Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

КСДП: Коалиция түзүү иштери жыйынтыкталып калды


Парламенттин эмки жыйыны 1-декабрга чакырылышы ыктымал.
Парламенттин эмки жыйыны 1-декабрга чакырылышы ыктымал.

КСДП депутаты Чыныбай Турсунбеков парламентте көпчүлүктү түзгөн коалиция куруу аракеттери жыйынтыктоочу баскычка келгенин билдирүүдө.

"Азаттык": Мына КСДП партиясы кечээтен бери “Ата-Журт” партиясы менен коалиция түзүү багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү маалым. Бул сүйлөшүүлөр кандай жыйынтык берүүдө?

Ч. Турсунбеков:
Негизинен биз “Ата-Журт” партиясы менен дагы коалиция түзүү боюнча бир топ маселелерде түшүнүшүү таба алдык деп ойлойбуз. Биз эки-үч вариантка токтолуп турабыз. Ал КСДП -“Ата Мекен”-“Ата-Журт” болушу ыктымал. Ошондой эле КСДП -“Ата Мекен”-“Республика”, же болбосо КСДП -“Республика”-“Ата-Журт” менен чогуу болушубуз ыктымал болуп калды. Азыркы тапта сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында коалициялык келишим, программаларды тактап, жыйынтыктоо учуруна келип калдык.
Чыныбай Турсунбеков

"Азаттык": Учурда кайсы үчилтик түзүлөөрү туурасында так айтуу кыйын болуп турабы?

Ч. Турсунбеков: Азыр үч вариант тең бар. Ачыгын айтыш керек, биз берки партиялардын фракциялык жыйындарынын жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Бүгүн, эртең айрымдарыныкын. Бир партия толугу менен өзүнүн жыйынтыгын берген. Алар менен толук тил табышканбыз. Дагы бир партия бүгүн беребиз деп жатышат. Аларда да макулдашуу бар. Эми акыркы жыйынтыгын күтүп жатабыз. Айтор алардын өздөрүнүн ички партиялык жыйынтыктары бүгүн, эртең берилсе, биз чекит коёбуз.

"Азаттык": “Ар-Намыс” партиясы КСДП менен коалиция түзүүдөн баш тарткандан кийин коалиция түзө ала турган төрт гана партия калбадыбы. Ушул төрт партия коалиция түзүшү мүмкүнбү?

Ч. Турсунбеков: Мүмкүн. Андай дагы вариант бар. Ал төртүнчү вариантыбыз.

Азаттык: Парламент 1-декабрдан баштап иштейт деген маалыматтар бар. Коалиция качан жарыяланып, Жогорку Кеңеш качан ишин баштайт?

Ч. Турсунбеков: Эми кудай буйурса биздин лидерибиз дүйшөмбү күнү түштөн кийин президентке коалиция түзгөндүгү туурасында маалымат берүүгө ниеттенүүдө. Демек Жогорку Кеңештин жыйыны үчүнчү күнгө, 1-декабрга чакырылат.

"Азаттык": Коомчулукта КСДП коалиция түзө албай да калышы да мүмкүн, бул милдет “Ата-Мекен” партиясына берилиши ыктымал дегендер да болууда. Мындай ыктымалдуулук барбы?

Ч. Турсунбеков: Эми ачыгын айтканда оюн жүргүзүп жаткан партия болушу толук ыктымал. Бирок биздин бардык аракетибиз ушул коалицияны түзүп, элдин дагы түшүнүп турганы үчүн, эртеңки элдин акыбалы үчүн биз да тынчсызданып жаткан үчүн эртерээк коалиция түзөлү деп биз бардык эле партияларга сунуштарыбызды бердик. Айрым партиялар отуз-кырк күндөп белгилүү бир чечимге келе албай жатат. Кээ бирлери отуз-кырк күндөп бири-бири менен келише албай жатат. Бирок биз ачык айтып коёлу. Үч партия менен түшүнүүгө биз толук жетиштик. Эми анча-мынча ал партиялар арасында түшүнүүгө жетише алсак, анда маселе чечилет.

"Азаттык": Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG