Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Мурдагы отун-кубат министри Сапарбек Балкыбеков Ирландияда кармалды


Сапарбек Балкыбеков (оңдо) ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудинов менен, 2008-жыл.
Сапарбек Балкыбеков (оңдо) ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудинов менен, 2008-жыл.

Кызматтык кылмыш иштери боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн Кыргызстандын мурдагы энергетика министри Ирландиянын Дублин шаарында колго түштү

Ага Башкы прокуратура тарабынан экономикалык мыйзам бузууларга байланыштуу эки кылмыш ишин козголуп, Интерпол аркылуу издөө салынган эле. Азыркы мезгилде Башкы прокуратура Балкыбековду Кыргызстанга экстрадициялоонун үстүнөн иш жүргүзүүдө.

Балкыбеков ким болгон?


Ирландиянын борбору Дублинде кармалган Сапарбек Балкыбеков “сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” коррупцияга байланыштуу айыпталган каармандардан.

Кыргыз коомчулугунда Балкыбековдун ысмы Максимдин да, Айдардын да “тилин” тапкан “легендарлуу” Ширшов, андан кийин пайда болгон Евгений Гуревичтер менен катарлаш турат.

Киевдеги политехникалык институтту аяктаган Сапарбек Балкыбеков биринчи президент Аскар Акаевдин учурунда өкмөттүн аппаратында отун-кубат бөлүмүн жетектеген.

Токтогул суу сактагычында суунун кескин азайышы Балкыбековду министрликтен четтеткен.
Курманбек Бакиевдин учурунда, алгач “Улуттук электр станциялар” акционердик коомун жетектеп, андан кийин 2007-жылы энергетика министри кызматына дайындалган.

Бирок Токтогул суу сактагычында суунун кескин азайышынан пайда болгон энергетика тармагындагы катаал кризис, масштабдуу коррупция, 42% чейин жеткен жоготууларга байланыштуу президент Курманбек Бакиев 2009-жылдын соңунда Сапарбек Балкыбековду кызматынан бошотууга аргасыз болгон.

Бирок саналуу күндөрдөн кийин Балкыбеков министр болгонго чейинки “уясына кайрадан кондурулуп”, “Электр станциялар” акционердик коомунун жетекчилигине дайындалган.

“Электр станциялар” ишканасын жетектеп калган Балкыбеков бул ишкананы ал кезде атагы таш жарып турган MGN group компаниясынын башчысы Евгений Гуревичтин көмөгү менен жетектемек болгон.

Анткени Гуревич ошол мезгилде “Электр станциялар” акционердик коомунун директорлор кеңешине мүчө болуп кирген эле.

Бирок 2010-жылы 7-апрель ыңкылабы жүз берип, Сапарбек Балкыбеков Кыргызстандан чыга качкан адамдардын тобунун катарында болгон эле.

Башкы прокуратура эки кылмыш ишин козгогон

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Сапарбек Балкыбековго каршы эки кылмыш ишин козгоп, анын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук соту Балкыбековду камакка алуу чечимин чыгарган.

Биринчи кылмыш боюнча Балкыбеков “Электр станциялар” ишканасынын жетекчиси катары мамлекетке зыян келтирген деп айыпталган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, “Электр станциялар” АКсы 2006-жылы 15-февралда СТК аттуу жоопкерчилиги чектелген коом менен көмүр сатып алуу боюнча тендерсиз келишим түзгөн. Ага энергокомпания 15 млн. сом которгон. Бирок акчаны алган СТК көмүр алып келген эмес.

2010-жылы 19-январда Балкыбеков жетектеген “Электр станциялар” АКсы ВИК аттуу компанияга 571 миң 234 доллар которуп, 267 миң долларга гана көмүр алган. Мамлекетке 303 миң доллардан ашуун зыян келтирилген.
Мелис Турганбаев

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Сапарбек Балкыбековго байланыштуу бардык материалдарды министрлик Башкы прокуратурага өткөрүп берди.

Эми Башкы прокуратура Балкыбековду Кыргызстанга экстрадициялоого негиз бере турган документтерди даярдап, жиберүүгө тийиш.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Санжар Абжалов Балкыбековду Кыргызстанга алып келүү жана тийиштүү документтерди жиберүү маселеси чечилип жатканын билдирди:

- Качан Кыргызстанга алып келинет, документтер качан жиберилет деген маселелер азыркы кезде чечилип жатат.

Эксперт, генерал Аалыбай Кайыпов эгерде документтер жетиштүү, так болсо, анда Интерпол Балкыбековду Кыргызстанга кайтарууга жардамын берет дейт:

Аалыбай Кайыпов
- Материалдар толук бардыбы, барбадыбы ушуга жараша болот. Себеби кээде алар кармайт, анан тиги жок, бу жок деп калышы мүмкүн. Ошон үчүн мынча күн күтөбүз деши мүмкүн. Эгерде бардык маалыматтар толук барып, биз тараптын сунушу менен кармалган болсо, анда албетте экстрадициялоого бизге жардам берет.


Апрель ыңкылабынан кийин Интерполдун линиясы боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын уулдары Максим, Марат Бакиевдерге, жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген Нурлан Темирбаев, Курманбек Темирбаев, Мурат Суталинов жана башкаларга издөө салынган.

Бирок Интерпол Курманбек Бакиев, анын балдары, Данияр Үсөнов, Мурат Суталиновдун иши саясатка байланыштуу экен деп, аларды издөөдөн баш тарткандыгы айтылат.

Интерполдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө жети кызматкер иштейт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG