Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:36

Эки министр кетти, коалиция аманбы?


Мурдаг финансы министри Чоробек Имашев
Мурдаг финансы министри Чоробек Имашев

Түзүлгөнүнө эки ай болбой жатып, коалициялык өкмөттүн эки министри кызматынан кетти.

Алардын кызматтан кетүүсүнүн себеби жана коалициялык өкмөт канчалык бекемдиги коомчулукта суроолорду пайда кылууда.

Министрлер кетти, коалиция кыйшайбады

Эки министрдин кызматтан кетүүсү башкаруучу коалициянын ичинде ыйкы-тыйкы болуп жатат дегенди билдирбейт. Биринчиден, кызматынан кеткен каржы министри Чоробек Имашев башкаруучу коалицияны түзгөн бир дагы фракция менен тыгыз кызматташта экени байкалган эмес. Формалдуу түрдө ал социал-демократтар фракциясынан дайындалды. Бирок Имашев президент Роза Отунбаевага жакын болуп, ал түзгөн Техникалык өкмөттө каржы министринин милдетин аткарып келген. Кийинчереек Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү түзүлгөндө ордунда калтырылган эле.

Социалдык коргоо министри Дүйшөнали Мамасалиев “Республика” партиясынан. Партиянын жетекчилиги Мамасалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кеткенин билдирүүдө. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча, Мамасалиевдин кызмат ордуна “Республика” кыз-келиндерден коюп, өкмөттөгү гендердик кырдаалды оңдоону көздөп жатат.

Кызматтан кетүүнүн себеби

Каржы министри Чоробек Имашев өзү кызматынан кетүүсүнүн себеби
катары профилдик комитет менен конструктивдүү кызматташа албаганын атады. Каржы министри тыгыз иштеше турган Бюджет жана финансы комитетин оппозициялык “Ар-Намыс” фракциясынын мүчөсү Акылбек Жапаров жетектейт.

Чоробек Имашев 27-январда өкмөт мүчөлөрүнүн кызматка киришүү алдындагы ант берүү аземине келбей калган эле. Мына ошондо эле Имашев кызматынан кетет экен деген сөздөр чыгып, анын себеби катары Имашевдин 26-январда өкмөт жактырган бюджет долбоору менен макул эместиги айтылган. Ал маалыматтарга караганда, Чоробек Имашев бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн жөнсүз көбөйтүлүшүнө нааразы болгон.

Белгилүү болгондой, өкмөт өткөн жылдын соңунда Техникалык өкмөт тарабынан даярдалган бюджет долбоорун парламентке сунуштаган. Анын киреше бөлүгү 61 млрд сом, чыгашасы 79 млрд. сом, тартыштык 18 млрд. сом деп белгиленген.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев мындай бюджетти карап көрөрүн өкмөт башчылыкка шайланган күнү билдирген эле:

- Эми бул сандарга токтолсок анда элибизге жакшылык болбойт деген сөз. Кудай буйруса, иштеп туруп, биз каражаттардын булактарын таап, башкача Кыргызстанды курушубуз керек. Качан, канча көбөйтөбүз? Мен ал үчүн суранат элем, эгерде мени бекитсеңер, мага жок дегенде үч-төрт жума керек. Мына ошондон кийин парламентке келип туруп айтам.

Айткандай эле 26-январда өкмөт жыйынында бюджет жаңы параметрде жактырылды. Анда эми чыгаша 89 млрд. сом, киреше 68 млрд. сом, тартыштык 21 млрд. сом деп белгиленди.

Тартыштык чындыгында андан көп дейт эксперт Аскар Бешимов:

- Тартыштык 30 млрд. сомдон ашпадыбы? 21 млрд. сом бул чыгаша менен
кирешенин айырмасы. мына ошол кирешенин ичинде турбайбы 12 млрд. сом тыштан жардам алынат деп.

Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2010-жылы канча акча, кайда жумшалганын тактоо зарылдыгын белгилеп, быйылкы жылкы бюджеттин чыгашалары опсуз көбөйгөнүн кескин сынга алып келатат.

Имашевдин ордуна Кожошев...

Чоробек Имашевдин ордуна каржы министринин милдетин аткаруучу болуп Арзыбек Кожошев дайындалды. Эми ал жогорудагы параметрдеги бюджетти Жогорку Кеңеште коргойт. Кожошев бир нече жылдан бери каржы министринин орун басары болуп келатат. Шайлоо мезгилинде КСДП жана “Ата-Журт” партиялары менен жакын болгону тууралуу маалыматтар бар.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келидбеков 31-январда журналисттер менен жолугушууда министрлердин кызматтан кетүүсүнө парламенттин комитеттери менен тил табыша албай калганы себеп болгону тууралуу маалыматты төгүндөдү. Ошону менен башкаруучу коалиция эки министрдин кызматтан кетүүсү коалицияга эч кандай таасир этпесин билдиргендей болду.

Бул арада парламенттин бюджет жана финансы комитети 9-февралда быйылкы жылдын бюджети боюнча ачык парламенттик угууларды өткөрүүнү көздөп жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG