Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

Атамбаевге он талап


өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков менен.
өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков менен.

Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясы коалициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү талабы менен өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге кат жолдоду.

Анда он талап коюлган, анын ичинде кадр саясаты, президенттик шайлоо, мэрлерди шайлоо, коалициялык кеңейтилген өкмөт түзүү өңдүү орчундуу маселелер камтылган. Коалицияга кирген башка фракциялардын айрым мүчөлөрү мунун артында башка кызыкчылыктар бар деп билдирүүдө.

“Ата-Журт” фракциясы премьер-министр Алмазбек Атамбаевге 7-апрелде, июнь окуясында жабыр тарткандардын маселелерин чечүү, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү, дайынсыз жоголгондордун ДНК-анализин аныктоону тездетүү талаптарын билдирген. Ошондой эле кадр саясатын иш тажрыйбасына, профессионалдуулугуна карата объективдүү жүргүзүп, регионалдык, улуттук, гендердик өзгөчөлүгү менен эсептешип, жогорку окуу жайларда реформа жүргүзүү сунушу айтылган.

"Чөнтөктөгү" келишим

Мындан сырткары коалициялык макулдашууну жана андагы өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду ачык жарыялоо, кеңейтилген коалициялык өкмөт түзүп, өлкөдөгү коомдук-саясий абалга таасирин тийгизген күчтөрдүн өкүлдөрүн киргизүү талабы белгиленген.

Фракция мүчөсү, депутат Нарынбек Молдобаевдин айтымында, азыркы коалициялык келишим ачык, айкын коомчулукка көрсөтүлгөн эмес. Молдобаев демилгечи топко кирген беш депутаттын бири. Ал мындай талаптардын коюлушун коалицияны бекем, таратпай сактап калуу аракети катары белгилейт.

- Чынын айтканда бул лидердин эле талабы. Бирок көбүбүздүн оюбуз ушундай эле. Мурдагы Коалициялык келишимди ачык деле көрсөтпөй, чөнтөктөрүнө салып алышкан да. Эгер ошону ачык-айкын элге жеткирсе жакшы болот эле. Дагы бир талаптарды карап көрсөңөр, бир топ эле партиялар шайлоого катышып, парламентке өтпөй калбадыбы. Ошолорду дагы өкмөттүн курамына киргизсек деген ойлорубуз бар эле. Мисалы Сариев, Мадумаров, Өмүракунов, Жекшенкулов. Булардын бардыгы эле азыр Кыргызстандын тынчтыгын козгоп атпайбы. “Ата-Мекенди” айта албайм, “Ар-Намыс” фракциясынын жетекчилери да өкмөткө барат деген талаптарыбыз деле бар.

“Ата-Журт” фракциясынын талаптарына ылайык, эгер премьер-министр президенттик шайлоого катыша турган болсо, шайлоо жарыялангандан кийин 10 күндүн ичинде өз ыйгарым укуктарын алып ташташы керек. Азыркы коалициялык келишимде Атамбаев президенттикке талапкерлигин койсо, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов автоматтык түрдө анын ордуна отурмак. Молдобаев өкмөт башчылыкка келе турган адам жалпы парламенттин колдоосун алышы керек деп эсептейт.

- Азыр ошону кайра иштеп чыксак, кийинки премьер-министрликке барган адам ачык же жабык добуш менен жалпы парламенттин колдоосун алмайынча өкмөт башчылыкка барбайт деген сөз.

Ким оюндан жыдыды?

Коалицияга кирген башка фракциялардын айрым мүчөлөрү мунун артында башка кызыкчылыктар бар деп билдирүүдө. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков убагында “Ата-Журт” башка партияларды киргизип, кеңейтилген коалиция түзүүгө каршы чыкканын белгилөөдө. Турсунбеков жакында эле болгон коалициянын жыйынында бул маселелер көтөрүлбөгөнүн эскерет:

- Биз башында эле кеңейтилген коалицияга макул болгонбуз. Дал ошол “Ата-Журт” партиясынын талабы менен төртүнчү партия кире турган жолду, эшикти жапканбыз. Муну ачык айтып коюшум керек. Экинчиден, биз Конституциянын негизинде, ошонун эрежелерине ылайык ойношубуз керек. Парламентке өтпөй калган тигил же бул партиялар кийинки шайлоого даярданыш керек. Ал эми бүгүнкү Жогорку Кеңештеги беш фракцияда деле коомду иштеткенге ылайыктуу азамат, айымдар жетиштүү. Анын баары ойдон чыгарылган, жасалма шыктоолор деп эсептейм.

Турсунбековдун айтымында, бул маселелелер фракция жыйынында да кеңири талкууланат. Ошондо абал кайсы тарабына өзгөрөрү анык болот.

Ал эми өзүн оппозиция деп жарыялаган “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү, депутат Жоомарт Сапарабев “Ата-Журттун” айрым талаптарын колдойт. Бирок кеңейтилген коалициялык өкмөт түзүү демилгеси ишке ашар-ашпасынан күмөн саноодо.

- Коалициялык өкмөттү кеңейтүү боюнча азыр айтуу эрте. Ар кандай имиштер жүрүп атат. Кыргызстанда алдын ала айтып, серептөөгө мүмкүн эмес. Коалиция тарайбы, тарабайбы жакында билинет.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов өкмөт башчынын бул каттан кабары бар экенин белгиледи. Анын айтымында, премьер-министр жакын арада фракциянын демилгечи тобу менен жолугушат.

- Мен Атамбаев бул кат менен таанышканын билем. Бирок ал кайрылуунун демилгечилери менен сүйлөшүүсү керек. Андан кийин кеңешүүлөр болот. Кадр саясаты дайыма оор болгон. Менимче, бул боюнча да кеңешет го.

Өткөн аптада тарайт-тарабайт деген сөздөрдөн кийин коалиция өзүнүн жыйынын өткөргөн.

“Республикачы” Канат Исаев менен Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков маалымат жыйында коалиция таркабай турганын жарыялашкан. Ошентсе да “Ата-Журт” партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясынын өкүлдөрү абал башкачараак экенин айтышкан болчу. Алар фракция жыйынына чогулуп, 22-мартка чейин талаптары аткарылбаса башкаруучу коалициядан чыгышарын жарыялашкан.

15-мартта болсо Кыргызстан президенти Роза Отунбаева коалиция ыдырап кетсе, арты кесепеттүү болот деп эскерткен эле. Сырттан көз салган жергиликтүү эксперттер бул коалиция бир идеология менен түзүлбөгөнүн белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG