Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Тар коалиция кыйрап, кеңири коалиция калдыбы?


Коалиция түзүүнү президент КСДПга тапшырган.(Сүрөттө: парламенттин алгачкы жыйыны, алдыда КСДП депутаттары, 10-ноябрь.)
Коалиция түзүүнү президент КСДПга тапшырган.(Сүрөттө: парламенттин алгачкы жыйыны, алдыда КСДП депутаттары, 10-ноябрь.)

Парламентте фракциялар ортосунда коалиция түзүүдө кырдаал бир топ чаташып, татаалдашып калганы байкалууда.

КСДП фракциясы коалиция түзүү аракетин улантып, 24-ноябрда фракция лидери Алмазбек Атамбаев “Ата-Журт” фракциясынын лидерлери менен жолугуп, сүйлөшүү өткөрдү. “Ар-Намыс” фракциясы КСДПнын коалиция түзүү сунушуна бейшемби күнү жообун бериш керек.

Коалиция түзүү татаалдады

“Республика” жана “Ата Мекен” менен коалиция түзүү анча ийгиликтүү боло бербегенден КСДП “Ар-Намыска” коалицияга кирүүнү сунуштады. “Ар-Намыс” 25-ноябрда жообун берүүгө тийиш.

КСДП “Ар-Намыс” эле эмес “Ата-Журт” менен эки күндөн бери сүйлөшүү өткөрүүдө. 24-ноябда болгон Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүгө “Ата-Журттан” фракция лидери Акматбек Келдибеков, Мыктыбек Абдылдаев жана Садыр Жапаров катышкан.

Акматбек Келдибеков сүйлөшүүлөр тууралуу буларды билдирди:

Акматбек Келдибеков


- Кечээкидей эле кеңешүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эртең дагы кийинки баскычы болот. Ар түрдүү варианттардын баарын карап жатабыз. Кеңири коалиция жөнүндө сөз болууда.

"Ар-Намыс" өкмөттү суроодо

Социал-демократтардын коалиция түзүү сунушуна “Ар-Намыстын” жообу даяр болуп калганы байкалууда. Коалицияга баруунун шарты катары “арнамысчылар” өкмөттү аларга берүү талабын коюшмакчы.

Фракциянын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу партия мүчөлөрү ушундай талап коюп жатканын айтат:

Турсунбай Бакир уулу


- Социал-демократтар айткан сунушка макул болбогула деп партия мүчөлөрү бизге катуу тапшырма беришти. Жогорку Кеңештин төрагалыгы же Баш прокурорлуктун кереги жок. “Ар-Намыс” партиясы жетектесе өкмөттү жетектесин деп, кечээ Жалал-Абадда, Ошто айткан сөздү баткендиктер да бир добуштан көтөрүштү. Сунуштарга макул болбогула, өкмөттү башкаргыла же оппозицияда болгула деп айтышты.

Турсунбай Бакир уулу партия лидери Феликс Куловдун 25-ноябрда КСДПга жообу шайлоочулардын талабына жараша болоорун да боолголойт.

Бул арада социал-демократтар кайсы фракция менен болоору дайын боло электигин, коалиция жакын арада түзүлүп калаарын айта башташты. КСДПнын өкүлү Фарид Ниязов алдыдагы иштер тууралуу буларды кабарлады:

Фарид Ниязов


- Парламенттин жыйыны дүйшөмбү күнү болуп калат го. Мына ошондо КСДПнын лидери коалициянын түзүлгөнүн жарыялайт. Андан кийин бизде төрт жумушчу күн калат. Анын ичинде калган бардык процедуралык иштер бүткөрүлөт.

Фарид Ниязов “Ар-Намыстын” өкмөттү суроосу расмий түрдө болбогондуктан, аны КСДП талкуулай электигин да кошумчалады.

Саясат таануучулар боолголойт

Саясат таануучу Марат Казакпаев:

- Менин оюмча, КСДП-“Республика”-“Ар-Намыс” ортосунда коалиция болсо, буга президент макул болбой коёт го менин оюмча. Ошондуктан Атамбаев коалиция түзгөндө төрт партия менен түзөт. КСДП -“Республика” - Ата Мекен”-“Ар-Намыс” менен. Менин оюм ушундай.

Эксперт Элмира Ногойбаева КСДПнын “Республика” жана “Ар-Намыс” менен коалициясынын кемчиликтерин белгиледи:

- Биринчиден өтө күчтүү регионализм болуп калат. Экинчиден, булар Кремлге жакын партиялар. Үчүнчүдөн, бул толук кандуу коалиция болбой калат. Анын курамынан түштүк электораты эле эмес, улуттук-патриоттук күчтөр кирбей калат. Ошондуктан коалиция башкачараак болуш керек, - деген Элмира Ногойбаева компромисске баруунун мектебинен өтүү үчүн ар түрдүү багыттагы жана региондорду камтыган коалиция керектигин кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG