Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Э. Өмүралиев: “Республика” төрт партиядан турган коалиция түзө албайт


Эсенгул Өмүралиев "Азаттыктын" студиясында.
Эсенгул Өмүралиев "Азаттыктын" студиясында.

Саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев парламентте көпчүлүк коалиция жок дегенде төрт фракциядан түзүлүш керек деп эсептейт.

-Эсенгул мырза, президент коалиция түзүү милдетин “Республика” партиясына тапшырганына кандай карап жатасыз?

- Бул эми президенттин укугу. Ал мурда коалиция түзүүнү социал-демократтардан кийин “Ата Мекен” партиясына берем деп айтты эле. Бирок биринчи кадамдагы маселеден кийин “Республика” партиясына берди окшойт. Эми мунун жыйынтыгы кандай болот, бул башка маселе. Менин оюмча, үч фракциядан турган коалиция туруктуу болбошу көрүнүп калды. Кеминде төрт партиядан турган коалиция болушу керек. Ал эми “Республика” партиясынын төрт фракциядан турган коалиция түзүүгө щансы жок.

-Сиз жакшы билесиз, бул партия СДП түзүп, бирок максатына жетпей ыдыраган коалициянын мүчөсү. Ошол эле учурда ЖК төрагалыгына ошол коалиция сунуштаган талапкер, ”Ата Мекен”партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин өтпөй калуусунда да дал ушул партиянын ички ынтымаксыздыгы себеп болгону айтылууда. Ич ара ынтымагы жок делген партия коалиция түзө алат деп ишенүүгө болобу?

- Парламентке өткөн беш фракциянын экөө “Республиканы” колдобойт. Андай болгондон кийин кайрадан дагы үч фракция түзгөн коалиция туруктуу болбой калат, анткени ал жерде депутаттардын саны аз болуп калып атат. Ошон үчүн биз жакында сунуш кылганбыз: коалиция жок дегенде төрт фракциядан түзүлүшү керек. Эгер келечекти көздөсө кеңири коалиция, ошол парламентке өткөн беш фракция менен чогуу өтпөй калган дагы төрт-беш партияны кошуп, жалпы элди бириктирип, чоң бир кеңири коалиция түзүп, ошонун негизинде эл үчүн иштей турган өкмөттүн бир схемасын түзүп алууга жетишсек, жакшы болмок. Менимче, акыры жүрүп отуруп ошол сунушка келебиз го.

- Бул жерде кандайдыр бир ич ара сүйлөшүү болушу мүмкүнбү, президент менен “Республика”, КСДПнын ичинде? Анткени эгерде “Республика” түзө алган коалиция дагы Алмазбек Атамбаевди премьер-министрликке көрсөтө турган болсо, булардын ортосунда сүйлөшүү болгону анык болот деген пикирлер бар...

- Менимче, буга президент деле, Алмазбек Атамбаев өзү деле барбаш керек. Анткени биринчи түзүлгөн коалиция көрсөтпөдүбү, коалиция баары бир туруктуу боло албайт экен. Алар түзүлгөн күндө деле кайра эртеси бузулуп кетпешине кепилдик жок болуп атат. Эгерде бул баягы саясий көз караш болуп, бул парламенттин келечеги болбой калды, акырындап тараталы деген ойлор болсо, анда башка кеп. Андай болуп калышы да мүмкүн.

- Коомчулукта бүдөмүк ойлор болуп атат, эч бир партия коалиция түзө албайт го, баары бир парламент тарап жок болот окшойт деген. Сиз кандай ойлойсуз?

- Мен мындай ойлоп атам, эгерде кеңири коалиция болсо, парламентке өткөн беш фракция ичинен бирден өкүл чыгарып, алардын ичинен бирөөнү макулдашып, төрага тандашы керек. Ошого баары баш ийип, ошону шайлап алуулары тийиш. Ал эми өкмөттү парламентке кирген фракциялар кирбей калган 4-5 партияны кошуп, ортосунан премьер-министрди чыгарышы керек. Ошондой эле ал премьер-министрге өкмөттүн структурасын, программасын түзүүгө эркиндик берүүсү керек, ал өкмөт эч бир фракцияга көз каранды болбойт. Ошондо ал өкмөт программасы менен келип, Жогорку Кеңешке өткөн беш фракция көзөмөлдөп, бекитип, алардын ишине мүмкүнчүлүк берсе, алар иштей берет. Ал эми парламент андан-ары өз реформасын жүргүзө берет.

-Эсенгул мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG