Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Лидерлер чечпегенди жумушчу топ чечеби?


Буга чейин КСДП фракциясынын коалиция куроо аракети майнапсыз аяктаган.
Буга чейин КСДП фракциясынын коалиция куроо аракети майнапсыз аяктаган.

Коалиция түзүү милдетин алган “Республика” фракциясынын демилгеси менен ар бир фракциядан түзүлгөн жумушчу топтор ишин баштады.

Бештен өкүл кирген бул топтор келечектеги коалициянын алдындагы маселелерди тактоого жана аныктоого тийиш. Айрым фракция лидерлери мындай аракеттин майнапсыздыгын айтууда.

Жаңы лидер жаңыча иш баштап...

КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү аракетин фракция лидерлери менен жекече сүйлөшүүлөрдөн баштаса, “Республика” фракциясы башкача жолду тандап алды. Ал ар бир фракциядан бештен өкүл кирген топторду түзүп, мына ошолордун иши аркылуу фракциялардын позицияларын, максаттарын, кимдер менен коалицияга барууга даярдыгын, коалициялык макулдашуунун шарттарын аныктап алууну чечти.
Өмүрбек Бабанов баштаган "Республика" мүчөлөрү депутаттык мандат алган күнү, 10-ноябрь.

“Республика” партиясынын маалымат катчысы Досалы Эсеналиевдин билдирүүсүнө караганда, алардын тобун депутат эмес, бирок партиянын мүчөсү Замирбек Эсенаманов жетектейт. Андан сырткары топко депутаттар Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев кирген.

КСДПнын жумушчу тобун депутат Чыныбай Турсунбеков жетектейт.

“Ар-Намыс” даярдаган топту партиянын төрагасынын орун басары Эмил Алиев жетектеп, курамында Акылбек Жапаров, Токон Мамытов жана башкалар бар.

“Ата-Журттун” тобунда депутат Марат Султанов, Юруслан Тойчубеков, “Ата Мекендин” тобунда Равшан Жээнбеков, Карганбек Самаков, Равшан Сабиров бар.

“Республиканын” тобу кечээ жана бүгүн фракциялар менен бир катар кеңешүүлөрдү өткөрдү. Бүгүн, шейшембиде КСДП жана “Ата-Журт” фракцияларынын топтору менен жолугушту.

КСДПнын тобунун жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун айтымында, жумушчу топторго “Республика” тарабынан ар кандай суроолор коюлуп,
алардын пикирлерин билүү аракети жасалууда:

- “Республиканын” экономикалык программасы менен өкмөттүн экономикалык программалары жөнүндө, кеңири коалиция жөнүндө, кайсы партия менен кызматташкыңыз келет деген суроолор берилди. Ар бир фракциядан ушуларды сурап жатат.

Чыныбай Турсунбеков мындай тактоолор келечектеги коалицияны түзүүгө жардам бериш керек деп эсептейт.

“Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Камчыбек Ташиев жумушчу топторду түзүүнү убакытты текке кетирүү катары бааласа, “Ар-Намыс” фракциясынын мүчөсү Каныбек Осмоналиевдин пикиринде, “Республика” жүргүзгөн иштеги өзгөчөлүк ийгилик алып келиши ыктымал:

- Азыр эми беш фракцияны бириктирген кеңири коалиция жөнүндө сөз болуп жатпайбы. Ал болбосо төрт фракцияны бириктирүү аракети жасалууда. Менимче, мунун чоң келечеги бар деп эсептеймин. Анын үстүнө ишке дагы мамиле башкача болуп жатат. Биринчи жумушчу топтор иштеп, бардык маселелерди карап, андан кийин лидерлердин катышуусу менен акыркы вариант каралат деп...

Каныбек Осмоналиев ошондой эле жакынкы күндөрү жогорку кызматтар боюнча жана башка маселелер да чечилип, коалициянын контурлары пайда боло баштайт деген ойдо.

Депутаттар ишенет, эксперттер эмне дейт?

Депутаттар коалиция түзүлүп калат дегендей ишеничте турган менен коомчулукта пессимисттик көз караш күч алууда. Эксперттик коомчулукта да ушундай эле маанай өкүм сүрүүдө. Маселен, саясат таануучу Элмира Ногойбаева жаңы коалициянын курамы кандай болоору белгисиз экендигин айтса, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров кеңири коалиция тез эле кыйрап калыш мүмкүндүгүн эскертет.

Ал эми “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев кеңири коалиция түзүлө турган болсо, анда оппозициясыз парламент кандай болот деген маселени коет.

Конституция белгилеген мерчемдерге ылайык “Республика” фракциясына 24-декабрга чейин коалиция түзүүгө убакыт берилет. Эгерде “Республиканын” аракети натыйжа бербесе, анда фракциялардын өз ара кеңешип, коалиция түзүүсүнө акыркы мүмкүнчүлүк берилет. Үчүнчү ирет да ийгилик болбосо, президент кайра шайлоо жарыялайт.

Бирок партиялар кайра шайлоону каалабайт. Ошондуктан алар экинчисинде болбосо да, үчүнчүсүндө айласыз коалиция түзүшөт деген пикирлер бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG