Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Коалиция азырынча тарабайт


Парламенттин алгачкы сессиясы башталган күнү 7-апрелде окко учкандардын жакындары нааразылык акциясын өткөрүшкөн. 10-ноябрь, 2010-жыл
Парламенттин алгачкы сессиясы башталган күнү 7-апрелде окко учкандардын жакындары нааразылык акциясын өткөрүшкөн. 10-ноябрь, 2010-жыл

22-мартта “Ата Журт” фракциясы жабык эшик артында коалициянын тагдырын талкуулап, коалициядан чыкпай турууну чечти. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев болсо “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге кат жолдоду.

"Ата Журттун" он пункттан турган талабы

Кыргызстандын өкмөтүн түзгөн коалиция кыл учунда турганын 10-мартта “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев билдирген. 11-мартта коалицияны түзгөн үч фракциянын биргелешкен жыйыны чакырылып, анда коалицияны сактап калуу маселеси талкууланган.
Өлкөнүн келечеги үчүн, ушул учурдагы кыйын абалдан чыгып кетүү үчүн туруктуулук керек.


“Ата Журттун” 19 депутаттан турган тобу өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге он пункттан турган кайрылуу жолдоп, ал талаптарды аткарууга 22-мартка чейин мөөнөт коюшкан эле. Ал талаптар кадр саясаты, коалициялык макулдашууну ачык жарыялоо, кеңири коалиция түзүү, коалициянын кеңешин түзүү, стратегиялык маселелерди ошол кеңеште чечүү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрин шайлоону төрт айдын ичинде өткөрүү, президенттик шайлоого катыша турган болсо өкмөт башчынын кызматынан кетүүсүн аныктоого байланыштуу эле.

Алмазбек Атамбаев 22-мартта Камчыбек Ташиевге кат жазып, анда “Ата Журт” фракциясынын депутаттарынын тобунун кайрылуусу Коалициялык кеңеште каралаарын билдирген. Ошондой эле “Ата Журттун” он пункттан турган кайрылуусундагы Конституция жана мыйзамдарга каршы келген учурлар бар экени көрсөтүлгөн.

Коалиция маселеси ачык бойдон калды

22-мартта түштөн кийин “Ата Журт” фракциясынын мүчөлөрү коалициянын тагдырына байланыштуу маселени жабык эшик артында талкуулашты.

Фракция мүчөсү Азамат Арапбаев фракциянын жыйынында коалициядан чыгуу маселеси талкууланбаганын билдирди:

- Коалицияга байланыштуу маселе каралган жок. Кийинкиге калтырылды. Ошол талаптардын аткарылышын күткөнгө мөөнөт берилди.

Азамат Арапбаев талаптарды аткаруунун так мөөнөтү аныктала электигин кошумчалады.

“Ата Журт” фракциясынын жетекчилигинин билдирүүсүнө караганда, жакында түзүлгөн Коалициялык кеңештин курамына “Ата Журттан” үч депутат сунушталат. Бирок коалициядан чыгуу маселеси күн тартибинде кала берет жана ал дагы талкууланат.

Туруктуулук үчүн...бү?

Социал-демократиялык фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков “Ата Журт” фракциясы койгон талаптардын Конституция жана мыйзамдарга каршы келбеген бөлүктөрү аткарылып жаткандыгын белгилеп, КСДПнын позициясы туруктуулукту сактоо экенин кошумчалады:

- Биздин фракциянын позициясы туруктуу. Биз башынан баштап эле ушул позициябызды кармап келатабыз. Биз ойлойбуз, өлкөнүн келечеги үчүн, ушул учурдагы кыйын абалдан чыгып кетүү үчүн туруктуулук керек. Туруктуулук үчүн коалиция иштеш керек деген принципте туруп атабыз.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков “Ата Журт” фракциясынын чечимине карата мындай пикирин айтты:

- Улам маселени ачык коюп, созо бергени ортодо баары бир чечилбеген маселе бар экенин көрсөтөт. Анткени көп маселелер коюлду. Кээ бирин чечсе болот, кээ бирлерин чечүү кыйын. Ошондуктан улам созуп, анан мүмкүн биз билбеген өздөрүнүн ички маселелери болушу мүмкүн. Кадрдык маселелер мүмкүн.

Жээнбеков маселени көтөрүп, бирок аны чечүүнү улам которуу “Ата Журт” фракциясынын аброюна доо кетириши мүмкүндүгүн, эл ичинде булар соодалашып тим калууда деген айыңдарды жаратышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG