Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Кол жетпеген коалиция


“Республика” фракциясы 6-декабрдан бери коалиция түзүүнүн үстүндө аракеттенүүдө. Бул арада КСДП фракциясы Алмазбек Атамбаев сөзсүз өкмөт башчы болуш керек деген талапты койбосун айтып чыкты. “Ар-намыс” фракциясы өз талабынан баш тартпай келатат.


КСДП дымагын тарттыбы?

Социал-демократтар фракциясы “Республика” фракциясы менен 10-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин тез эле тил табышкан. КСДПга коалиция түзүү вазийпасы жүктөлгөндөн кийин Атамбаев алгачкы сүйлөшүүсүн "Республика" менен баштап, аны менен келишимге жетишкен.

Бирок кийин КСДП түзүүгө аракеттенген коалициянын кыйроосуна
“Республика” себепкер болгонуна карабай эки фракциянын ортосунда мамиле үзүлгөн эмес. Эми мына социал-демократтар “Республика” түзүүгө умтулуп жаткан коалицияны колдоого даяр.

Даярдыктан белгиси катары социал-демократтар өз лидери Алмазбек Атамбаев сөзсүз өкмөт башчы болуш керек деген талапты катуу койбой калышты. Бул маалыматты фракция мүчөсү Чыныбай Турсунбеков тастыктады:

- Структуралар, иштөө принциптери, кадрларды тандоо боюнча тил табыша алсак, кимдин премьер-министр боло турганы маанилүү эмес.

"Ар-намыс" Куловду гана өкмөт башында көрүүдө


“Ар-намыс” фракциясы болсо өкмөт башчылыктан баш тарта элек. Фракциянын лидери Феликс Кулов алардын экономикалык программасы эле эмес, ал программаны турмушка ашыруунун жолдорун көрсөткөн планы да даяр экенин, ошондуктан аларга өкмөт башчылык керектигин жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирип чыкты.

“Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу бул маалыматты тастыктады:

- Албетте биз биринчи коалиция түзүлгөндө айтканбыз, азыр да айтып жатабыз “Ар-намыстын” жетекчиси Феликс Кулов өкмөт башчысы болуш керек деп.

Турсунбай Бакир уулу коалиция боюнча сүйлөшүүлөр кийинки апта ичи уланып, андан кийин кандайдыр бир натыйжа болуш мүмкүндүгүн кошумчалады.

“Республика” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиевдин маалымдоосуна караганда, коалицияны түзүү боюнча тынымсыз иштер жүрүп жатат. 8-декабрда Өмүрбек Бабанов фракциялардын лидерлери менен жолугушту. 9-декабрда фракциялардын жумушчу топтору ишти улантышты.

Жумушчу топтор аркылуу позициялар такталгандан кийин коалициянын курамы аныкталарын Досалы Эсеналиев белгиледи:

- Азыр негизинен биригүүнүн шарттары жана позициялары талкууланып, ошолордун үстүнөн биргелешкен иштер жүрүп жатат. Бул иштер бул мөөнөттө бүтүш керек деп чек коюлган жок. Ал иштер бүткөндөн кийин коалицияга ким, кандай шартта кирерин талкуулай баштайбыз.

Айрым маалыматтарга караганда, келечектеги коалициянын контурлары аныкталып калды. Андан сырткары фракциялар ичинде келечектеги коалиция төрт фракциядан туруш керек, анткени үч фракциядан түзүлгөн коалиция натыйжалуу болбой калышы далилденди деген пикир үстөмдүк кылууда.

Бирок ошол эле мезгилде бийликтеги эң маанилүү жана таасирлүү кызмат
орундар боюнча фракция жетекчилеринде бир пикир жок.

Өкмөт башчылыкты КСДП менен “Ар-намыстын” лидерлери көздөп турат. Төрагалыкты алууга “Ата Мекен” жана “Ата Журт” партиялары каршы эместиги маалым. “Ата Журттун” төрагалыктан башка маселелер боюнча да өздөрүнүн талаптары, пикирлери бар. Алар боюнча орток пикир табыла электигин “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев билдирген.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Ташболот Балтабаев аларга “Республика” тарабынан эч кандай сунуш түшө электигин ачыктап, төрт фракциядан коалиция куралса, анда “Ата Мекен” оппозицияда болуп калышы мүмкүн экендигин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG