Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

КСДП өнөктөштөрүн чамдоого чакырды


Жаңы парламенттин алгачкы отуруму, алдыда КСДП фракциясы, 10-ноябрь.
Жаңы парламенттин алгачкы отуруму, алдыда КСДП фракциясы, 10-ноябрь.

Бишкекте коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок азырынча андан натыйжа байкала элек.

Кыргызстан социал-демократиялык фракциясы бул жума, коалицияны түзүү боюнча чечүүчү жума экенин белгилөөдө.

Чечүүчү жума

Кыргызстан социал-демократиялык фракциясы парламентте көпчүлүктү камсыз кыла турган коалиция түзүүнүн үстүндө10-ноябрдан бери аракеттенип келатат. Социал-демократтар «Республика» жана «Ата Мекен» фракциялары менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, үч партиянын ортосунда коалиция түзүүнү көздөп жатканы белгилүү.

Бүгүн, дүйшөмбү күнү Алмазбек Атамбаев «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов менен жолугушту. Дем алыш күндөрү «Ата Мекендин» лидери менен дагы жолугушууларды өткөргөн.
КСДП лидери Алмазбек Атамбаев

Бирок ал жолугушуулардын натыйжасы жөнүндө маалымат жок. Расмий эмес маалыматтарга караганда, социал-демократтар коалиция боюнча өнөктөштөрүнө басым жасап, тезирээк коалиция түзүүгө чакырып, эгерде «Республика» жана «Ата Мекен» менен коалиция болбой калса, анда башка конфигурациядагы коалиция түзүүнү караштыраарын билдирүүдө.

Башка партиялар болсо “Ар-Намыс” менен “Ата-Журт”. КСДП бул партиялар менен расмий эмес байланышта болууда. КСДПнын өкүлү Фарид Ниязовдун айтымында, Алмазбек Атамбаев мына ушул эки фракция менен кеңешүүлөрдү жүргүзүүнү белгилеп жатат.

«Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев аларга азырынча эч кандай сунуш түшө электигин билдирди:

- Бизге расмий түрдө эч кандай маалымат боло элек. Сүйлөшүүлөр болбогондон кийин бирдеме айтыш кыйын. Сүйлөшүүлөр болсун, эртең-бүрсүгүнү эгерде сунуштар түшсө, мына ошондо айта баштайбыз.

Татаал шарттар

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү, жашы эң улуу депутат катары Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Ташболот Балтабаевдин айтымында, жакынкы күндөрү КСДП жана «Ата Мекен» фракцияларынын бардык мүчөлөрүнүн катышуусунда сүйлөшүү болушу белгиленген:
Ташболот Балтабаев

- Өткөн жумадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кеңейтилген форматта сүйлөшүү жүргүзөлү деген план пайда болгон эле. Эми бүгүн болбосо дагы эртең болуп калат го деймин.

Балтабаевдин айтымында, үч тараптуу коалиция түзүүнүн алдында дагы эле татаал шарттар турат. Бул ар бир партиянын экономикалык, социалдык программаларына, шайлоо алдындагы убадаларына байланыштуу маселелер.

Белгилүү болгондой, Конституция коалиция түзүүгө Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышынан кийин 15 гана жумушчу күн берген. Алгачкы жыйын болсо 10-ноябрда өткөн. Ошондуктан коалиция түзүү боюнча социал-демократтарга бул жума эң эле чечүүчү жума.
Ташболот Балтабаевдин эсеби боюнча, жакынкы күндөрү коалиция боюнча сүйлөшүүлөр, келишимдер аяктабай калса, анда маселе татаалдашып кетет. Анткени убакыт чукулдап баратат.

Убакыттын аздап баратканын Кыргызстан социал-демократиялык партиясы да белгилеп, мына ошондуктан коалиция боюнча өнөктөштөрүн кысымга алууда.

Эл аралык уюмдар да фракцияларды тезирээк коалиция түзүүгө чакырып, бул маселе декабрь айынын башында Казакстанда боло турган ЕККУнун саммитине да байланышы бар экенин белгилешти. Анткени саммитте Кыргызстанга андан ары жардам берүүнүн маселеси да талкууланат.

Президент Роза Отунбаева дүйшөмбү күнү прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата жыйында сүйлөгөн сөзүндө коалициялык өкмөт ушул жумада куралып калаарын билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG