Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Коалиция ыдырады


Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь, 2010-жыл
Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь, 2010-жыл

Президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери менен коалиция тууралуу кеңешүү өткөрүүдө. Азырынча өкмөттү куроо боюнча экинчи мүмкүнчүлүк эми кайсы фракцияга берилери белгисиз.

Парламентте спикерди шайлоо аракети ишке ашпай калгандан кийин үч фракциядан түзүлгөн коалиция ыдырады.

Жогорку Кеңеште белгисиз мөөнөткө тыныгуу жарыяланды. 3-декабрда парламент отурумунун башталганда коалиция түзүү милдетин алган Социал-демократтар фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаев сүйлөп, спикерликке сунушталган талапкер көпчүлүк добушка ээ болбой калгандан кийин коалиция ыдыраганын билдирди:

- Мага бир топ пикирлештер, санаалаштар парламенттик көпчүлүк түздүңөр, деп чалып куттукташкан. Мен ошондо саясат деген башкачараак эле, саясатта экиге экини кошкондо үч да болуп калат, беш да болуп калат деп айткам. Мына кечээ күнү көрдүңөр, үч фракция биригип, 67 депутат добуш бергенде эмнегедир 58 болуп калды. Саясат деген ушундай. Ошондуктан бүгүн деле калп эле 67 депутатпыз, парламентте көпчүлүкпүз деп айтып турсак, менимче, туура эмес болот.

А. Атамбаев президент Роза Отунбаевага эми башка фракцияга коалиция түзүү боюнча укук берүүнү өтүнүп кайрыларын билдирип, өкмөт түзүү боюнча кийинки аракет тез арада ишке ашат го деп үмүттөнөрүн айтты.

2-декабрда парламенттин жыйыны өтүп анда коалицияны түзгөн Социал-демократтар, “Республика” жана “Ата Мекен” фракциялары биргелешип төрагалыкка Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин көрсөтүшкөн. Спикерди шайлоо талаш-талкуу менен түн бир оокумга чейин созулуп Ө. Текебаев көпчүлүк добушка ээ болбой калды. “Ата Мекендин” лидерин колдоп парламентте 58 депутат добуш берди, ал эми 59у каршы болду.

Жогорку Кеңештин бул баштан-аяк жыйыны кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Депутаттар түштүк коогасын иликтеп саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү боюнча гана макулдаша алышты.

Президент Р. Отунбаева Жогорку Кеңештеги беш фракциянын лидерлери менен бир-бирден кеңешүү өткөрө баштады. Эми президент коалиция түзүү боюнча экинчи мүмкүнчүлүк кайсы фракцияга берилерин аныкташы керек. Буга чейин Р. Отунбаева Социал-демократтардын өкмөт куроо аракетинен майнап чыкпаса, мындай мүмкүнчүлүк андан кийин “Ата Мекенге” берилерин айткан. Талдоочулардын баамында, аталган фракциянын лидери төрагалыкка өтпөй калгандан кийин аларга өкмөт куроо милдети жүктөлүп жүктөлбөсү арсар болуп калды.

"Азаттыктын" тасмасы: Парламенттин 2-декабрдагы отуруму

Өмүрбек Текебаев төрага болбой калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00

XS
SM
MD
LG