Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды


Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

17-декабрда Жогорку Кеңеште башкаруучу коалиция түзүлгөнү жарыяланып, "Ата Журт" партиясынын өкүлү Акматбек Келдибеков парламент төрагасы болуп шайланды. Андан кийин депутаттар өкмөттү шайлоого киришти.

Көпчүлүктү түзгөн коалиция түзүлдү

17-декабрда парламент жыйынында “Республика” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов “Ата Журт”-“Республика” жана КСДП фракциясы коалиция түзгөнүн жарыялады:

- Биз бир топ сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында үч фракциядан турган,
депутаттарынын саны 77 депутат болгон “Биримдик жана өнүгүү” деген көпчүлүк коалицияны түздүк. Бул коалицияга кирген партиялар “Республика” партиясы, “Ата Журт” партиясы, КСДП. Коалициянын чечими менен өкмөт башчылыкка Алмазбек Шаршенович Атамбаев сунушталды. Жогорку Кеңештин төрагалыгына Акматбек Келдибекович Келдибеков сунушталды.


“Республика” фракциясына коалиция түзүү мандатын президент Роза Отунбаева 4-декабрда тапшырган. Мандатты алгандан кийин Бабанов кеңири коалиция түзүүгө аракет жасарын билдирген, бирок ал ишке ашпай үч фракциядан турган коалиция түзүлдү.

Коалицияга кирген фракциялардын курамында 77 депутат бар.

Өмүрбек Бабановдун коалиция тууралуу билдирүүсүнөн кийин парламентте талкуулар башталды. Бирок ал парламенттин алгачкы жыйынындагыдай ызы-чуу, жаңжал менен коштолгон жок. Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо да ошого жараша ылдам жана натыйжалуу аяктады. Төраганы шайлоо боюнча беш фракциядан үчтөн депутат кирген комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына Камчыбек Ташиев шайланды. Мына ошондон кийин добуш берүү орун алып, анын жыйынтыгын Камчыбек Ташиев жарыялады:

- Депутат Келдибеков Акматбек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча “макул” 101, “каршы" 14.

Добуш берүүнүн жыйынтыгына “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов каршы болду. Ал каршылыгын добуш берүү жашыруун болбой калышы менен түшүндүрдү.

Бирок парламент көпчүлүк добуш менен Акматбек Келдибековду Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоо тууралуу токтомду бекитти.

Жаңы шайланган төрага Акматбек Келдибеков депутаттарга ыраазылык билдирүү менен ушул эле күнү өкмөттү шайлоого чакырды.

Түштөн кийин парламент эми өкмөт башчыны шайлоого киришти. Бул кызматка КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевди шайлануусу күтүлүүдө.
Өкмөт башчы шайлангандан кийин ал өкмөттүн программасы жана структурасын парламентке сунуштайт. Бул жол-жоболор жасалгандан кийин өкмөт башчы өкмөт мүчөлөрүн дайындоого киришет.

Акматбек Келдибеков - ЖКнын жаңы төрагасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG