Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Парламенттик башкаруу коалициясы түзүлдү


КСДП, “Ата Журт” жана “Республика” фракциялары парламенттик көпчүлүктү түзүү боюнча коалициялык макулдашууга келди. Бул тууралуу 16-декабрь күнү кечинде расмий жарыяланды.


Кечиккен сааттар, кечеңдеген макулдашуу

Парламенттик көпчүлүктү түзүү укугу берилген “Республика” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабановдун 16-декабрь күнү түшкү саат он экиге белгиленген башкаруучу коалициянын түзүлгөндүгү боюнча маалымат жыйыны белгисиз себептер менен артка жылып кеткен эле. Анын себептерин “Республика” партиясынын аткаруу комитеттинин төрагасы Досалы Эсеналиев үч фракциянын ортосундагы айрым маселелер боюнча тактоолор жүрүп жаткандыгы менен байланыштырган:

- Үч фракциянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгына байланыштуу жыйынтыктоочу чечим жөнүндө маалымат кечеңдеп жатат. Буга чейин негизги маселелердин башы ачылып, коалиция түзүү багыттындагы чечим кабыл алынган. Бирок бүгүн да, айрым маселелердин айланасында фракциялар ортосунда сүйлөшүүлөр бүтө элек. Ошондуктан коалиция түзүү боюнча жыйынтыктоочу маалымат кечирээк берилет.

5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь, 2010-жыл
16-декабрь күнү кечки саат жетилерде “Республика” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов социал-демократтар жана “Ата Журт” фракциялары менен биргеликте башкаруучу коалиция түзүлгөндүгүн расмий жарыялады. Бул коалициялык келишимди жарыялоонун кечеңдегендигинин себептерин Өмүрбек Бабанов “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынын жетекчилерин кеңири коалицияга ынандыруу үчүн болгон акыркы аракеттер менен байланыштырды:

- Коалициялык макулдашуу келишимин расмий жарыялоо мына бүгүн кечки саат жетиге чейин эмнеге кечеңдеди? Бүгүн башында “Ата-Мекен” фракциясынын лидери О. Текебаев менен жолугушуп, эки сааттай отурдум. Тилекке каршы алардын фракциялык жыйыны биздин коалицияга кирбөө жөнүндө чечим чыгарып коюптур. Андан кийин “Ар-намыстын” жетекчиси менен көрүшүп, аларды да “жок дегенде беш партия болбосо да төрт партия мамлекеттин биримдиги үчүн биригели” десем алар дагы баш тартып коюшту.

Кайчылаш жолдор, төркүнү жок төгүндөө

Бирок “Ата Мекен” фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахманов аларга “Республика” фракциясынан кеңейтилген коалицияга кирүү үчүн сунуш болбогонун “Азаттыкка” билдирди:

“Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Равшан Жээнбеков аталган үчилтиктин коалициялык макулдашуусуна кол коюлуп, бирок аны расмий жарыялоонун кечеңдеп жатышынын себептерин башка жагдайлардан көрдү:

- Мүмкүн кайсы бир кызматтарды бөлүшө албай жатышабы же башка жагдайлар барбы, ал жагы белгисиз. Бирок кол койдук, маселе чечилди деп айтышкандан кийин анын шарттарын коомчулукка ачык айтып жарыялаш керек болчу. Ким саясий кызматтарга барат? Ким экономика үчүн жооп берет? Ким социалдык жүктү көтөрөт? Анын баарын ошол кол коюлганга чейин аныктап алышы керек эле. Кол коюлгандан кийин аны ачык жарыялап, коомчулукка алып чыгыша албаса, демек ал жерде кандайдыр бир маселе бар дегенди түшүндүрөт.

Бешиктеги “баланын” бек болоорун ким билди?

Аталган парламенттик коалицияга кирген үч фракциянын мүчөлөрүнүн жалпы саны 77 депутаттан турат. Макулдашууга ылайык коалицияга кирген фракциялар андан кеминде эки жылдын ичинде өз алдынча чыгып кетпөө тууралуу милдеттенме алышкан.

17-декабрь күнү Жогорку Кеңеш жыйналып, анда коалициянын атынан көрсөтүлө турган талапкерлерди төрагалык жана өкмөт башчылык орунга шайлоо жүргүзүлөт. Өмүрбек Бабанов коалициялык өкмөттөгү макулдашууга ылайык эң башкы жогорку үч кызмат бөлүштүрүлгөндүгүн айтып, өкмөттөгү калган орундарга талапкерлер башкаруучу коалициянын кеңешмесинин негизинде тандала тургандыгын белгиледи:

- Башкаруучу коалициянын макулдашуусуна ылайык, өкмөт башчылыкка КСДПдан А. Атамбаев, ЖК төрагалыгына “Ата Журттан” Акматбек Келдибеков, өкмөт башчысынын биринчи орун басарлыгына “Республикадан” Ө. Бабанов көрсөтүлдү. Өкмөттөгү калган кызмат орундары премьер-министр шайлангандан кийин башкаруучу коалициянын макулдашуусу менен жүргүзүлөт. Ага мисалы үчүн аталган фракциянын биринин дагы мүчөсү болбогон, шайлоодон өтпөй калган партиялардан болушу да мүмкүн.

Ошол эле учурда расмий эмес булактар өкмөттөгү социалдык секторду “Ата Журт” фракциясына, экономикалык бөлүктү “Республикага” жана коопсуздук, коргонуу жагын социал-демократтарга ыйгаруу маселеси макулдашылгандыгын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG