Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

“Ар-Намыс” коалициялык “оюндан” чыкты


25-ноябрда "Ар-Намыс" лидери Феликс Кулов КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевге сунушталган коалицияга кирбей турганын айткан расмий кат жолдоду.
25-ноябрда "Ар-Намыс" лидери Феликс Кулов КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевге сунушталган коалицияга кирбей турганын айткан расмий кат жолдоду.

“Ар-Намыс” партиясы коалиция түзүү тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын сунушун кабыл алган жок.

Муну менен социал-демократтардын тандоосу кыскарып, маселеси татаалдашып калды

“Ар-Намыс” эмне үчүн баш тартты?

25-ноябрда “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун жообун КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевге партия төрагасынын орун басары Эмил Алиев алып келип тапшырды. Ал тууралуу Алиев “Азаттыкка” кыска гана маалымат берди:

- Мен 25-ноябрда саат 11де кирип туруп, расмий катты тапшырып бергенмин, ошонун менен болду.

Расмий катта “Ар-Намыс” фракциясы КСДП сунуштаган шартта коалицияга кирбей турганы маалымдалган.
Президент Роза Отунбаева коалиция түзүүнү КСДПга тапшырган.

Феликс Куловдун маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, Алмазбек Атамбаев “Ар-Намыска” Жогорку Кеңештин төрагалыгы кызматын сунуштаган. Бирок төрага түштүк региондон чыккан депутат болууга тийиш деген. Ал эми Феликс Куловдун өзүнө Башкы прокурорлук же Улуттук банктын төрагасы кызматтарын карап көрүү сунушталган. Соңунда “Ар-Намыс” мындай шартта коалицияга кирүүдөн баш тартты.

“Ар-Намыс” коалицияга кирүүнүн шарты катары өкмөт башчылык кызматты талап кылууда. Мындай талапты канааттандыруу мүмкүн эместигин КСДПнын өкүлү Фарид Ниязов билдирип, социал-демократтар башка варианттарда коалиция түзүүгө аракет кылышаарын белгиледи:

Бизде коалиция түзүүнүн варианттары бар. Биз анын үстүнөн ишибизди уланта беребиз. Ал варианттар мындай: КСДП - “Республика” - “Ата Мекен”, мындан сырткары КСДП - “Республика”- “Ата-Журт”, КСДП- “Ата Мекен” - “Ата-Журт” менен коалиция түзүү варианттары бар. Булардын ичинен негизги вариант катары КСДП - “Республика” - “Ата Мекен” ортосундагы коалиция түзүү кала берүүдө.

КСДП эмки дүйшөмбүгө парламент жыйынын чакырмакчы


Партия өкүлү Фарид Ниязов дүйшөмбү күнгө Жогорку Кеңештин жыйынын чакыруу демилгеси көтөрүлүп жатканын да билдирди. Парламент жыйынынын күн тартибине КСДП коалициянын түзүлүшүн жарыялоо, программаны бекитүү жана өкмөттүн курамы, структурасын аныктоону сунуштап жатат. Бул маселелер боюнча парламентте өкмөт башчылыкка талапкер чыгып сүйлөйт.

Жогорку Кеңеште жашы жагынан эң улуу депутат катары парламент төрагалыгы милдетин аткарып жаткан Ташболот Балтабаев сессия чакыруу тууралуу ага азырынча сунуш түшө электигин билдирди:
Ташболот Балтабаев.

- Мына мен дагы ММКлардан окуп, угуп жатам, дүйшөмбү күнү сессия чакырылат, анан Балтабаевге биз кат жөнөттүк деген маалыматтарды. Бирок мен азырынча эч кандай кат түрүндө, же оозеки түрүндө коалиция түзүлгөндүгү жөнүндө, ага байланыштуу сессияны чакыруу керектиги жөнүндө маалымат ала элекмин.

Балтабаевдин айтымында, “Ата Мекен” – КСДП - “Республиканын” коалиция түзүүсү боюнча ар кандай ушак-айыңдар чыгууда. Буга жол бербеш үчүн коалициянын демилгечиси өнөктөштөргө берген сунуштарын коомчулукка да ачыктоого тийиш.

Кыргызстан социал-демократиялык фракциясы 25-ноябрда “Ата-Журт” фракциясынын лидери Акматбек Келдибеков менен сүйлөшүү өткөрдү. КСДП өкүлү Фарид Ниязовдун айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы азырынча ачыкталбайт. Анткени алар дагы уланат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG