Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Коалиция маселеси бышып калды


Жаны парламенттин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь.
Жаны парламенттин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь.

Жогорку Кенеште коалиция түзүү маселеси ушул жумада чечилип калышы ыктымалдыгы айтылууда.

Өткөн аптанын аягында коалиция түзүү милдетин колуна алган КСДП биригүү маселесин “Ата Мекен” жана “Республика” партиялары менен талкуулады.

Талаш эмнеде?

Белгилүү болгондой 11-ноябрь күнү президент Роза Отунбаева коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн Социал-демократиялык партиясына тапшырган. Ошондон бери парламенттик шайлоодо арбын добушка жеткен беш партиянын ичинде бейформал сүйлөшүүлөр болгону айтылып жатканы менен андан кайсы бир партиялар бир пикирге келишкени тууралуу расмий маалымдалган эмес.

19-ноябрь күнү Социал-демократтар “Ата Мекен” партиясы менен жолугуп, айрым бир маселелер боюнча гана тил табышканы, негизги маселе “Республика”, “Ата Мекен” жана Социал-демократиялык партиянын биргелешкен сүйлөшүүсүндө каралуусу зарылдыгы кабарланган. Үч партиянын жолугуп, сүйлөшкөнү тууралуу маалымат берилген жок, бирок ошол эле күнү кечинде “Республика” фракциясы жыйын өткөрүп, соңунда партиянын лидери Өмүрбек Бабанов партия мамлекеттин кызыкчылыгы жана бүтүндүгү үчүн өкмөт башчылыктан да, ЖК төрагалыгынан да баш тартарын, бардык партиялар менен кызматташууга даярдыгын билдирип, бирок башка партиялар “Республиканын” тышкы саясаттагы, социалдык-экономикалык багыттагы саясатын колдоого алыш керек деген шартын койду.

Равшан Жээнбеков
Айрым пикирлер боюнча партиянын бул билдирүүсүндө популисттик мүнөз ачык көрүнүп калды. “Ата Мекен” партиясынын лидеринин орун басары Равшан Жээнбеков билдирүү популисттик мүнөздө деген пикирлерге кошулса да, кошулбаса да болот деп эсептейт:

- Менимче, “Республика” премьер-министрлик дагы, ЖК төрагалыгынын ордуна дагы ат салыша албайт болчу. Алар коалицияга кире турган болсо албетте, өкмөттүн кайсыдыр бир бөлүгүнө ат салышмак. Алардын бул билдирүүсү – жалпысынан туура эле, анткени алар түшүнүп турушат: эгер азыр бирикпесек, баарыбыздын абалыбыз кыйын экенин...


Муз ордунан жылды


Равшан Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жума аягында “Ата Мекен” менен Социал-демократиялык партиялары тил табышты, бул “муз ордунан жылды” дегенге барабар:

- Бул жумада кененирээк жолугушуу болору мүмкүн, мында эми мурдагыдай лидерлер гана эмес, жалпы фракциялардын жолугушууга, сүйлөшүүлөргө катышуусу менен. Мүмкүн жыйынтык чыгат, анткени партиялар бири-бирине жакындай түштү, абал мурдагыдан алда канча жакшы.
Чыныбай Турсунбеков

Жума аягында өзүнө болочок өнөктөш деп эсептеген “Ата Мекен” жана “Республика” партиялары менен сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун, коалиция түзүү маселеси алдыга жыла баштаганын Социал-демократиялык партиянын саясий кеңеш мүчөсү Чыныбай Турсунбеков да ырастады. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча бул жумада жыйынтык чыгат деген үмүт бар:

-Ушул жумада жыйынтык чыгышы керек деп ойлойм. Анткени бир жагынан убакыт кыстап турат, экинчи жагынан айрым партиялар менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин алга жылуулар болду. Ошондуктан, жакынкы күндөрү бир жыйынтык көрүп калабыз го деген үмүтүм бар.

"Ата-Журтка" коалиция түзүү тууралуу расмий сунуш боло элек

Парламенттик шайлоо аяктап, расмий жыйынтык чыгарылгандан бери Жогорку Кеңеште эки коалиция түзүлөт деген божомолдор арбын айтылып келген. Ал божомолдор боюнча солчул Социал-демократтар менен “Ата Мекен” партиясы, буларга “Республика” кошулат, ал эми оңчул “Ар-Намыс” менен “Ата-Журт” партиясы бирге болот деп айтылууда. “Ата-Журт” партиясынын төрагасы Мыктыбек Абдылдаевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, азырынча партияга коалиция түзүү тууралуу сунуш Социал-демократтардан расмий түрдө түшө элек:

- Расмий түрдө коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү берилген фракциянын лидери башка партияларга сунушун бериши керек. Бизге азырынча Социал-демократиялык фракциянын лидери эч кандай сунушун билдире элек. Эгер мырза Атамбаев туура көрсө, эртең-бүрсүгүндөн сунушун бериши керек, ошондон кийин биз принципиалдуу позицияда аны карап көрөбүз. Эртеңден баштап, акивдүү фаза башталат го, анткени бир жума эле убакыт калып атпайбы.

Мыктыбек Абдылдаев “Ата-Журт” менен башка партиялар арасында бейформал сүйлөшүүлөр болуп келатканын, партия кеңейтилген коалиция түзүүгө, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн бардык партиялар менен биригүүгө даярдыгын башында эле билдиргенин кошумчалады.

Мыйзам боюнча коалиция он беш жумушчу күндүк мөөнөттө түзүлүүгө тийиш. Президент Роза Отунбаева Социал-демократтарга коалиция түзүүгө 27-ноябрга чейин убакыт берген. Келаткан жумада бул мөөнөт аяктайт, бул аралыкта коалиция түзүү маселеси чечилсе, ал өкмөт курамын куроого, ЖКнын структурасын түзүүгө, жалпы эле өлкөдө толук кандуу мыйзамдуу бийлик орноосуна шарт түзөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG