Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Т.Акеров: Түзүлчү өкмөт натыйжалуу иштебеске аргасы жок


Табылды Акеров
Табылды Акеров

“Азаттыктын” таңкы түз обосунда саясий серепчи Табылды Акеров түзүлгөн коалиция жана алар түзчү болочок өкмөт тууралуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кечээ коалиция түзүү милдети жүктөлгөн КСДП башкаруучу коалиция түзүүгө жетишти. Бул коалицияга “Ата Мекен” менен “Республика” партиялары кирди. Коалициялык келишим боюнча А.Атамбаев премьерликке, Ө.Бабанов биринчи вице-премьер кызматына, Ө.Текебаев спикеликке ээ болгон турушат. Кандай ойлойсуз, бул лидерлер түзгөн өкмөт эффективдүү жана өз мөөнөттөрү бүткүчө иштеп кетеби?

Т.Акеров: Эми башында эле бул бардык варианттар арасынан эң ыңгайлуу, эң боло турган вариант деп эсептелинген болчу. Мына акыр аягында кайра эле ошол эле вариантка келип токтолушту. Ошондуктан алар биргелешип иштеп кетет го деп ойлойм. Бирок азыр министрликтерди, мындайча айтканда протфелдерди бөлүштүрүүдө талаштар болушу мүмкүн. Бирок алар иш жүзүндөгү гана нерселер болот. Демек алар чогуу-чаран иштеп кетет деген үмүт бар.

“Азаттык”: Азыркыдай кырдаалда болочок өкмөттүн алдында эң маанилүү, зарыл делген аткарыла турчу кандай иштерди баса белгилеп айтат элеңиз?

Т.Акеров: Бүгүнкү күндө негизги маселе, экономиканы чыңоо үчүн жаңы, биргелешкен программаны иштеп чыгып, элге тартуулаш керек. Мына биз көптөн бери толук кандуу өкмөтсүз жашап атабыз. Ошондуктан көп маселелер чечилбей келди. Азыр деле Бишкек шаарында жылуулук толук кандуу берилбей, элдин кыйла бөлүгү ооруп, бийликке абдан нааразы болуп атат да. Мисалы, Бишкек ТЭЦи жылуулукту аз берип, ушул сыяктуу өздөрүнүн саясатын жүргүзүп аткан мекемелер көп. Ошолордун баарын теске салып, баарын орду-ордуларына келтириш керек. Болбосо элдин кыжырлануусу башталып, буларга дагы каршы акциялар болуп кетиши мүмкүн.

“Азаттык”: Коалицияга кирген эки партия, “Республика” менен КСДП лидерлери өздөрүн орусиячыл саясатчы катары көрсөтүп жүрүшөт. Эми ушул лидерлер кошулган коалиция Кыргызстанда парламентаризмдин бекемделишине кепил боло алышабы? Себеби Орусия жетекчилиги биздеги парламенттик башкарууга сын көз карашын айтып келатпайбы...

Т.Акеров: Кепил боло алат. Эми бул жерде Орусия менен маселелер тек гана партиялардын жеке кызыкчылыктары үчүн болуп атты. Мисалы, орусиячыл партиялар “Ата Мекен” партиясы азыраак талап кылыш үчүн, спикерликтен башка кызматтарды талап кылбоосу үчүн өздөрүнүн позициясын бекемдешке аракет кылышты. Орусия деле орусиячыл партиялар бийликке келишин каалады. Бирок баары бир ички иштерге анчейин кийлигише албайт да. Мына ошондуктан акыры келип коалиция “Ата Мекен”, “Республика”, КСДП партияларынын негизинде түзүлдү. Ошондуктан бул жерде маселер ички талаштардын негизинде гана жүрүп атты.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG