Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

“Ырыс алды ынтымак” коалициясы эмне үчүн ыдырады?


5-чакырылыштагы парламенттин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь, 2010-жыл
5-чакырылыштагы парламенттин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь, 2010-жыл

2-декабрда Жогорку Кеңеш депутаттары парламент төрагасын шайлай албай, өкмөт курамын да бекиткен жок.

Коалиция куруу мандатын алган Cоциал-демократиялык фракциянын лидери Алмаз Атамбаев президент Роза Отунбаевага кайрылып, коалиция курууну башка партияга тапшырууну суранды. “Азаттыктын” кезектеги тегерек үстөл талкуусу “Ырыс алды ынтымак” коалициясынын ыдыраганына арналды.

Талкууга катышкандар:

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев

Жалал-Абаддан коомдук-саясий активист Төрөкан Алимов

“Азаттык”: Апрель ыңкылабын ишке ашырган мурунку оппозиционер-демократтар түзгөн коалиция төраганы шайлоодо туңгуюкка кептелди. Буга эмне себеп болду, Равшан мырза?

Равшан Жээнбеков: Менин оюмча, бул жерде эң маанилүү эки нерсе алды. Биринчиси, “Ар-намыс” жана “Ата Журт” партиясы биригип алып системалуу коалицияга каршы оппозициялык маанайда иштеди. Экинчиси, алар коалициянын ичинде кээ бир адамдар менен сүйлөшүп, аларды өз тарабына тартып кетти.

“Азаттык”: Темир мырза, кечээ күнкү парламент жыйынынын жүрүшүн, же болбосо депутаттардын мамлекеттик саясатты оюнга айландырганын сиз кандай кабыл алдыңыз?

Темир Сариев
Темир Сариев:
Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Парламенттин шайлоо жыйынтыгы чыккандан кийин эле бул белгилүү болгон. Анткени чынын айтыш керек, негизги локомотив болгон үч партиянын экөө шайлоодо өтүп, бирөө өтпөй калды. Ошондон эле күчтөрдүн кандай жайгашканы билинип турду.

Тилекке каршы "Республика" партиясында фракциялык тартип бош болуп атат, анын башында турган адамга башкаруу кыйын болуп атат, анткени ал жерде ар түрдүү багыттагы адамдар бар, алардын өз кызыкчылыгы бар.

Үчүнчүсү, парламентте ачык-айкын сүйлөшүү, коалицияны биз жаңыдан түзүп атабыз. Бул өзү оор абдан. Анткени ар бир адамдын амбициясын канааттандыруу өтө кыйын. Ушулардын негизинде биринчиси жыдып калды.

Дымактар күчтүү, убадалар көп

“Азаттык”: Темир мырза, сиз айткан парламенттик жүрүм-турум, же болбосо парламенттик демократиянын өзгөчөлүктөрү албетте туура. Бирок өнүккөн демократиясы бар өлкөлөрдөгү парламентарийлер балким өздөрүн ушундай ээн-эркин алып жүрөр. Ал эми Кыргызстандагы азыркы кырдаал башка шартты, башка жүрүм-турумду талап кылат деп биздин угармандарыбыз, Кыргызстандын калкы да кооптонууда. 120 депутат эл алдында бирди айтканы менен иш жүзүндө көздөгөнү таптакыр башка экенин көрсөттү деп айтып атышат?

Темир Сариев: Бул бийликтин табияты ушундай болот. Шайлоонун астында абдан кооз сөздөрдү айтып, убадаларды беришет, келип иштегенде башкача болуп калат. Буга, биринчиден, биздин шайлоо маданиятыбыз жетпей жатат. Экинчиден, партиялык институттардын тажрыйбасы аз. Биз жаңыдан баштап келатабыз. Үчүнчүдөн, бирине-бири капталып калды. Эгерде спикер шайланып туруп коалицияны түзө турган болсо, анда оңой болмок.

Равшан Жээнбеков
Анан биринчи жолу СДПКга бергенде, булар спикерди да шайлап, комитеттин башчыларын да шайлап, ошол эле убакта өкмөттү да түзүп, анын курамын түзүш керек болчу. Экөө бири-бирине капталып калды. Ошондон улам оорчулук болуп атат.

Бул мыйзам ченемдүү нерсе, мындан трагедия кылуунун кереги жок. Эми президент дагы бир партияга мүмкүнчүлүк бериш керек. Алар да жыдып калса, парламентти таратып жаңы шайлоо болот. Бирин-бири көзөмөлдөп, бири-бирине тең салмактуулук деген ушул да. Мажбур деген бар, экинчи жолу булар да ойлонушат. Бирок мен ойлойм, жакын арада коалиция түзүлөт деп.

“Азаттык”: Равшан мырза, сиз Темир мырзанын айтканына кошуласызбы?



“Азаттык”: Равшан мырза, сиздин айтканыңыздын жүйөсү бардыр, бирок ошол эле мезгилде спикерликке Ө.Текебаевдин талапкерлиги талкууланганда анын жеке мүнөзүнө, жүрүм-турумуна чейин талкуу болду. Ошол эле кезде анын беделине шек келтирген да нерселер айтылды.

Таанымал жазуучу, мурдагы парламентарий Казат Акматов “Азаттыкка” мындай деген оюн билдирди:
"Республика" партиясында фракциялык тартип бош болуп атат, анын башында турган адамга башкаруу кыйын болуп атат.


- Бул жалпы эле депутаттардын саясий-этикалык деңгээли төмөн экенин көрсөтүп койду. Булар мурдатан мамлекеттин, элдин тагдырын, улуттун тагдырын ойлобостон, ич-ара майдаланып, бирин-бири кулатып, тоголото чаап жок кылыштын амалын ойлоп атышты. Ушуга келмек болчу.

Эгер Ө.Текебаев өтпөсө анда башка бир дагы талапкер өтпөйт мындан кийин. Себеби коалиция өзүнүн кайдыгерлигин көрсөтүп, оппозиция болсо күнү-түнү жан талашып иштеп, Ө.Текебаевди кулатуунун аракетин кылды. Ал эми коалиция болсо Ө.Текебаевди өткөрүүнүн аракетин кылган жок. Ошону менен спикерликке Ө.Текебаев өтпөсө, башка эч бир талапкерди эч бирөө өткөрө албайт. “Ата Журт” өзүнүн талапкерлигин өткөрө албайт, “Ар-намыс” да өткөрө албайт, эч ким өткөрө албайт.

“Азаттык”: Казат Акматовдун сөзүнөн кийин “Жогорку Кенеш спикер шайлай албайт, бул чакырылыштагы депутаттар тарайт” деген ой пайда болду. Равшан мырза, сиз коалициянын мүчөсү катары Ө.Текебаевди спикерликке өткөрүүгө эмнеге аракет көргөн жоксуз?



Калк айтса да калп айтпайт

“Азаттык”: Төрөкан мырза, элеттиктер өздөрү шайлаган депутаттардын кечээ күнкү жүрүм турумун, алардын кабыл алган чечимин кандай баалашты?

Төрөкан Алимов: Бүгүнкү күндө шайланып келген депутаттардын көпчүлүгү элге таанымал, кызмат кылып, эл менен чогуу иштешип, алар кайсы жерде кандай иш аткаргандыгын, же аткара албагандыгы менен маалым.

Бизге А.Атамбаевдин, Ф.Куловдун, Ө.Текебаевдин, Ө.Бабановдун, менин жердешим К.Ташиевдин ж.б. депутаттардын ким экендиги жана булар өзү үчүн кандай иштерди жүргүзгөндүгү, курган курулуштарына чейин маалым. Ошондуктан булар өздөрүнүн ички амбициясынан аттап өтүп, жалпы кыргыз элин сыйлап-урматтай албаса, чечкиндүү коалицияга келе албай турган болсо, анда мындай жеп-ичүүчүлүккө, массалык экономикалык кылмыштуулукка жол берген жолдоштордун бардыгынан эл баш тартууну каалап турат.

10-октябрдагы шайлоо.
Себеби бул жолдоштор кыргыз элинин камын, келечегин ойлосо, ошол жерде отуруп ар түрдүү интригага жол берип, өзүнүн маданий, саясий этикалык аң-сезиминин төмөн экенин көрсөтпөстөн, коалицияга келип ишке кириши керек. Эгерде чындап элди ойлой турган болсо, адегенде коңшулар менен мамиле кылууну жакшыртуунун үстүндө көбүрөк иш жүргүзсө жакшы болмок.

“Азаттык”: Төрөкан мырза, элеттиктер кимди шайлаганын ичинен көрүп турушат деп айтып атасыз. Сиз атаган азаматтардын бардыгынын эмгегин да, кемчиликтерин да шайлоочулар жакшы билет экен. Мына ошолордун арасында сиз айткандай өз кара жанынын камын ойлоп, жеп-ичкен амбициялуу, экономикалык кылмышкерлер үчүн добуш берип, эмнеге чоң ишеним арттыңар?

Төрөкан Алимов: Элдин шайлагандыгынын себеби, биринчиден, булар акча менен сатып алды. Мен бул жерде көпчүлүгү менен сүйлөшүп чыктым, көпчүлүгүнө акча берген жана ошондой эле абройлуу адамдарды ортого салып, шайлоо жүргүзүшкөн.

Ошондой эле куру убадаларды көп беришкен. Мына Ө.Бабанов кредит берем деди эле, бул кредит берилбейт, булар бул кейпинде элге берген убадасын аткара албайт, коалицияга келе албаса кантип элди башкарат, кантип элге берген убадасын чече алат деген нааразылыктар күн өткөн сайын өсүүдө.

“Азаттык”: Темир мырза, сиз сөзүңүздө эми президент экинчи фракцияга коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн берет деп айтып кеттиңиз. Экинчи фракция парламенттин ишин алдыга жылдырып кетет, өкмөттү курайт деп сиз канчалык ишенесиз?



Эл күтүп турат

“Азаттык”: Темир мырза, өзүңүз кечээ күнкү регламент, жыйын жөнүндө сөз кылып калдыңыз. Кечээ регламентти талкуулоодогу айрым депутаттардын төрага менен айтышып, ага сөөмөй кезегенин, кыйкырык менен коштолгон талаш-тартышты сиз ачыктык, же парламенттеги атаандаштык катары баалайсызбы?

Темир Сариев: Бул талаш-тартыш, катуу сөздөр, кээде мушташып, жакалашуу бардык эле парламенттик иштерде боло берет. Муну биз түшүнүшүбүз керек. Көп мамлекеттерде бул нерсе бар. Ал эми ар бир партиянын өз алдына койгон максаты бар. Бул тактикалык талаш болуп турат. Билип атасыңар да, бүгүнкү коалиция эртеңки президенттик шайлоону аңдып турат. Кимиси келип күч топтосо ошол көбүрөк мүмкүнчүлүк алат. Анткени биздин бүгүнкү талашыбыз эртеңки президенттик шайлоо, муну дагы эстен чыгарбаш керек.

“Азаттык”: Равшан мырза, өлкөнүн президенти Роза Отунбаева коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн экинчи фракцияга берет деп айтылып атат. Буга чейин президент өзү экинчи мүмкүнчүлүк “Ата Мекен” партиясына берилерин айткан, эгерде бул мүмкүнчүлүк сиздерге берилсе коалицияны түзүп кетүүгө канчалык кудуретиңер жетет?
Спикерликке Ө.Текебаев өтпөсө, башка эч бир талапкерди эч бирөө өткөрө албайт. “Ата Журт” өзүнүн талапкерлигин өткөрө албайт, “Ар-намыс” да өткөрө албайт, эч ким өткөрө албайт.


Равшан Жээнбеков: Чынында эле президент айым бир топ жолу экинчи мүмкүнчүлүк “Ата Мекен” партиясына берилерин айткан. Биринчи күнү эгерде президент айым чечим кабыл алып, биздин партияга бере турган болсо, анда биздин фракция колубуздан келишинче жаңы коалиция түзгөнгө аракет жасайбыз. Азыр чынында эле ар бир күн, ар бир жума биздин мамлекетибиз үчүн аябай эле маанилүү. Керек болсо кандайдыр бир деңгээлде биздин фракциябыздын кызыкчылыгына каршы келсе да, биз ошол фракциянын атынан коалиция, өкмөт түзүп, азыр өлкөдөгү стабилдүүлүккө алып келгенге мүмкүн болушунча бардык аракетибизди жасайбыз.

“Азаттык”: Эгерде сиздерге коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү берилсе, кимдер менен шериктеш болосуздар, кимдерди катарыңыздарга тартасыздар?

Равшан Жээнбеков: Менин оюмча, бүгүнкү күндө абалыбыздын кыйындыгынан бизге бардык фракциялар менен иштешүүгө туура келет. Экинчиден, ал фракциялардын бардыгы биздин электораттын добушун алып келгенден кийин саясий мунасага барып, тил табышууга туура келет. Азыр "тиги, же бул партия менен" деп айтуу кыйын. Бирок ар кандай варианттардын баарын карап көрүп, коомдун, элдин кызыкчылыгына жооп берген коалицияны түзгөнгө аракет жасайбыз.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG