдагы эски бийлик режимдеринин камчысын кантип чапкандыгы боюнча коомчулукка таанымал болуп калгандары да бар. Ошол эле адамдардын кайсыл бийликтин тушунда болсо дагы кесипкөйлүгүн, жөндөмүн жана башкалардан айырмалангандыгын көрсөтө алышкан деп айтыш кыйын.

“Тактаганга, тартышканга чоло жок”

Ошол эле учурда өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев кадрларды тандоодо кетирилген бир катар кемчиликтердин орун алгандыгын эске алуу менен, андай өксүктөр иштин жүрүшүндө жөнгө салына тургандыгын белгиледи.

ЖКнын төрагасы Акматбек Келдибеков
Алмаз Атамбаев
азыр ар кандай саясий талаш-тартыштардан мурун эртерээк ишке киришүү маанилүү болгондугун белгиледи:

- Талашып-тартышкандан эч кандай пайда жок. Кыргызстандын абалы абдан эле оор. Ошондуктан ынтымакты жоготпой бир муштумдай болуп, кеңешип иштесек жыйынтык чыгарабыз. Азыр ар бир жетекчи быйыл апрель-июнь айларында кайтыш болгон жигиттербиздин каны бекерге төгүлбөгөндүгүн эске алып иш алып барыштары керек. Мына Кудай турат, ишенимиңерди актаганга бүт аракетти жумшайбыз. Ал үчүн күнү-түнү иштесек дагы абалды жакшы жагына өзгөртөбүз деп ойлойм.

Көч бара-бара түзөлөт

Парламент отурумунун кечки бөлүгүнө мамлекет башчысы Роза Отунбаева да барып катышып, жаңыдан шайланышкан Жогорку Кеңештин төрагасын жана өкмөт башчысын куттуктады.

Роза Отунбаева мамлекеттин алдында чукул чараларды көрүү менен чече турган маселелери көп экендигин айтып, өкмөттүн тез арада ишке кириши зарыл экендигине токтолду:

- ЖК төрагасынын, өкмөт башчысынын шайланышы, өкмөт курамынын аныкталышы биздин эки айдан берки топтолгон тажрыйбабыздын жыйынтыгы. Элибиздин, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө үйрөнө баштаганыбыздын белгиси. Элибиз "көч бара-бара түзөлөт" дейт эмеспи. Биз азыр көч башындагы жаңы саясий багытта бара жатабыз. Ашынган амбициялар менен жеке кызыкчылыктарга жол жок.
Ушул учурда Кыргызстанда узакка созулган кымкуут ойлордун, бейчеки кайым айтышуулардын жана болбогон талаш-тартыштардын мезгили эмес. Анда биз убакыттан уттурабыз. Элибиз үчүн билек түрүнүп иштей турган учур келди. Азыр болбосо эч качан....

Президент Роза Отунбаева жана "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, 4-декабрь, 2010-жыл
Мындан сырткары мамлекет башчысы быйыл өлкөнүн башынан өтө оор сыноолор өтүп жаткандыгын айтып, мындай кырдаалда бардык саясий күчтөрдү биримдүү болууга чакырды. Ошондой эле ал кандуу окуялардын капшабынан улам чөгөлөп калган өлкө экономикасын жакын арада калыбына келтирүү жаңы өкмөттүн негизги милдети экендигин эске салды.

Мындан сырткары Роза Отунбаева тогуз айдан бери олуттуу жоопкерчиликти өзүнө алып келген убактылуу менен техникалык өкмөт отчетун берип, ишти мыйзамдуу өкмөткө өткөрүп бере тургандыгын белгиледи:

- Убактылуу өкмөт менен техникалык өкмөттүн апрель айынан баштап ушул кезге чейинки социалдык-экономикалык тармактарда аткарган иштери боюнча отчетун жакында угасыздар. Эл алдында, сиздердин алдыңарда жүзүбүз жарык. Ушундай оор учурларда эң башкысы биз туруктуулукту сактап кала алдык. Жаңы жылдын алдында жаңы парламент, жаңы өкмөт жаңы Кыргызстанды түзүүгө болгон күч-аракеттин жумшайт деп ишенебиз.

“Үчилтиктин” ынтымагы бекемби?

Коомчулукта “Республика”, КСДП жана “Ата Журт” фракцияларынан турган парламенттик коалициянын туруктуулугу боюнча маселе талкууга алынууда. Жаз айларына чейинки экономикалык кыйчалыштыктар жана өкмөттүн антикризисттик мерчемдеринин даана эместиги аталган үчилтиктин ортосуна жарака кетирбейби деген кооптонуулар жок эмес.

Адахан Мадумаров
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров бир коалицияга бириккен түрдүү саясий платформадагы жана түрдүү көз караштагы фракциялардын ортосунда ажырым болбой койбойт деп эсептейт:

- Менимче баары бир "ары тарт, бери тарттар" болбой койбойт. Булар азыр түшүнүксүз: өкмөттүн алдында отчет беришеби же өздөрүнүн партияларынын алдында отчет беришеби? Алар өздөрүнүн партиялык программаларын ишке ашырганда бири бирине карама-каршылыктар болбойбу дегендей ойлор бар. Ар түрдүү платформалардан турган өкмөттүн бул курамы бир муштумдай болуп иштегенге мүмкүнчүлүк бербейт го деген кооптонуулар бар.

Ошол эле учурда өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев өлкөнү кризистен чыгаруу боюнча атайын программаны иштеп чыгып, эл өкүлдөрүнө тааныштыруу үчүн бир ай убакыт сурады. Эң башкы милдет катары баалардын көтөрүлүшүн ооздуктоо жана бюджет тартыштыгын кыскартуу боюнча аракеттер көрүлө тургандыгы айтылды.

Тасмада: Премьер-министр шайланды

17-декабрда Жогорку Кеңеш депутаттарынын көпчүлүк депутаттарынын добушуна ээ болгон Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев өкмөт башчысы болуп шайланды. MiT

Премьер-министр шайланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

XS
SM
MD
LG