Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Коалиция ыдырайбы?


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев парламент төрагасы Ахматбек Келдибеков менен.
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев парламент төрагасы Ахматбек Келдибеков менен.

Президенттик шайлоонун алдындагы саясий оюндар башкаруучу коалициянын ыдырашына алып келиши мүмкүндүгү айтылууда.

2-марттагы жарандык форумда “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков буга жетиштүү себептер бар экендигин белгиледи. Анткен менен башкаруучу коалицияга кирген фракция өкүлдөрү мындай баа берүүгө негиз жок деп эсептешет.

Жарандык форум 2-март күнү "Жарандык коом коррупцияга каршы" укук коргоо борбору тарабынан уюштурулду. Ага студенттер, эксперттер, бейөкмөт уюмдардын жана башка коомчулук өкүлдөрү катышты.

"Жарандык коом коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова жарандык форумду чакырууга кандай негиздер себеп болгондугуна токтолду:

- Кийинки учурда коомчулукта парламенттеги башкаруучу коалиция таркап, өлкөдөгү саясий абал курчуйт экен деген сыяктуу ар түрдүү имиштер көбөйүп жатат. Мына ошондуктан андай сөздөрдүн чыгышына кандай себептер негиз болуп жаткандыгын билүү максатында жарандык форумду уюштурдук. Анда коомчулук кызыккан курч суроолорго биздин парламенттерийлер жооп беришти. Мындай жолугушуулар коомчулук үчүн чыныгы абалды так билүүгө шарт түзөт деген ойдобуз. Саясий күрөштөр көчөдө же аянттарда күч колдонуу менен эмес, мына ушундай шартта өз ара пикир алмашуу жана түшүнүшүү аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.

Расмий эмес “ыйкы-тыйкылык”

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков парламенттеги башкаруучу коалициянын ыдырашынын негизги өбөлгөлөрүнө токтолду. Буга ал башкаруучу коалициянын ичиндеги ыйкы-тыйкынын күчөшүн шарттаган бирдиктүү саясаттын жана өз ара ишенимдин жоктугун мисал келтирди.

Равшан Жээнбеков коалициялык саясатты иштеп чыгууда ага кирген үч фракциянын кызыкчылыктары үч башка деген ойдо:

- Башкаруучу коалциянын ичинде аябагандай чоң карама-каршылыктар бар. Жогорку Кеңешке өкмөт мыйзам долбоорун сунуштай турган болсо, ал өздөрүнүн ичинен эле жетиштүү колдоо таба албайт. Алар өз алдыларынча иштеп жатышкандай элес калтырат. Биз парламенттеги расмий оппозицияны таң калтырган жагдай башкаруучу коалициянын өзүнүн ичинде эле өздөрүнүн оппозициясы жетиштүү экен. Алар ушул кезге чейин өздөрүнүн бирдиктүү багыттарын жана принциптерин чогуу отуруп иштеп чыгыша элек.

Ажырымга “аштык” жокпу?

Бирок мындай алдын-ала баа берүүлөр менен парламенттеги башкаруучу коалициянын мүөлөрү макул эмес. Алардын айтымында, учурда башкаруучу коалициянын ыдырашына алып келе тургандай абал түзүлө элек.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков башкаруучу коалициянын ичиндеги айрым талаш-тартыштар анын жалпы бирдиктүү саясаттына таасирин тийгизбейт деп эсептейт:

- Кайра, тескерисинче, бизде өз ара түшүнүшүү жана ишеним улам убакыт өткөн сайын тереңдеп, улам көбүрөөк жакын болуп калдык десек болот. Албетте айрым жагдайлар боюнча маселелер жок эмес. Аны учурунда чечип жатабыз. Бул эми өзү боло турган нерсе. Бирок ошону жалпы коалициянын ынтымагына шек келтире турган фактор катары кароого болбойт. Аны ыдырап таркап кетет деген сөз биздин оппоненттердин жөн эле ой-жооруулары.

Кечээги достук, эртеңки эрегиш

Мындан сырткары жарандык форумда президенттик шайлоонун алдындагы саясий туруктуулук маселеси талкууга алынды. Айрым коомчулук өкүлдөрү башкаруучу коалициянын ичинен чыга турган президенттикке талапкерлер ортосундагы ресурстар үчүн болгон күрөштүн саясий кырдаалга таасир этиши мүмкүн экендигин жокко чыгарышпайт.

Медиа эксперт Улукбек Бабакулов фракциялардын башкаруу тутумдарын бөлүштүрүп алышын мына ошондой жагдайлар менен байланыштырды:

- "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деген сөз бар. Мына ошондуктан бекер жерден эле мындай негизсиз мүнөздөмөлөр берилбейт. Коалициянын ыдырашы ал түзүлүп, мамлекеттик мүлктү жана башкаруунун бөлүштүрө башташкан күнү эле байкалган. Анткени алдыда президенттик шайлоо турат. Ага өз алдыларынча ат салышкысы келген саясий күчтөр башкаруучу коалициянын ичинде болсо толтура.

Буга чейин башкаруучу коалицияга кирген “Ата Журт” фракциясы президенттик шайлоодо өз ичинен талапкер көрсөтө тургандыгын жарыялаган болчу. “Республика” жана Социал-демократтар фракциялары расмий билдиришпегени менен шайлоого бирдиктүү талапкер менен чыгууга даярданып жаткандыгы айтылып келет. Мындай шартта башкаруучу коалициянын ичиндеги күчтөрдүн өз ара атаандаш катары чыгаары күтүлөт.

XS
SM
MD
LG