Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

СДП коалиция түзүүгө "Ар-Намысты" чакырды


СДП лидери Алмазбек Атамбаев
СДП лидери Алмазбек Атамбаев

СДП фракциясынын башчысы Алмазбек Атамбаев "Ар-Намыс" лидери Феликс Куловго башкаруучу коалицияга кирүүнү сунуштады.

Бул сунушка ылайык парламенттеги көпчүлүктү түзгөн коалиция КСДП, "Республика" жана "Ар-намыс" партияларынын ортосунда куралыш керек.

"Ар-намысчылар" ойлонууда

"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов
Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев «Ар-Намыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен жолугушуп, Жогорку Кеңеште коалиция түзүү маселеси боюнча сүйлөшкөнүн СДПнын маалымат кызматы кабарлады. Анда эки партия лидери парламенттеги кызматташуу тууралуу мүмкүнчүлүктөрдү карап, маселени фракцияларда талкуулоо чечимине келген. Айрым маалыматтарга караганда, Феликс Кулов Алмазбек Атамбаевдин сунушуна эки күн ичинде жооп берүүнү убада кылган.

Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев бүгүн “Ата-Журт” фракциясынын башчысы Акматбек Келдибеков менен да жолугушары күтүлүп жатканын “Азаттыкка” СДПнын координатору Фарид Ниязов кабарлады.

"Ата Мекен" эмне болду?

Буга чейин парламенттеги башкаруучу коалиция СДП, "Ата Мекен" жана "Республика" партияларынын ортосунда түзүлөөрү көбүрөөк айтыла баштаган. Бул үчүн үч тараптуу сүйлөшүүлөр акыркы күндөрдө тынымсыз жүрүп жатканы да кабарланган.
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, аксакал депутат катары парламент төрагасынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Ташболот Балтабаев кечээ эле "Азаттыкка" бул багытта сүйлөшүүлөр уланып жатканын, бирок коалиция түзүү алдында катаал шарттар турганын айткан болчу. Кыязы тараптар ошол шарттар менен келише албай, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы туңгуюкка кептелгендей. "Ата Мекен" партиясы азырынча соңку өзгөрүүлөр тууралуу эч кандай маалымат тарата элек.

Конституцияда коалиция түзүүгө Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышынан кийин 15 гана жумушчу күн берилген. Жаңы парламенттин алгачкы жыйыны 10-ноябрда өткөнүн эске алсак бул мөөнөт соңуна чыгышына саналуу гана күндөр калды. Президент Роза Отунбаева болсо коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн Социал-демократтарга тапшырган. Демек бул партия үчүн маселени чечүүчү убакыт чукулдап калды.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG